Кыргызстандын ЕАЭБге негизги сунушу

Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны болду Сүрөттүн автордук укугу president.kg
Image caption Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны болду

Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны болду. Уюмга мүчө болгон Орусия, Казакстан, Армения, Белорусия өлкөлөрүнүн президенттери менен кошо Молдова президенти Игорь Додон катышып, жыйын Кыргызстандын төрагалыгы астында өттү. Кыргызстан төрага катары уюм жана мамлекет үчүн маанилүү маселелерди чечүүгө бел байлаарын билдирди.

Молдованын уюмга байкоочу өлкө статусун алышы жыйындын негизги жаңылыктарынын бири болду. Быйыл ЕАЭБге төрагалык кылуу кезегин алган Кыргызстан, уюмга мүчө мамлекеттерде иштеген мигранттардын пенсия маселесин чечүү үчүн тиешелүү келишимдерди кабыл алууну көтөрүп жатканын белгиледи. Ошондой эле мигранттар майда административдик айыпка тартылса, алардын өлкөдөн чыгарылышын токтотуу маанилүү экенин билдирди. Мындан тышкары бирдиктүү энергетикалык саясат темасы да козголду.

Сүрөттүн автордук укугу president.kg
Image caption Молдованын уюмга байкоочу өлкө статусун алышы жыйындын негизги жаңылыктарынын бири болду

“Кыргызстандын уюмга төрагалыгы бизге бул уюмдун мындан ары иштеши тууралуу өзүбүздүн көз карашыбызды сунуш кылууга мүмкүндүк берет. Кыргызстан 2017-жылды Евразия мейкиндигинде ишкердикти өнүктүрүүгө арноону сунуш кылат. Анткени экономиканы реалдуу жылдыра тургандар албетте ишкерлер, өндүрүшчүлөр. Ошондуктан ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн биз биргеликте кызматташуубуз зарыл. Муну жүзөгө ашыруу үчүн уюмдун негизги төрт принцибин карманышыбыз керек. Бул товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, финансы каражаттардын жана жумушчу ресурсунун эркин орун которуусу”,- деди Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев.

Жыйынга катышкан өлкө башчылары негизинен өткөн жылдын көрсөткүчтөрү өсүш менен жыйынтыкталганын бир ооздон белгилешти. Ошол эле учурда Белорус президенти Александр Лукашенко айрым кемчиликтерди санап, аларды жоюу зарылдыгын санап өттү.

Кемчиликтер демекчи, Кыргызстандык саналуу гана өндүрүш компаниялары, ишканалар уюмдун реестринен өтүп, экспортко товар чыгарганы менен көптөрү ал талаптарга жооп бере албайжаткандыктарын айтып келе жатышат.

Кыргыз өкмөтү 2015-жылы ветеринардык жана эки фитосанитардык лабораторияларды куруу сыяктуу орчундуу иштерге Орусия 200 миллион, Казакстан 100 миллион доллар убада кылганы менен алмакулдашуулар толук ишке ашпай жаткандыктан маселе чечилбей жаткандыгын жүйө кармап келген.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар