Камактагы оппозициячыл саясатчыларга сот өкүмү чыкты

Соттук иштер башынан бери жабык өтүп келет
Image caption Соттук иштер башынан бери жабык өтүп келет

Өткөн жылдан бери камакта отурган оппозициялык ишмерлерге бүгүн сот өкүмү чыкты. Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровго он эки жыл, Эрнест Карыбековго жыйырма жыл жаза берилсе, Дастан Сарыгулов төрт жылга камалып, анын үч жылын шарттуу түрдө өтөө өкүмү угузулду. Аталган саясатчылардын адвокаттары буга макул болбой, жогорку инстанцияларга кайрылышмакчы. Соттолгондордун тарапташтары бул камоолорду саясий буйрук болду деп мүнөздөшүүдө.

Соттун өкүмүнө ылайык, энергетика тармагындагы адис Эрнест Карыбеков жыйырма жылга абак жазасаны кесилди. Ал “мамлекетке чыккынчылык кылуу”, “кылмышты жаап-жашыруу” беренелери боюнча айыпталууда.

Оппозициячыл маанайдагы саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров болсо он эки жылга эркинен ажыратылып, алар “Бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган”, ошондой эле “кылмыш жасоого даярданган” деп соттолууда.

“Бул бийликтин бизге карата саясий буйругу. Биз тазабыз, бир дагы факты далилденген жок. Жеңиш биз тарапта болот. Бийлик бардык жасаган иштери иштери үчүн жооп берет”,-деди Бектур Асанов сот өкүмүн уккандан кийин.

Image caption Биринчи Май райондук соту, өкүм окулгандан кийин

Ал эми коомдук ишмер Дастан Сарыгулов “кылмышты жаап-жашырган” деген айыпталып, жазасын үч жыл жатак абакта өтөй турган болду. Бирок Сарыгулов өзүнө коюлган айыптарды четке кагууда:

“Мага айып койгонго бир дагы далили жок. Бул сотто дагы белгиленди. Бирок биле туруп, жаап-жашырды деди. Соттун өкүмүндө карама-каршылыктар бар. Мен булар менен 2013-жылы жолуксам, андан кийин телефон менен да байланышпасам, кантип алардын ишин жаап-жашырмак элем?!”.

Оппозициячылар Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов өткөн жылы мартта Аксыда өткөн митингден кийин камалган. Энергетика тармагынын адиси Эрнис Карыбеков Дастан Сарыгулов менен видеотасмасы чыккандан кийин 25-мартта кармалып кеткен. Дастан Сарыгулов болсо июнда кармалып, жыл аягында үй камагына чыккан эле.

Алардын адвокаттары мамлекеттик телеканалдар аркылуу жайылтылган айыпталуучулардын үн жана видеотасмалары бурмаланган, атайын жасалган деп эсептешет.

Image caption Бектур Асанов: "Бул бийликтин бизге карата саясий буйругу. Биз тазабыз, бир дагы факты далилденген жок"

Бирок бийликтин бул боюнча пикири карама-каршы. Президент Алмазбек Атамбаев бир жыл мурда Аксыда өткөн митингден кийин оппозиция өкүлдөрүн жазалаш керек деп эсептээрин жар салган эле:

“Албетте бул адамдар оорулуу деп, кол шилтеп койсок болмок. Бирок мен аларды катуу жоопко тартыш керек деп ойлойм. Анткени мындай адамдар жазасыз калса болот деп ойлобош керек. Бул оору башкаларга да жугушу мүмкүн. Президент болгуң келсе, шайлоого бар. Эмнеге дароо чек арага чуркап барышат?”.

Ошол эле учурда бийликке ыктаган эксперттер бул саясатчылар чынында мамлекетке кооптуу абал жаратканы үчүн камалды деп эсептеп келишет. Ал эми политолог Марс Сариев камалгандарды саясий туткундар деп эсептебеш керек деген пикирин да билдирип жүрөт.

Сөз болуп жаткан төрт кишиге карата чыккан бүгүнкү сот өкүмүнө нааразы болгон тараптар мыйзам боюнча он күндүн ичинде шаардык сотко доо-арыз менен кайрылууга укуктуу.

Жогорку Сот каралып жаткан иш жашы жете электерге, купуялыгы сакталыш керек болгон жеке жашоого жана мамлекеттик сырга байланыштуу болгон учурда сот жабык өтөөрүн билдирип келет.