Чыгашасы кирешеден көп мамлекеттик ишканалар

Кыргыз өкмөтү 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Жогорку Кеңеште отчетун берүүдө
Image caption Кыргыз өкмөтү 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Жогорку Кеңеште отчетун берүүдө

Кыргыз өкмөтү 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Жогорку Кеңеште отчетун берүүдө. Анда айтылган маалыматтарга караганда, миңден ашык мамлекеттик ишканаларды текшерүүгө алып, анын жыйынтыгы боюнча өткөн жылы 118 ишкана жоюлуп, 81 мекеме кайрадан түзүлдү жана 19 мамлекеттик ишкана башкаларга кошулду. Мамлекеттик ишканалардын азыркы абалы кандай?

Кыргыз парламентинде ушул аптада ишмердиги талкууланып жаткан кыргыз өкмөтүнүн отчетторунда экономикалык жылыштарга басым жасалып, өзгөрүүлөр жөнүндө пландар айтылып жатат.

“Өлкөдө 1100дөн ашык мамлекеттик ишкана болсо, өткөн жылы анын 120 жакыны жоюлду, сексенден ашыгы кайрадан түзүлүп, жыйырмага жакын мамлекеттик ишкана башкаларга кошулду. Мамлекеттик менчикти, ишканаларды башкаруу системасында өзгөртүүлөр башталып, инвентаризациялоо ишин ушул жылы толугу менен аягына чыгарабыз деп турабыз”,-деди Би-Би-Си Экономика министри Арзыбек Кожошев.

Image caption Өкмөт башчы: "Мамлекеттик менчикти башкаруу системасында өзгөртүүлөрдү баштап, инвентаризациялоо ишин ушул жылы толугу менен аягына чыгарабыз"

Өлкөнү артка тарткан мамлекеттик ишканалар

Өкмөттүн пландары көңүл жылытаарлык болгону менен, акыркы төрт жылда мамлекеттик ишканалардын кирешеси үч эcеге кыскарган. 2012-жылдан бери мамлекеттик ишканалардын таза кирешеси эки миллиард эки жүз миллион сомдон 820 миллион сомго чейин азайган.

Экономика тармагындагы адис, ЖИА бизнес биримдигинин координатору Руслан Акматбектин айтымында, учурда Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун базасында турган эки жүзгө жакын мамлекеттик ишкананын төрттөн бири гана кирешелүү деп эсептелет.

Электрондук сайттарынын начардыгы, ал жерде финансылык отчеттордун аздыгы, натыйжасыз башкаруу, базар экономикасынын принциптерине ылайык иштебегини калгандарынын ишин артка тартууда:

“Мындай абал баарына белгилүү болгону менен, өкмөт тиешелүү чараларды көрбөй келет. Жогоруда 200 ишкана, 70 акционердик коом жөнүндө айттык, алар килтейген ишканалар, колунда мүлк бар. Бирок алар менчиктештирүү заманынан бери келатып, өтө эскирген, инфраструктурасы да начар. Аларга көңүл бурулбагандыктан, өз баалуулугун жоготуп, булар өлкөнүн экономикасын артка тартууда. Мисалы, электр тармагындагы компанияларды алсак, алардын баары чыгашалуу, киреше алып келбейт".

Image caption Руслан Акматбек: "жарымжан" ишканаларга чара көрүлүшү керек

"Жакында эле өкмөт жетекчилери 1992-жылдан бери алынган 9 млрд.доллар финансылык жардам, кредиттердин 21% ‎энергетика тармагына жумшалганын айтты", -деп сөзүн улады Руслан Акматбек:

“Эң кызыгы мындай акционердик коомдор монополисттик деп аталат, анан кантип жыл сайын чыгашага кириптер болуп жатканы акылга сыйбас нерсе, муну бизнес түшүнбөйт. Андай компаниялардын жетекчилери буга чара көрүшү керек эле да. Тилекке каршы мамлекеттик ишканалар кармагычы жок чемоданга окшоп калды. Же аны таштап кете албай, же жакшылап колдоно албайсың. Булардын баары мамлекетти артка тарткан экономикалык тормоздор”.

Чыгашасы кирешеден көп мамлекеттик ишканалар

Кыргызстанда миңден ашык мамлекеттик ишканалардын тогуз жүзгө жакыны 1930-жылдары негизделип, көчүлүгү кагаз жүзүндө гана сакталган деген маалыматтар бар. Ал эми 160 мекеменин чыгашасы кирешеден дагы көп. Аны менен өлкөгө пайдасы жок ишканаларда эмгектенген кызматкерлердин айлык маянасы мамлекеттик бюджеттен төлөнүп келүүдө.

Мамлекеттик ишканалардын айрымдары түзүлүп жаткан шарттарды рационалдуу пайдаланбагандыктан, киреше бөлүгү дагы аз экени жашыруун эмес. Мамлекеттик ишканалардын кирешеси канчага кыскарган жана саны бар сапаты жок ишканаларды мамлекеттик баланста кармоонун кажети барбы?

“Баарын эле пайдасына карап чечим чыгаруу мүмкүн эмес. Көптөгөн ишканалар киреше үчүн эмес, өздөрүнүн мамлекет алдындагы милдеттерин аткарышат. Ошондуктан ар бири боюнча анализ жүргүзүлүшү керек. Азыр бул багытта иштер жүрүп жатат”, -дейт Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Болсунбек Казаков.

Image caption Акыркы төрт жылда мамлекеттик ишканалардын кирешеси үч эcеге кыскарган

"Мамлекет көзөмөлдөө ролун гана аткарышы керек"

Кыргызстанда ири мамлекеттик ишканалар деп “Кыргыз темир жолу”, “Кыргыз алтын”, “Кыргызстан авиакомпаниясы”, “Түндүк электр”, “Кыргызтелеком”, “Альфа телеком” сыяктуу ондогон компаниялар эсептелет.

Алардын ичинде “Манас” аэропорту сыяктуу жалгыз мамлекеттик ишканалар өздөрүнүн рекламасына акча жумшайт. Эл бул аэропортту кааласа да, каалабаса да колдонгон үчүн жарнакка кеткен каражат ыксыз сарпталууда деген сындар көптөн бери айтылып келет.

Жакында эле Коргоо Кеңеши тарабынан Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондундагы коррупциялык көрүнүштөрдүн бир нече түрү аныкталып, алардын арасында мамлекетке таандык ишкананы атайылап чыгашага кириптер кылуу, мүлктү ижарага берүү акысын төмөндөтүп көрсөтүү, өлкөгө киреше алып келе турган аукциондорду кайсы бир тараптардын кызыкчылыгы үчүн атайылап үзгүлтүккө учуратуу сыяктуу фактылар бар.

“Мындай көйгөйлөрдөн качуу үчүн өнүккөн өлкөлөрдө мамлекет өзүнүн карaмагындагы ишканаларды иштетпей, анын акцияларын жеке компанияларга берип, аны көзөмөлдөп гана турaт. Бизде да бир колго сатпай, акционердик коом кылып, аны элге сатыш керек”,-деди экономикалык серепчи Искендер Шаршеев.

Экономисттердин баамында, көптөгөн мамлекеттик ишканалар советтер союзу тарагандан бери инерция менен келатып, азыр анда иштегендер жумушу жок калбасын деген эле саясат жүрүп жатат. Эксперттер Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки тарыхында бир дагы акционердик коомду ийгиликтүү деп көрсөтө албайбыз деп сындап келишүүдө.

Тектеш темалар