Борбор Азиядагы суу маселесин чечүү боюнча БУУнун сунушу

суу

Улуттар уюмунун түзүмдүк бөлүгү Борбор Азиядагы суу бөлүштүрүү маселеси боюнча сунуштама конвенция иштеп чыкты.

Аталган конвенциянын долбоору аймактагы төрт: Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан өкмөттөрүнө жөнөтүлдү. Азырынча сунуштама конвенция тууралуу Өзбекстандан башка, аймактагы бир да өлкө, билдирүү жасай элек.

Конвенция долбоорун БУУнун Борбор Азия өлкөлөрү үчүн превентивдик дипломатия боюнча аймактык борбору иштеп чыкты. Борбордун директору Мирлан Мамыров конвенция долбоору аймактагы төрт өлкөнүн Tышкы иштер министрликтерине бир ай мурун жолдонгонун билдирди.

"Конвенциянын долбоору биздин борбор тарабынан дүйнөлүк деңгээлдеги кеңешчилерди тартуу менен иштелип чыкты. Алар буга чейинки суу ресурстарын башкаруу боюнча регионалдык жана глобалдык жолугушуулардагы мамлекеттер айткан бардык сунуш, комментарийлерди эске алышты. Конвенция долбоорунда Сыр дарыя жана Аму дарыя бассейндери тууралуу сөз болот. Конвенция долбоору Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын Тышкы иштер министрликтерине жолдонду. Алар үчүн жөнөтүлгөн конвенция канчалык деңгээлде алымдуу болот, биз алардан комментарий күтүп жатабыз",- деди БУУ өкүлү Мирлан Мамыров.

Анын айтымында май айынын биринчи декадасында конвенция тууралуу ТИМ өкүлдөрүнүн Бишкекте биринчи жолугушуусу өтүп, анда конвенциянын мазмуну, шарттары ачыкталат.

Ага чейин документ ар өлкөнүн профилдик мамлекеттик органдарынан кароосунан өтмөкчү. Азырынча конвенция тууралуу Өзбекстандан башка аймактагы бир да өлкө билдирүү жасай элек.

"Конвенция менен алдын алуу таанышууга караганда, ал жерде татаал маселени чечүүгө карата жетиштүү деңгээлде туура мамиле бар экен. Мен коңшуларыбыз БУУнун бул сунушуна кулак кагып, кызыкдар диалогду баштайбыз деп үмүттөнөм" - деп Өзбекстандын Тышкы иштер министр Абдулазиз Камилов 14-апрелде Ташкентте, Өзбекстандын тышкы саясаты талкууганган пресс-клубда айтканын, "Спутник Өзбекстан" сайты жазып чыкты.

Ошондой эле Камилов ал жыйында аймактагы мамлекеттер суу колдонуу боюнча талаштуу маселелерди, макулдашууларды эл аралык механимзмдер негизинде жөнгө салуунусу туура болорун кошумчалаган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен БУУнун Борбор Азиядагы суу маселесиндеги конвенциясынын долбоору келип түшкөнүн тастыктап, учурда документ иликтөө стадиясында экендигин жана жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын позициясы иштелип чыгарын белгилешти.

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин төрагасы Мирлан Бакировдун айтымында ал жетектеген комитетке ТИМ тарабынан суу боюнча БУУ конвенциясы келип түшө элек. Депутат, бирок, Борбор Азиядагы суу бөлүштүрүү саясатын кайра карап чыгуу мезгили келгенин белгилейт.

"Кыргыз мамлекетинен чыккан суу Өзбекстандын жана Казакстандын айдоо талааларына кетип жатканы анык. Ал эми Союз учурунда келишилген келишимдер менен бөлүштүрүлүп, иштеп келе жатат. Мен ойлойм, ал бөлүштүрүүлөрдү дагы мамлекет аралык деңгээлде карап чыгыш керек. Бүгүнкү күндө ал канчалык реалдуу бөлүштүрүлүп жатат, канчалык айдоо талаалары көбөйдү же азайды, мына ушулардын баарын эске алып, кайра карап чыкса болот деген ойдоймун", - деди депутат Мирлан Бакиров.

Борбор Азиядагы коңшу мамлекеттер арасында суу маселесинде талаш 1993-жылдан тарта чечилбей келет. Союз тарагандан тарта суу башындагы Кыргызстан, Тажикстан менен суу этегиндеги Казакстан жана Өзбекстан ортосунда гидро ресурстарды бөлүштүрүү боюнча түшүнбөстүктөр чыкты. Буга Кыргызстан менен Тажикстан гидроэнергетиканы өнүктүрүүгө, ал эми Казакстан менен Өзбекстан суу ресурстарын ирригациялык мүнөздө гана колдонууга кызыкдар болуп жатканы себеп.

Соңку жылдары, айрыкча, Өзбекстан БУУ аянтчасында дайым суу маселесин көтөрүп, аны кайсы бир мамлекеттин ээлиги эмес, трансчектеги орток ресурс катары колдонуу саясатын сүрөп келет.

"Аму жана Сыр дарыя нугунда гиганттык плотина жана ири ГЭСтерди куруу пландарын ишке ашырууга жол бере албайбыз. Бул дарыялар бассейндеринде миллиондогон адамдардын тирлиги камсыздалат. Суу агымынын табигый нугу өзгөрсө, төмөндө жашагандарды суу менен камсыздоо боюнча кырдаал оорлойт. Суу-экологиялык балансы бузулуп, Арал көйгөйү оорлоп, жалпы аймактагы экологиялык коопсуздук бузулат" - деген эле Бириккен Улуттар Уюмунун 2015-жылкы саммитинде Өзбекстандын Тышкы иштер министр Абдулазиз Камилов.

Мындан бир аз мурда маркум өзбек президенти Ислам Каримов, ал тургай, Борбор Азияда суу маселесинде согуш чыгып кетиш ыктымалдыгы тууралуу да айтканы бар.

Конвенцияда Кыргызстанга тийиштүү эмне айтылат азырынча бүдөмүк. Бирок документ буга чейинки БУУ платформасы алдында уюштурулган иш-чаралар жыйынтыгындагы сунуштарына таянары бышык.

Былтыр Дүйшөмбү шаарында суу боюнча БУУ эгидасы алдында эл аралык симпозиум өтүп, ага дүйнөнүн 90 өлкөсүнөн 700 өкүл катышкан. Кыргызстандан бул симпозиумга Улуттук илимдер академиясынын Суу маселелери жана гидроэнергетика институтунун директору Дүйшөн Маматканов да катышкан. Академик аймакта суу бөлуштүрүү саясаты азыркы турушунда Кыргызстан үчүн калыссыз болууда деген пикирде:

"Токтогул Кыргызстанга жылына болжолдуу түрдө 150 миллион доллар чыгым алып келет. Ошонуну эсебинен Өзбекстан эле жылына 800 миллион доллар пайда табат. Анткени алар Казакстан менен бир миллион 300 миң гектар жерди сугарышат. А бизде сугарылбайт, сугара турган дагы алардын территориясындай жер жок. Мына ошолор сууга кеткен каражаттын, канча үлүшүн алса ошончосун ордун бассын", - деди Дүйшөн Маматканов.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, Жердеги калктын бештен бири же 1,5 млрд. адам таза сууга зар. Сууга таңсык адамдардын саны 2025-жылы 3 миллиардга жетерин адистер белгилейт. Алардын эспетөөлөрүндө бүгүнкү күнү бир тонна буудай өстүрүү үчүн 1,5 миң кубометр суу, ал эми бир тонна пахта өндүрүүгө 10 миң кубометр суу таза суу сарпталат. Бул себептүү сууну товар катары эсептөө, мезгил талабы, дешет адистер.

"Суунун табигый ресурс катары өзүнун баасы бар, башкача айтканда ал товар. Ал рыноктук эмес, социалдык-экономикикалык товар. Ошол кеткен каражат үчүн ар бир сууну пайдаланган киши ошончо төлөш керек. Мына ошол маселени көтөрсөм, ошол нерсе кирди жанагы ООНдун симпозиумунун чечимине. Сууга акыны киргизүү керек" - деди Суу маселелери жана гидроэнергетика институтунун директору Дүйшөн Маматканов.

Суунун айынан 20-кылымдын ортосунан бүгүнкүгө чейин дүйнөдө 500 ашык ар кандай деңгээлдеги жана масштабдагы конфликттер болгонун адистер эсептеп чыгышкан. Учурдагы Жакынкы жана Орто Чыгыштагы, Азия жана Африкадагы жаңжалдардын анабашы суу үчүн күрөш экени маалым.