Мародерлук боюнча депутаттык комиссияга сындар айтылды

2010-жылдагы талап-тоноо боюнча иштерди иликтеген депутаттык комиссия төрт айдан ашык иштеди
Image caption 2010-жылдагы талап-тоноо боюнча иштерди иликтеген депутаттык комиссия төрт айдан ашык иштеди

Кыргызстанда жети жыл мурда болгон мародерлук, банктык кутуларды талап-тоноо, ошондой эле улутташтырылган объектилерди сатуу фактыларына байланыштуу маселелерди изилдеген депутаттык комиссия ишинин жыйынтыгын угузду. Бул комиссия өткөн жылдын ноябрь айында түзүлүп, анын иши узартылып келген эле.

2010-жылдагы талап-тоноо боюнча иштерди иликтеген депутаттык комиссия төрт айдан ашык иштеди. Бул аралыкта материалдарды чогултууда ИИМ жана Башкы прокуратура тарабынан тоскоолдуктар болгону айтылды.

“Үч айга чейин материалдар менен таанышканга мүмкүнчүлүк беришкен жок. Бирок баары иликтенип, ишибиз, иликтөөбүз максатына жетти. Азыр бул иш жандандырылды. Ички иштер министрлигинен прокуратура алып муну УКМКга берген. УКМКда тергөө жүрүп жатат. Биринчи кармалгандар бар”,-деди Убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы Анвар Артыков.

Сүрөттүн автордук укугу KENESH.KG
Image caption Убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы Анвар Артыков

2010-жылдын апрель окуялары маалындагы мародерлук фактыларына аралашкан деп “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, ушул эле партиянын мурдагы депутаттары Райкан Төлөгөнов, Болот Шер жана Туратбек Мадылбековдун аттары көп убакыттан бери аталып жүрөт. Бирок алар бир дагы далил жоктугун, бул айыптоолор жөн гана саясий атаандаштарынын ойдон чыгарганы деп айтып келишет.

Талап-тоноого аралашкан деп азыр абакта отурган Абдулла Юсупов жогоруда аталган мурдагы жана азыркы депутаттарга каршы көрсөтмө бергенден кийин чырлуу видео тарап, 2012-жылы депутаттык комиссия түзүлгөн. Бирок ошол комиссиянын иши аягына чыкпай жүрүп, өткөн жылдын экинчи жарымында иш кайра жанданган.

Эгемендик күнүндө Ала-Тоо аянтында сүйлөгөн президент Алмазбек Атамбаев Убактылуу өкмөттүн талап-тоноого тиешеси бар мүчөлөрүнүн айыбы акыры ашкере болот деген эле:

“Кыргыздын байлыгын, кыргыздын жерин ким сатканы ачылат! Ачылып башталды. Мародерлук да ачылат. Банк кутуларын тономой да ачылат. Элдин келечегин кимдер сатып жатканы да ачылат”.

Сүрөттүн автордук укугу KENESH.KG
Image caption Материалдарды чогултууда ИИМ жана Башкы прокуратура тарабынан тоскоолдуктар болгону айтылды

Депутаттык комиссиянын иши жыйынтыкталып, ал өз максатына жетти деп айтылганы менен, депутат Дастан Бекешов 2010-жылдагы талап-тоноо боюнча иштер беш же он жылдан кийин кайрадан козголушу мүмкүн деди. Ал эми Наталья Никитенко болсо депутаттык комиссия мурдагы эле маалыматтарды айтып, эч кандай жаңы фактылар жок деген сынын айтты:

“Сиз жыйынтыкты ар кандай кишилердин айтканына таянып жазгансыз. Бул жерде эч кандай факты жок. Талап-тоноо иши боюнча жаңы жагдайлар да жок. Бул иштер боюнча мамлекеттик органдар баары иликтөө жасап, баары кылмыш ишин козгогон жок. Анткени факты жок”.

Кыргызстандын коопсуздук кызматы 28-мартта Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Райкан Төлөгөновду камакка алып, аны 2010-жылдын апрель окуяларындагы мародерлук иштерге аралашкан деп айыптаган эле. Бирок анын камалышын бийликтин кысымы деп баалашууда.

Төлөгөновдон башка дагы анын уулу ушул эле айып менен абакта кармалууда. Мурдагы депутат, “Атамекенчи” Туратбек Мадылбековдун уулу да абакта отурат. Депутаттар талап-тоноо боюнча саналуу эле кишилер камалып, бул иштин азыркыга чейин аягына чыкпай жатканын сындап келишүүдө.

Жети жыл мурда апрель айында ошол кездеги президент Курманбек Бакиев жана анын жакындары өлкөдөн чыгып кеткенден кийин алардын Жалал-Абаддагы, Бишкектеги үйлөрү талап-тонолгон. Кийин аларга тиешелүү айрым мүлктөр улутташтырылып, элге билинбегендери башкалардын колуна өтүп кетти деген сөздөр да айтылган. Бул окуя болгон күндөрү борбор калаадагы дүкөндөр, кеңселер, баалуу буюмдар сатылган жайлар тонолуп, ишкерлер 350-450 млн. сомдун тегерегинде зыян тартты деген бейрасмий маалыматтар да айтылып жүрөт.