Ишенгүл Болжурова: Тил - экономикалык категория, аны саясатташтырбайлы

Image caption Мурдакы билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурова билим берүү тармагында орус тилинин ролу маанилүү болуп жатканын баса белгиледи.

Би-Би-Си: БУУнун улуттук сурамжылоосунун жыйынтыгына таянсак, соңку 20 жыл ичинде орус тили мурдагы советтик өлкөлөрдө өзүнүн позициясын жоготууда. Ал эми Кыргызстанда орус тилинин ээлеген орду соңку жылдары канчалык өзгөрүүгө учурады?

И.Болжурова: Объективдүү карап көрөлү, Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кирди, бул жерде кайсыл тил эл аралык тил болот? Албетте, орус тили болот. Ошол себептүү, фермер болобу, бизнесмен болобу орус тилди билиш керек. Орус тили, айрым учурларда, экономикалык категория болуп калып атат. Мына, бүгүнкү күнү англис тили экономикалык категория болуп калды. Анткени аны билбесе жакшы окууларга тапшыра албайт, Америка, Европага эшик ачылбайт. Менин оюмча, биздин жаштарыбыз канчалык көп тил билсе, ошончолук конкуренттүү болот.

Бизде 2 миң 200дөй мектеп бар. Ошолордун арасында 270ге жакыны орус тилдүү мектептер. Шаарда 600 орундук мектептерде эки миңге чейин бала окуп атат. Балдарын окутам деген карапайым адамдар орус тилге берип атышат. Билим системасында карап көрсөк, биз кандай патриот болбойлу, мисалы, геология же фундаменталдык илимдер: математика, биология, физика, химия, геология, технология, инженерия...алардын баарын кыргыз тилге которгонго биринчиден, адистер жок, экинчиден, каражат жок.

Биз XIX кылымдын аягынан баштап XX кылымдын аягына чейин маданиятта, адабиятта, экономикада, билим системасында орус тилди кабыл алганбыз. Ага ыраазы болушубуз керек, себеби, биз ал аркылуу көп нерсеге жеттик. XX кылымда кыргыз элинин ренессансы болду деп айтсак болот.

Кээ бир чабал адамдардын пикиринде орус тилди жактаса эле, "Россиянын же Путиндин саясатын жактап атат" дегендей түшүнүк болот, бул туура эмес. Мисалы, англис тилин билген балдарыбыз АКШны, кытай тилин билгендер Кытайды жактап калып жаткан жери жок да. Тил – бул экономикалык саясий, маданий категория. Билимдин жана илимдин категориясы. Кайсы тилде көбүрөөк илим проблемалары чечилсе, илимде жетишкендиктер болсо ошол тилди балдарыбыз билиш керек.

Би-Би-Си: Орус тилин колдонуу тенденциясы Кыргызстанда дагы кандай өзгөрүшү мүмкүн, себеби Кыргызстанда барган сайын орус тилдүү калк саны кыскартып атпайбы?

И.Болжурова: Албетте,шаардан бир чакырым чыккандан кийинбаарыбыз эле кыргызча сүйлөйбүз.Бул туура нерсе, себеби өзүбүздүн эгемен мамлекетибиз бар. Бул объективдүү, мыйзам ченемдүү нерсе. Айыл-апада кыргыз тил көбүрөөк колдонулат, анан орус тилдүүлөр миграцияга кетип атат. Орус тил предмети боюнча адистерди, педагогдорду, кадрларды даярдабагандыктан орус тилдин ареалы азайып жатат. Бул жерде улутчулдарга тарттырып ийбейли, илим тармагында, инженерияда же сатыкта КМШга чыкканда биз орус тилди билишибиз керек. Ошондуктан биз тил саясатына сабырдуу карашыбыз керек.

Би-Би-Си: Орус тили кайсы чөйрөдө өзүнүн позициясын бекем кармап келет жана сактап калышы мүмкүн?

И.Болжурова: Илимде, инженерияда, информатикада, радио-ТВде деле орус тили колдонулуп атат. Бишкекте, мисалы үчүн, орус тилинде мектептер басымдуу. Ал мектептерде окугандардын 70-80% - бул кыргыз балдар. Бирок биз шаардыктар “орус тилдүүсүң” деп сегрегация жасабашыбыз керек.

Би-Би-Си: Орус тили Кыргызстанда расмий тил катары Конституцияда бекитүүнүн кандай стратегиялык мааниси бар деп ойлойсуз? Постсоветтик өлкөлөр ичинен Кыргызстанда жана Беларуста гана орус тилинин расмий макамы бар.

И.Болжурова: 90-жылдардан тартаэки тилди билүү, орус тилин расмий кылуу деген мыйзамдык демилгелер болгон. Стратегиялык жагынан алганда бул туура нерсе болгон. Анткени, биз каалайбызбы же жокпу Россия биздин стратегиялык партнер. Экономикабыз деле ошол жакка байланыштуу. Мигранттарыбыз деле өздөрү таарыган, билген тил менен Россияга барып иштеп жатышат.

Би-Би-Си: Кыргызстанда мамлекеттик жана расмий кош тилдүүлүк саясаты өзүн канчалык актап атат деп ойлойсуз?

И.Болжурова: Актады. Мисалы, 600 миң сандап Россияда жүргөн балдарды алалы. Мен кезинде КМШда да иштеп жүрдүм. Кыргыз балдар тажик, өзбектерге караганда жакшы жерлерде иштешет. Себеби орус тилди жакшы билишет. Эки тилди билгендер атаандаштыкта жеңишет. Дагы белгилейм, тилди саясатташтырбаш керек, тил – бул билим, экономикалык категория, аны саясат категориясына салып карабаш керек.

Тектеш темалар