Жарандар өкмөткө эмне маселе менен көп кайрылат?

Жарандар өкмөткө эмне маселе менен көп кайрылат?

Жыл башынан бери эле өкмөткө Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан жалпы 1500дөн ашуун кайрылуулар келип түштү. Дача СУдагы учак кырсыгы, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу орган жетекчилерин шайлоого байланыштуу 2017-жылдын биринчи кварталында арыздар былтыркыга салыштырмалуу 150гө өскөн.

Өкмөткө арыз менен кайрылгандардын көпчүлүгүн пенсия курагындагы карыялар түзөт. Негизинен алар социалдык кызмат көрсөтүү, пенсия, жөлөк пулдар жана жеңилдиктерди сурап өкмөткө кайрылышат.

«Бул жерде кишилер бар эле, ошолор менен «жардам бергилечи, экинчи топтогу майыпмын» деп сүйлөшөйүн деп келдим. Эч жерде көңүл бурбай жатышат. «Эмгек сиңирген мугалим» деген наам беришпей койду да мага. Көңүл бурбай жатышпайбы. Уулум апрель окуясына катышкан, үч-төрт жыл жөлөкпул алып жүрүп каза тапты. Үй алган эмес. Пенсия маселеси да бар. 1955-жылдан бери иштеп келе жата. Бил жакка келем, тигил жакка барам, иши кылып кыйын болуп жатат» -деди өкмөттүн коомдук кабылдамасында олтурган жашы 80ге таяп калган Акмат Садабаев.

Бул карыяга окшоп жеке маселеси менен өкмөттүн коомдук кабылдамасына быйыл кайрылган 321 адамдын 100гө жакынын өкмөт башчы Сооранбай Жээнбеков, анын орун басарлары Жеңиш Разаков, Чолпон Султанбековалар кабыл алышты.

Өкмөттүк аппараттын Каттар жана жарандарды кабыл алуу боюнча бөлүмүнөн билдиришкендей 2017-жылдын биринчи кварталында кайрылгандар саны былтыркыга салыштырмалуу 150го көп болууда.

Быйыл өкмөткө келип түшкөн кайрылуулардын мазмунун учак кырсыгы орун алган Дача СУУ тургундарына адрестик жардам көрсөтүү, мектеп жана бала-бакчаларын ремонттоо жана жаңыларын куруу, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына өткөн шайлоо жыйынтыгына нааразылык билдирүү жана жер маселеси түздү.

Өкмөттүк аппараттын өкүлү Жанна Саралаеванны айтымында эн көп кайрылуулар Бишкек шаары (395); Чүй (215), Жалал-Абад (166), Ош (131) облустарынан келип түшөт.

Көпчүлүк жарандар өз көйгөйлөрүн жергиликтүү мамлекеттик органдарга кайрылып эмес, түз эле өкмөткө чыгып чечүү алда канча натыйжалуу деп ойлошот.

«Министрликтердин, жергиликтүү ведомстволордун иштегендери натыйжалуу эле. Бирок эле эң биринчи адамга, чокусуна кайрылам деп көнүп калышкан, «ошол гана чече алат, ошол эле чечиш керек» деп. Бизге түшкөн каттар баары бир эле ошол министрликтер, жергиликтүү уюмдарга кайра түшөт жана ошолор аркылуу чечилет. Ошону эл түшүнсө деле жетекчиликтин чокусуна чыксам дешет. Бир кайрылганда булар адресатка президенти, премьер-министрди, депутаттарды баардыгын көрсөтүп туруп бир кат жөнөтүшөт экен. Ал каттардын бардыгы кайрылып отуруп аткаруу бийлик болгондуктан өкмөткө келет», - деди өкмөт өкүлү Жанна Саралаева.

Анын айтымында, 2016-жылы өкмөткө баш аягы алты миң кайрылуу түшүп, алардын 90% боюнча аткаруу иштери жүрдү, калган кайрылуулар боюнча бүгүнкү күнгө чейин иштер жүрүүдө.

«Өкмөт тарабынан жыл сайын министрлик, ведомстволордо «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби» тууралуу мыйзам кандай иштеп жатканын текшерип турат. Буга абдан оолутту мамиле кылышат. Ар айдын 15сине чейин алар кайрылуулар боюнча канчалык деңгээлде иш жүрүп атат маалымат берип турушат. Эгер оз убагында каралбаса мамкызматкерлерге карат кандай жаза болуп жатканы кабардар болуп турат. Бул боюнча иш жакшы коюлган», -деди Өкмөттүк аппараттын Каттар жана жарандарды кабыл алуу боюнча бөлүмүнөн башчысы Жанна Саралаева.

Кыргызстан экономикасы чабал өлкө эсептелет, андыктан калкты социалдык коргоо, колдоодо чечилбей келе жаткан маселелер көп экени маалым. "Жаштардын укук коргоо тобу" бейөкмөт уюму өлкөдө байма-бай өтүп турган нааразылык акциялардын 70% пайызы социалдык маселерден улам уюштураларын аныктаган.

Тектеш темалар