Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны башталды

Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны башталды Сүрөттүн автордук укугу offical

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин Бишкектеги жыйыны башталууда. Кеңешке мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын баары Бишкекке келди.

Орусия Президенти Владимир Путин, Армения Президенти Серж Саргсян жана Беларусиянын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаевдин жеке жолугушууларынан кийин кеңейтилген жыйын өтөт.

Анда эл аралык кызматташтык жана Евразия мейкиндигинде интеграцияны тереӊдетүү маселелери талкууланаары белгилүү болгон. Молдовага байкоочу мамлекет статусун берүү тууралу маселе дагы каралат.

Кечээ күнү Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Молдова Президенти Игорь Додон менен жолугушкан. Кеңейтилген жыйынга Молдова Президенти дагы катышат.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешине быйыл Кыргызстан төрагалык кылууда.

Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынан кийин Жамааттык коопсуздук уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчылары бейформал жолугушууга чогулат. Анда уюмду мындан ары өнүктүрүү жана тышкары региондук коопсуздукту камсыз кылуу жаатында кызматташтыкты арттыруу маселелери талкууланаары айтылган. ЖККУ жыйынына тажик Президенти Эмомали Рахмон дагы катышаары күтүлүүдө.