Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынындагы башкы маселелер кайсылар?

Президент Алмазбек Атамбаев Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегия төрагасы Тигран Саркисянды кабыл алды Сүрөттүн автордук укугу president.kg
Image caption Президент Алмазбек Атамбаев Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегия төрагасы Тигран Саркисянды кабыл алды

Эртең Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын бейформал жолугушуусу өтөт. Анда экономикалык, эл аралык кызматташтык жана Евразия мейкиндигинде интеграцияны тереӊдетүү маселелери талкууланаары айтылган. Ошондой эле Молдованын уюмга байкоочу мамлекет статусун берүү тууралу кайрылуусун карашат. Серепчилер дүйнөлүк соңку окуяларга байланыштуу ЖКУнун маселелерине көбүрөөк көңүл бурулат деп болжоп жатышат.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны быйыл Кыргызстандын төрагалыгынын алкагында өтмөкчү.

Жыйынга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, ошондой эле Молдова Республикасынын президенттери катышат.

“Күн тартибинде негизинен он маселе каралып, бир топ маанилүү суроолор көтөрүлөт. Бул беш мамлекет үчүн абдан маанилүу суроолор болуп саналат. Мисалы соода, экономика маселелерин алалы. Бизде товарларды экономикалык биримдикке кирген өлкөлөргө эмес, башка мамлекеттерге сатуу жагы да абдан маанилүү”,- дейт экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков.

Сүрөттүн автордук укугу president.kg
Image caption Президент Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын 21-декабрында, Россия Федерациясына жасаган иш сапарынан алкагында Москвада Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин катышуучу-мамлекеттеринин башчыларынын кеңейтилген курамдагы жыйынына катышкан.

Сөз болуп жаткан онго жакын маселенин негизгилери:

- ЕАЭСтеги экономикалык комиссиянын 2015-2016-жылдардагы эл аралык байланыштар боюнча отчету

- Иран өлкөсү менен соода алакасы боюнча макулдашуулардын жыйынтыктары

- Казакстандын ЕАЭБдеги эки өкүлүн тандоо

- 2016-жыл боюнча сырткы аудиттин маалыматын угуу

- Комиссиянын регламентин өзгөртүү

- 2017-2018-жылдарга макроэкономикалык ориентр боюнча маселелери

- ЕАЭБге байкоочу мамлекет катары кирүү нитетин билдирген Молдованын арызы каралаары айтылууда.

Бирок жогоруда саналган маселелердин тизмеси жеткиликтүү болбогондуктан, кайсы маселелер каралып, кандай чечилээри белгисиз болуп жаткандыгы бир топ ыңгайсыздыктарды жаратаарын айткандар да жок эмес.

“Биримдиктин чоң саммити болоорун укканда дароо эле маалымат каражаттарын, президент, өкмөт, экономика министрлигинин расмий сайттарынан маалымат издеп так, толугураак жазылган эч нерсе таба алган жокпуз. Бизди Кыргызстан биримдиктин төрагасы катары кандай маселелерди көтөрүп, кандай сунуштар менен чыгат болду экен деген суроо ойлондурган. Тилекке каршы жооп таба алган жокпуз. Бул биз үчүн бир топ эле жагымсыз. Биримдикке кирген мамлекеттер арасында бир топ олуттуу маселелер чечилбей турат. Кыргызстан өз кызыкчылыгын коргой албай азабын тартып келе жатат”,- дейт Жаш ишкерлер ассоциациясынын координатору Руслан Акматбек

Күн тартибиндеги маселелер буга чейин жалпы жонунан айтылып жаткандыгын жүйө келтриген серепчилер, экономикалык маселелерден да көбүрөөк көңүл коопсуздукка бөлүнөт деп болжоп жатышат.

“Эки маселенин балансы да маанилүү. Антекни коопсуздук болбосо экономикалык долбоорлордун ишке ашышы кыйын. Терроризм, экстремизмге тиешелүу жагдайлар боюнча да кеп болот деп болжойм. Анткени Санкт-Петербургдагы террактын Борбор Азия мамлекеттерине да байланышы айтылган. Мындан сырткары ЖККУга мүчө мамлекеттерге Ооганстан, Сириядагы абал кандай таасир этиши мүмкүн деген маселелер талданат болушу керек. ЖККУ уюм катары канчалык деңгээлде натыйжалуу иштеп жатканы да көңүл сыртында калбайт болуш керек”,- дейт эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул.

ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын бейформал жолугушуусунда уюмду андан ары өнүктүрүү, андан тышкары региондук коопсуздукту камсыз кылуу жагында кызматташтыкты арттыруу маселелери талкууланаары айтылган. Ал жолугушууга Армения, Беларус, Казакстан Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан президенттери катышаары күтүлүүдө.

Кыргыз өкмөтү Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондон бери бир топ өсүштөр болгонун айтканы менен экспортко чыгаруу маселелери бир топ эле аксап жактанын айтып өкмөттү сынга алгандар да жок эмес.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар