Балыкчы-Корумду жолу быйыл толук бүтпөйт

Чолпон-Атанын жолу, 2016-жыл
Image caption Чолпон-Атанын жолу, 2016-жыл

Балыкчы-Корумду жолунун туристтер көп каттаган бөлүктөрү быйыл бүтөт. Ага бир миллиард сом бюджеттен бөлүнөрүн биринчи вице-премьер министри Мухамметкалый Абулгазиев Би-Би-Сиге билдирди.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгин бойлой кетип, Балыкчыдан Корумдуга чейин Тамчы, Чолпон-Атадан өткөн жолдун айрым бөлүктөрү дале казылган, чаңыган бойдон жатат.

Эки жыл мурда оңдоо иштери башталган жол туристтердин келишине бүтпөй калды дегенден бери туристтик сезон айланып кайра келгени калды.

Жолдун мындай абалы жүрүүгө кеткен убакытты узартып, элди кыйнап жатканына антрополог, шаар таануучу Зарина Урманбетова өзү күбө болууда.

“Караколдон Бишкекке чейин жүргүнчүлөр мурда машина менен алты саатта келсе, азыр жолго кеткен убакыт 8-9 саатка чейин чыгат. Анткени ремонт бүтпөй, ар кайсы жери казылып, өңгүл-дөңгүл болуп турат. Айрыкча жаан жааганда машиналарга абдан кыйын. Андан сырткары ошол жерде жашаган тургундардын үйлөрүнө кирип-чыгуусуна тоскоолдуктарды жаратты, машиналарын кайда токтотууну билишпейт”, - деди Урманбетова.

Чырга айланып, саясатташтырылып, жада калса бир премьер-министрдин кызматтан кетишине шылтоо болгон жол ремонтунун бүтпөй жатышынын бизге белгилүү эки себеби бар. Биринчиси каражаттын жоктугу, экинчиси ошол каражаттын булагы аныкталбай туруп ремонттун башталганы.

Өткөн жылы ага 1,5 млрд сом жумшалды. Ортодо бир нече ирет жумуш токтоду. Заказды аткарып жаткан компаниянын жумушчулары айлык албаганы үчүн иш ташташты. Өкмөт быйыл бир миллиард сом бөлүп берерин, анын 212 миллиону берилгенин билдирди.

Биринчи вице-премьер министр Мухаммедкалый Абулгазиев бул тууралуу Би-Би-Сиге билдирди:

Image caption Унаа жана жолдор министри Жамшитбек Калилов

“Быйыл Тамчыдан баштап Чолпон-Ата, ипподромго чейинкисин бүтүрөбүз. Бир миллиард сом мамлекеттик бюджеттеги ашыкча салыктарды жыйноо, кошумча булактарды табуудан барат. Жолдун баарына чоң акча керек, андыктан калган бөлүгүнө инвестиция издейбиз”.

Узундугу 104 чакырымдай жолдун ушул бөлүгүн туристтер келген учурга бүтөт деп жатышат. Унаа жана жолдор министри Жамшитбек Калилов куруучу компанияга былтыркыдай ар жеринен казбагыла, казылгандарын бүтүргүлө деген талап коюлуп жатканын билдирди.

Жогорку Кеңештеги унаа, курулуш жана архитектура комитети өкмөттүн ушул багыттагы ишинин отчетун укту. Айтылган проблемалуу жолго карабай, өкмөттүн отчету комитетти канааттандырды. Ал эми “Республика-Ата-Журт” фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев ири жолдун реконструкциясын башынан каражат таппай туруп баштоо туура эмес дейт:

“Комиссия иликтегенде да бул курулуш иштери бюджетте жок каражаттар менен башталганын тастыктады. Бул эми мажбурлоого алып келди. Жол албетте керек. Анын сапаты да маанилүү. Ошону менен бирге аны бүтүрүүнүн жол-жобосу, каражат булактары да анык болуш керек. Эртең пикеттерге, митингдерге алып келбеш керек. Ишти баштап коюп каражат издеген туура эмес”.

Эл өкүлдөрү министрден Ош-Баткен-Исфана жана башка стратегиялык жолдору тууралуу да сурашты.

“Көк-Талаага чейинки, 75-108 чакырымда эки участок эки банкка берилген. Бул Кызыл-Кыяга чейинки жол. Аркы жумада, буюрса, “Алки” деген фирма менен келишим түзөбүз, алар июндарда баштайт. Ал эми 28-75 чакырым аралыгы боюнча катка кол коюп “Жайкага” былтыр декабрда бергенбиз. Булар сентябрда жообун беребиз деп жатышат”, - деди унаа жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Ош-Исфана жолу тууралуу.

Image caption ЖКнын депутаты Мирлан Жээнчороев, "Республика-Ата-Журт" фракциясы

Ал эми Карабалта-Бишкек жолу боюнча тендер өтүп, жолду заказды аткаруучу ишканага өткөрүп берип жатышыптыр. Маданият-Жалал-Абад дагы сентябрдан башталат деди, министр. Акча каражаттары чечилген деп кошумчалады.

Өкмөт мүчөлөрүнүн маалыматында, планга ылайык, быйыл ар бир райондун жолуна кеминде үч чакырым асфальт төшөлөт. Республикадагы жалпа жолдорду оңдоп-түзөөгө бюджеттен былтыры алты миллиард сомдой бөлүнгөн, быйыл кеминде ошончону күтүп жатышат. Андан сырткары инвестиция менен салынып жаткан жогоруда аты аталган сыяктуу ири жолдор бар.

Балыкчы-Корумду жолу быйыл толук бүтпөйт. Ага жалпы алты миллиарддай сом керек.