ИИМ: Балыкчыда мектептеги уулануу калемпир аэрозолунан болушу мүмкүн

Кыргызстанда жалпысынан 2218 мектепте,  1 млн 200 миң чамалуу окуучу билим алат.
Image caption Кыргызстанда жалпысынан 2218 мектепте  1 млн 200 миң чамалуу окуучу билим алат.

Балыкчы шаарындагы №3- орто мектепте кечээ күнү белгисиз газга ууланган балдардын абалы канааттандыраарлык. ИИМден Би-Би-Сиге билдиргендей, окуучулар коргонуу үчүн колдонулчу каражаттан (ачуу калемпир аэрозолу) ууланышы мүмкүн. Алар адатта мындай каражатты кыз-келиндер жеке коопсуздугу үчүн алып жүрөт деп жатышат. Он бир окуучу демдери кысылып, баш оорусу менен 17-апрель күнү шаарадагы аймактык ооруканага келип түшкөн. Окуяда тыныгуу учурунда мектептин ичине чачылган газдан балдар ууланган. Мекеме жетекчилери бул ишке окуучулардын эле тентектиги себеп болушу мүмкүн деп болжоп жатышат.

“Саат тогуз жарымдар чамасында тыныгуу алып, класстык бөлмөдө болчубуз. Көп өтпөй эшик ачылып, жабылып аткан учурда залдан кирген абадан дем алуубуз кыйындап, башыбыз ооруй баштады. Көздөн да жаш агат экен. Кыйналып баштаганда ооруканага келип түштүк. Газды ким сээп жибергенин билбейбиз. Бир топ кыйналдык. Азыр дары-дармек ичип, ийне сайдырып жакшы болуп калдык”,- дейт Балыкчы шаарындагы Канат Абдылдаев атындагы мектептин 9-классынын окуучусу Акылай Бейшенбекова.

Анын айтымында ууланган окуучулардын бир тобун ата-энелердин бири өз унаасына салып ооруканага жеткирген.

Балыкчы шаардык аймактык ооруканасынын дарыгерлери орундар тартыш болгондуктан ар кайсы бөлүмгө окуучуларды жайгаштырганын айтат. Алар уулангандардын абалы улам жакшырып баратканын айтууда.

“Бизге окуя болгондон кийин милиция, Улуттук коопсуздук кызматынын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү да келишти. Так диагноз коюу үчүн, кандай газга эмне болуп ууланганын айтып бергиле дедик. Алар эч кандай калдык заттар, далил буюмдар жок экенин айтышты. Балдарга колдон келген жардамды берүүдөбүз. Бизге жаңы алып келгенде эки окуучу эс учун жоготчудай абалда болчу, азыр баарынын абалы канааттандыраарлык болуп калды. Балдар толук кандуу сакайганча үйлөрүнө чыгарбайбыз”,- дейт Балыкчы шаардык аймактык ооруканасынын директору Талант Жумалиев.

Мектепте окуу процесси кечээ, бүгүн да үзгүлтүксүз уланып жатканы белгилүү болду.

“Биз бул тууралуу укканда дароо эле мектепке жетип бардык. Ал жактын эшик, терезелерин ачып желдетүү иштери жүрдү. Ошол эле учурда сабактар эч кандай үзгүлтүккө учураган жок. Бул иш боюнча мектептин чатырынан бери тинтип, карап чыгышты. Башка эч кандай шектүү буюм да бош калган газдын идиши да табылган жок. Бул жерде эч кандай саясат жок. Биз азырынча ушуларды эске алып, бул окуяга окуучулардын биринин эле шоктугу себеп болушу мүмкүн деп жатабыз”,- дейт Балыкчы шаардык билим берүү башкармалыгын башчысы Нургүл Мамбетова.

Ал ошондой эле окуучулардын дарылануусу кимдин эсебинен жүрүп жаткандыгы азырынча тактала электигин айтып, дарыгерлер кем-карчы жөнүндө кайрыла электигин кошумчалады.

Бул боюнча азыр да атайын иликтөө иштери жүрүп жатат. Азырынча кылмыш иши козголгон эмес.

“Бул окуя боюнча балдар, өспүрүмдөр менен иштөө топтору ишти улантып жатышат. Биз окуучулар жапа чеккен симптомдорду, башка жагдайларды эске алып, бул ачуу калемпир аэрозолу деп болжоп жатабыз. Адатта бул каражатты өздөрүн коргоо үчүн аял кишилер алып жүрүшөт. Кайсы бир окуучу аны мектепке алып келип, чачкан болушу мүмкүн. Тактоо иштеринин жүрүшүндө дагы башка версиялар чыгып калышы мүмкүн. Иштин жыйынтыгында биз дагы толук маалымат беребиз”,- дейт Ички иштер министрлигин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев.

Кыргызстанда жалпысынан 2218 мектепте, 1 млн 200 миң чамалуу окуучу билим алат.