Жеңиш Разаков: Үңкүр-Тоо маселесинде түшүнбөстүк абдан көп

Ж.Разаков: Үңкүр-Тоонун юридикалык 'макулдашылган эмес' деген статусу бар. Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Ж.Разаков: Үңкүр-Тоонун юридикалык 'макулдашылган эмес' деген статусу бар.

Би-Би-Си: Былтыр 49 талаштуу участка боюнча жумушчу топ макулдашууга жетти делген, бирок алар кайсы тилкелер экени ачыкталган эмес. Кайсыл талаштуу жерлер жөнүндө сөз болуп жатат?

Ж. Разаков: Мамлекеттик чек аранын бүт узундугу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда 'бир да чакырымга келишимге кол коюлду' деген документ жок. Сүйлөшүүлөр жүрүп атат, сүйлөшүү эле этабы азыр. "Бул тилке боюнча сүйлөшүүлөр болуп атат экен" деген маалымат ММКда чыгып калса, эл, жетекчилик жана берки тарапта да туура эмес түшүнүп, кандайдыр бир өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Сүйлөшүүлөрдө канча жер тилкеси, кайсылар, бул тууралуу маалыматты мыйзам чегинде да айтканга бизге болбойт.

Би-Би-Си: Өзбекстан менен чек ара маселесинде былтыр августта Үңкүр-Тоого байланыштуу кырдаал курчуп кетти эле. Азыркы сүйлөшүүлөрдө Үңкүр-Тоо маселеси көтөрүлүүдөбү? Өзбек тарапка ал жердеги суу ресуртары кызык болуп жатканы айтылды. А кыргыз тарапта ал жерге байланыштуу РРСтен башка кандай экономикалык кызыкчылыктар бар? Эмнеси менен ал тоо анчалык талашка түшүүдө?

Ж. Разаков: Ачыгын айтканда, ушул участок боюнча сүйлөшүулөрдө түшүнбөстүк абдан көп болуп жатат. Жерди бөлуштүргөндө анын юридикалык статусун белгилеген абдан көп процедуралар бар. Протоколду айтып атышат, кайсы бир документти айтып атышат, бирок булардын баары тең ратификация процедурасынан өткөн эмес. Башкача айтканда, ал жер боюнча бүгүнкү күнү маселе ачык, кантип бүтөт, азырынча айта албайм. Себеби, бул кыргыз-өзбек чек арасынын узундугуна байланыштуу нерсе. Үңкүр-Тоонун юридикалык статусун айтсак, 'макулдашылган эмес' деген статусу бар. Ушинтип айтсак кээ бирлерден 'несогласованный деп силер аны берип койдуңар' деген да сөздөрдү угабыз. Бул бүгүнкү күнү чечиле элек дегенди гана түшундүрөт. Биздин позиция: Үңкүр-Тоону өзүбүзгө алганга аракет кылабыз. Бирок чек арабыз чечилбей атат. Эмне үчүн? Себеби, алар дагы өзүнүн кызыкчылыгын талашып жатат, биз дагы толук кандуу өз кызыкчылыгыбызды талашып жатабыз.

Би-Би-Си: Чек аралаш аймактагы Өзбекстан пайдаланып келген Кыргызстандын объектилерин кайтарып алуу боюнча өкмөттүн токтомун аткаруу канчалык деңгээлде ишке ашууда? Майда суу каналдары жана айрым насостук станциялар гана Кыргызстандын карамагына өтүп, объектилердин жарымынан көбү кайтарылбай жатканы айтылып атат?

Ж.Разаков: Азыр адашып кетпейин санынан, бирок бир топ, 20га жакын объектилер, айрыкча Жалал-Абад, Баткен облустарында, биздин карамагыбызга кайтарылган. Баардыгы эле кайтарылган. Насостук станциялар, автобазалар, электр тармагын тейлеген кызматтар кайтарылган... 'Объектилер кайтарылбай жатат' деген бул такталбаган маалымат. Себеби, Өзбекстан тарабынан пайдаланып келген объектилер боюнча биздин өзүбүздүн комиссия бар, булар иштеп атат. Этап-этабы менен алынууда. Бир аз эле объектилер калды, алар боюнча документтер такталып атат, аларды деле алабыз. Эң негизгиси, бүгүн иштетип аткандарды биз алганбыз, бул: насостук станциялар, Баткендеги ӨКМнын ар кандай кампалары, автобаза..бир тобун алдык. Мисалы, Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштагы айылында кайтарылган имаратты биз балдар бакчасына берип атабыз.

Би-Би-Си: Буга чейинки маектериңиздин биринде Тажикстан менен чек араны такташууда өзбек тараптагыдай алдыга жылыш болбой жатканын белгилепсиз? Тажикстан менен чек араларды тактоонун негизги кыйынчылыктары эмнеде?

Ж.Разаков: Тажикстан менен бүгүнкү күнү 519 чакырым жазылып такталды, келишимдер даярдалды. Бирок тажик тарап ушу укуктук негизди тандоо боюнча маселе чыгарууда. Себеби Союз мезгилинде үч жолу ушундай жумуштар болгон экен. Ошол мезгилдеги республикалар арасында жер маселесин тактоо боюнча үч жолу: 1924, 1958 жана1989-жылдары комиссиялар иштеген экен. Азыр берки тарап ушул комиссиялардын бирөөсүнүкүн укуктук негиз кылып алыш керек деген талап коюп атат. Алар коюп жаткан көпчүлүк сунуштар биздин позицияга туура келбей жатат. Ошондуктан биз аны кабыл албай атабыз, маселе ошондо болуп жатат. Алар менен тоолу жерлерди такташуу бүткөн, эми азыр тоолу эмес жерлерге түшүп андан маселе көп болууда. Айрыкча айыл жеринде жер тактоодо орчундуу маселелер бар. Тажик тараптан 1924-жылдагы документтерди негиз кылууну сунуштап атат, бирок бизге ыңгайсыз болууда. Биз ушинтип тура бербей 'бир орток пикирге келели' деп атабыз. Тажик тарап бүгүн болбосо бир күн ушундай пикирге келет го деп атабыз.