United чыр коштогон рейстин баардык жүргүнчүлөрүнүн акчасын кайтарып берет

United Airlines авиакомпаниясынын башкы директору Оскар Муньос Сүрөттүн автордук укугу ABC
Image caption United Airlines авиакомпаниясынын башкы директору Оскар Муньос

Америкалык United Airlines авиакомпаниясы жүргүнчүлөрүнүн саны ашып кеткен 3411 рейсиндеги баардык жургүнчүлөрдүн акчасын кайтарып берүүнү чечти. Бул каттамда жүргүнчүгө күч колдонуп, мажбурлап түшүргөн видео тасма жарыяланган эле. Бул тууралуу компания USA Today маалымат каражатына билдирген.

12-апрель күнү United авиакомпаниясынын башкы директору Оскар Муньос окуя үчүн дагы бир жолу кечирим сурады.

Компания жетекчиси окуя үчүн уялып жаткандыгын айткан. Ал мындан ары United Airlines билети бар жүргүнчүлөргө эч качан күч колдонбойт деп убада берди. Ошондой эле Муньос кызматтан кетүү ою жок экендигин билдирди. Буга чейин интернетте авиакомпания жетекчиилигин кызматтан кетирүу боюнча кол топтоо жүрүп, мындай демилгени 60 000 киши колдогон. Башкы директор United аны мыкты кылуу үчүн жалдаганын билдирди. “Биз бул багытта иштеп жатабыз жана улантабыз”,- деп кошумчалады Муньос.

Жүргүнчүлөрдүн бири тарабынан тартылып алынган 50 секунддук тасманы "Твиттерде" 100 миң жолу бөлүшүшкөн.

Бул тасманы жайгаштырган жүргүнчү Жейз Анспа "Твиттерде":

"United Airlines авиакомпаниясы орундуктардан ашыкча билет сатып жиберип, өз ыктыяры менен башка каттамга түшө турган жүргүнчү издешти. Алардын ордуна компаниянын эрте менен жумушка чыга турган кызматкерлери олтурушу керек экен. Ыктыярчы табылбагандан кийин United өз алдынча чечим кабыл алып, бирөөнү түшүрүп салууну чечкен. Теги азиялык дарыгерди жана жубайын тандап алышты. Дарыгер эрте менен жумушка чыгышы керек экен. Ошондуктан ал орундукту бошотуудан баш тартты",-деген Анспа.

"10 минутадан кийин дарыгер кайра учакка жүгүрүп келди, бети канжалаган абалда экен. Ал "мен үйгө баршым керек" деп кайра-кайра жалбарды",-дейт күбө.

Жүргүнчүнүн бети канжалаганына караганда аны сабаган болушу мүмкүн деп болжонууда.

Башка тартылып алынган тасмада канжалаган киши учакка түшүүгө умтулуп, "Мени өлтүргүлө, жөн эле өлтүрүп салгыла! Мен үйгө барышым керек" деп айтып жатканын көрүүгө болот.

Чикаго штатынын авиатранспорт боюнча департаменти окуяга катышкан коопсуздук кызматкерлеринин бирин жумуштан алган. Ошондой эле бул окуя иликтенип, тиешелүү чара көрүлөрү айтылган.

Жүргүнчүлөрдүн бири Одра Бриджес бул окуя тартылган тасманы "Фейсбук" баракчасына жайгаштырып, аны жүз миңдеген кишилер көргөн. "Фейсбук" колдонуучулар бул окуяны дагы деле активдүү талкуулап жатат.

United Airlines авиакомпаниясынын жетекчиси Оскар Муньос "Твиттердеги" баракчасына: "Бул баарыбыз үчүн абдан кайгылуу окуя болуптур. Бул жүргүнчүлөрдү түшүрүп калууга аргасыз болгонубуз үчүн кечирим сурайм. Биздин команда бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматташып, иликтөө жүрүп жатат. Өз алдынча дагы иликтөө өткөрөбүз. Биз бул жүргүнчү менен байланышып, маселени карап, чечүүгө аракет кылып жатабыз",-деп жазган.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар