ЖККУ жыйыны Бишкекте өттү

ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн башчылары жана баш катчысы Бишкектеги жолугушууда Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн башчылары жана баш катчысы Бишкектеги жолугушууда

Жамааттык коопсуздук боюнча келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчылары Бишкекте бейформал жолугушту. Уюмдун баш катчысы жыйында аскердик-саясий, аскердик-стратегиялык маселелер талкууланды деди. Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитирий Песков буга чейин анын күн тартиби бекитилген эмес деген.

Орус медиасы мурун маалымдагандай, президент Владимир Путин уюмдун укуктук базасын кеңейтүү тууралуу айткан. "Мир" телеканалына жакында берген интервьюсунда Путин мурунку жылдардын жыйынтыгын чыгарып, түзөтүүлөрдү киргизип, ЖККУнун укуктук базасын чыңоо тууралуу сөз козгоп, уюм өзүн актап жатат деген:

"Биз жана биздин өнөктөштөрүбүз үчүн коопсуздук тармагында кызматташуу негизги артыкчылыктардын бири, мен буга терең ишенем. Ал жамааттык коопсуздук уюмунун бардык катышуучуларына пайдалуу ".

Путин ушул эле маегинде жамааттык коопсуздук уюмунун билдирүүлөрү саясатташкан эмес, анын чечимдери формалдуу эмес консенсус менен кабыл алынганын билдирди. Путиндин айтымында, ЖККУ эктремизм, баңгизат ташуу, эл аралык кылмыш коркунучтарына бөгөт коюу үчүн түзүлдү, ал эми топ топко бөлүнүү учурунда түзүлгөн НАТО дагы деле кансыз согуштун тагы менен келатат.

ЖККУнун укуктук базасын чыңдоо - бул интеграциялоо дегенди билдирет дейт кыргызстандык эксперт Кубатбек Кожоналиев:

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Таңдан бери ЕЭАБ боюнча жолуккан президенттерге тажик президенти Эмомали Рахмон ЖККУ алкагында түштөн кийин кошулду

"Азыркы кырдаалга жараша уюм ичинде эле эмес, мамлекеттер аралык кызматташуу, жада калса ведомстволор аралык иштөө тууралуу сунуштар болсо керек. Орусиядагы акыркы окуядан көрдүңөр, шыр эле биз менен кызматташып, шектүүнүн үйүнө чейин барып, ата-энеси менен сүйлөшүштү. Ушул өңдүү учурлардын укуктук жагын бекемдөө, интеграциялоо, ишти тыгыз кылуу аракети айтылды деп ойлом".

"Батыш өлкөлөрү менен ЖККУ кааласа каалабаса да кызматташышыш керек,"- деп кошумчалады Кожоналиев. Анын пикиринде, экстремизм менен терроризмге дүйнө боюнча каршы туруучу келишим зарыл.

Экстремизмди талдаган адис Артурбек Медетбеков дүйнөдөгу эстремисттик жана башка окуяларга байланыштуу ЖККУ алкагында да талкуулар күчөгөнүн белигилеп, мүчө өлкөлөр бүгүн башка тармактагы коргонууларга да көңүл бурган болушу мүмкүн дейт:

"КМШ өлкөлөрүндө акыркы убактарда орун алган буржуазиялык, "баркыт" жана башка революцияларды, төңкөрүштөрдү эске алсак, бүгүн келечекте аны болтурбоо маселеси да талкууланышы мүмкүн. ЖККУ жаңы түзүлгөндөн кийин он жылдай кагаз жүзүндөгү уюм болуп жүрдү десек болот. Азыр иш жүзүндө да иштеп калды, он батальону, учкучтар тобу бар, маалымат алмашуу күчөдү".

Медетбеков белгилегендей, ЖККУну НАТО менен салыштыруу туура эмес, экөө эки башка максатта түзүлгөн, ЖККУ экстремизмден, баңгизат соодасынан, уюшкан кылмыштуулуктан коргонуу максатында пайда болгон.

Жамааттык коопсуздук боюнча келишимге учурда алты өлкө - Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Беларус жана Армения кирет.

Анын курамына кирген Азербайжан, Грузия, Өзбекстан чыгып кетишкен.

Быйыл жамааттык коопсуздук боюнча келишимге 20 жыл, уюмдун түзүлүшүнө 15 жыл болду.

Тема боюнча башка макалалар