Студенттерди алмашып окутуу – алгылыктуу тажрыйба

Академиялык алмашуу программасына катышкан студенттер
Image caption Академиялык алмашуу программасына катышкан студенттер

Кыргызстанда облус борборлорунда жайгашкан окуу жайлары мындан бир жыл мурда студенттер үчүн академиялык алмашуу программасы боюнча келишим түзгөн. Жетекчилер да, студенттер да өздөрү бул тажрыйбанын жакшы натыйжаларын белгилеп жатышат.

Баткен Мамлекеттик университетинен Ошко 6 айга академиялык студент алмашуу программасынын негизинде келген Зуурахан Кумарова окуу жайын жарым жылга алмаштырганы жашоосуна чоң өзгөрүү алып келгенин айтат:

“Мага Ошко келип билим алып кетүүнү мугалимим сунуштады. Ойлонуп көрүп, макулдугумду бердим. Учурда ОшМУда окуп, жаңы чөйрөдө жашап жатам. Тайпамдагы кыздар-балдар да эң сонун, кыйналганымда жардам беришет. Дагы бир жаккан жери, электрондук системалардын киргизилгени. Баткенде андай жок. Эми мен өзүмдүн окуу жайыма барганда группалашатарыма көп нерсе тууралуу айтып берем”.

Учурда Ош мамлекеттик университетинде академиялык алмашуу программасынын негизинде келген элүүдөй студент бар. Алардын арасында Ысык-Көл, Нарын, Талас сыяктуу облустардан келген, жакшы окуган жаштар бар. Кээлери үчүн окуу жайдын шарты жакса, дагы бирилерине шаардын өзү кызык болгон.

“Мен Ысык-Көл облусунан Ош шаарына билим алууга келдим. Өзүм туризм тармагында окугандыктан Кыргызстандын табигый ресурстарын көрүүгө кызыкдармын. Чет өлкөдөн келген туристтер менен иштешким келет, ал үчүн бүт өлкөнү билүү зарыл”, - дейт студент Алтынбек Курманбеков.

Академиялык алмашуу программасы менен студенттерди убактылуу башка окуу жайга которуу жаштардын ар тараптуу болуп билим алышына өбөлгө болот дешет ректорлор.

“Ар бир окуу жайда чет өлкөлүк же регионалдык окуу жайлары менен студент алмашуу программасы бар. Анын алкагында студент жакшы натайыжаларга жете алат. Бардыгы эле чет өлкөгө чыгууга шарты жок. Мындай учурда бир облустан экинчи облуска барып окуу пайдалуу жана коопсуз. “Акыл оошот, ырыс жугушат” дегендей, бул окуу жайлардын ынтымагын чыңдоого, артыкчылыктарын тең бөлүшүүгө, кемчиликтерден арылууга жакшы мүмкүнчүлүк берген программа”,- дейт ОшМУнун ректору, филология илимдеринин доктору, профессор Каныбек Исаков.

Кыргызстанда облус борборлорунда жайгашкан окуу жайлары мындан бир жыл мурда студенттер үчүн академиялык алмашуу программасы келишимин түзгөн. Ага ылайык, Нарын, Баткен, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Чүй облустарындагы мамлекеттик окуу жайлар жана Оштогу эки университет жыл сайын алты айлык алмашуу программасынын алкагында 20дан элүүгө чейинки алдыңкы студенттерин башка облустагы окуу жайга жөнөтөт.

Мисалы, Талас мамлекеттик университетинин студенти Жалал-Абадка барса, ал жактагылар Ысык-Көлгө келип билим алып кетет. Бул программага катышкан студенттердин көбү стипендия алып, окуу жай жатаканасында жашайт.