Баланын ден соолугу менен өмүрү алгачкы жардамга көз каранды

Бала менен эненин ден соолугу үй-бүлөдөгү камкордукка көз каранды
Image caption Бала менен эненин ден соолугу үй-бүлөдөгү камкордукка көз каранды

Кыргызстан балдардын өлүмүн кыскартуу боюнча “Миң жылдык өнүгүүнүн максаттарын” аткарып, дүйнөдө буга жеткен 23 мамлекеттин катарына кирди.

Ага карабай, өлкөдө ымыркайлар өнүккөн мамлекеттерге салыштырмалуу орточо 4-5 эсе көп чарчайт.

Балдардын өлүмү олуттуу маселе боюнча калууда

Кыргызстанда миң балага орточо 24 өлүм туура келет, бул айрым аймактарда 30-35ге жетет. Ал эми өндүрүшү жакшы өлкөлөрдө балдардын өлүмү алты, ашып кетсе сегиз.

“Андыктан бул Кыргызстандын олуттуу көйгөйү”, - дейт ЮНИСЕФтин Оштогу кеңсесинин саламаттык сактоо программасынын координатору Айнура Текенова.

Image caption Медициналык жабдыктардын болушу балдардын өмүрүн сактап калууда негизги факторлордун бири

Ала-Бука районунун тоолуу Кара-Үңкүр айылында жашаган 38 жаштагы Гүлнара Мамашева баланы жана өз өмүрүн сактап калыш үчүн кесарево менен көз жарды. Мындан мурункусунда тогуз ай көтөргөн баласы сегиз күн болгондо чарчап калган, андан мурдагысы боюнан түшкөн. Өзүнүн бөйрөктөрү ооруйт. Мурунку боюна бүткөн учурларда убагында дарылана алган эмес.

“Мунусун айына жетип эле төрөдүм. Болгону шишип, кан басымым көтөрүлүп кетти. Ошондой болбосун деп тамакты аябай тергеп жүргөм. Бирок бир эле күндө көтөрүлүп кетти. Бөйрөктү дарыласа болот деп жатышат, бирок ага шарт жок. Ал үчүн атайын эки саат жол жүрүп Ала-Букага барып жатыш керек. Айыл өкмөтүндөгү ФАПтар жакшы билбейт. Баары өзүбүздө болсо жакшы болот эле”, - деди Би-Би-Сиге Мамашева.

Маселенин себептери

Image caption Кыргызстанда балдар өлүмү кыскарган аймактарда медайымдар менен дарыгерлер окуудан өткөн

Балдардын жашап кетиши биринчи кезекте эненин ден соолугунан көз каранды. Адистердин айтымында, андан сырткары медициналык жардам, эне менен балага үйдө көрүлгөн камкордук, ооруканадагы шарттар таасир этет.

Балдардын өлүмүнүн себептеринин башында анемия турат. Саламаттык сактоо министринин маалыматында, ал өлкө боюнча 57% каптаган.

"Каны аз эне баласына эмне бере алат? Ушундан улам балдарда ар кандай кемтиктердин саны өсүп, бир жашка чейин чарчагандары көп. Боюнда боло электе деле абалына карап, пландаса болот. Боюна бүткөндөн кийин бала кандай төрөлөрүн көрсөткөн аппараттар бар. Ошондуктан бул дарыгерлердин гана эмес, болочок ата-энелердин дагы иши", - деди саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев.

Image caption "Алтын мүнөт" аталган биринчи мүнөттө кыйналып төрөлгөн балдарга көрсөтүлгөн сапаттуу жардам алардын өмүрүн сактап калат

Анемиянын алдын алуу үчүн жакшы, туура тамактануу, байытылган унду колдонуу зарыл. Балалуу болууну пландоодо анализ тапшырып, аз кандуулук чыкса, дарылануу керектигин дагы бир ирет баса белгилеп коюу ашыктык кылбас.

БУУнун балдарды коргоо фонду ЮНИСЕФ бала төрөлгөн алгачкы күндөргө өзгөчө көңүл бурууга үндөп келет. Фонддун өкүлү Айнура Текенова ал үчүн биринчи дарыгерлердин адискөйлүгү зарыл дейт. Экинчи маанилүү шарт - төрөт бөлмөсүндөгү инфекцияны жок кылуу үчүн ысык жана муздак суунун 24 саат агып турушу.

Текенованын маалыматында, 2013-2014-жылдары Кыргызстандын ооруканаларынын алтымыш пайызында таза суу жок болчу. Алар он ооруканада суус чыгарып, канализациясын оңдоп беришти.

Үчүнчү болуп медициналык жабдыктардын мааниси зор.

Мисалы, дем алалбай төрөлгөн баланы учурунда жасалма дем алдырса, жашагандан сыткары башка оорулар күчөп кетпейт. Андай жабдыктан Жалал-Абад облусундагы тогуз бейтапканага коюлду. Жасалма аба берүү майыптардын санын да азайтат дешти адистер. Ал эми убагында булар жасалбаса, кесепеттерин бала алты айдан ашканда гана өнүгүүсүнөн билүүгө болот.

Ооруканадагы жөнөкөй ремонт, суу өңдүү шарттардын балдардын өмүрү үчүн маанисин Айнура Текенова түшүндүрдү:

Image caption ЮНИСЕФтин өкүлү Айнура Текенова алгачкы биринчи аптадагы камкордук балдар өлүмүн азайтат дейт

“Төрөт бөлмөсүндө абанын температурасы 28 градустан ылдый болбош керек. Андан төмөн түшүп кетсе бала гипотермияга кабылат, бул дене таптын ылдый болушу. Анда баланын жашоого механизмдери иштебей, абалы оорлоп, эки-үч күндө чарчап калышы ыктымал. Муну жөнөкөй эле, көп каражат талап кылбаган эшик, терезелерди жаңылоо менен камсыз кылса болот. Ал абаны бир калыпта сактоого жардам берет”.

Мисалы, Жалал-Абад облустук ооруканасын оңдоп түзөө, медиктерди окутуудан кийин өткөн жылы балдардын өлүмүн 1,5 пайызга азайттык дейт директору Жаныбек Карабаев.

Ала-Бука районундагы аймактык ооруканада 2015-жылы 25 баланын өлүмү катталса, жабдык жылдын ортосунда келгенине карабай, 2016-жылы 16га түштү.

“Өткөн жылдын июнь айында ымыркайларды дем алдырчу аппарат келгенден 2017-жылдын башына чейин ошол менен 13 баланын өмүрүн сактадык. Быйыл биринчи кварталда так ушул жабдыктар менен эки баланы куткарып калууга мүмкүн болду”, - деди Би-Би-Сиге Ала-Бука районундагы аймактык оорукананын директор орун басары Динара Айтова.

Image caption Биринчи айда көрсөтүлгөн туура жардам баланын өмүрүн гана сактабастан ден соолугун да аныктайт

Бул мисалдар ондогон, балким жүздөгөн балага жашоо мүмкүнчүлүгүн берүү көп нерсе талап кылбай турганын көрсөтүүдө.

Кыргызстан балдар өлүмүн салыштырмалуу кыскартты

Кыргызстанда балдардын өлүмү акыркы жылдары орточо 4% түшүүдө. Дүйнөлүк тенденция да жалпы төмөндөөнү көрсөтүүдө. Бирок Кыргызстандын айрым облустарында дарыгерлерди окутуу, ооруканаларды оңдоо, жабдуу, энелерге маалымат берүү менен аны 13 пайызга азайтууга мүмкүн болду.

1990-жылы кабыл алынган "1000 жылдыктын максаттарында" каралгандай, Кыргызстан ымыркайлардын өлүмүн үчтөн бирге кыскартууга милдеттенме алган. ЮНИСЕФте белгилешкендей, Кыргызстан бул милдетти аткара алган 23 гана өлкөнүн катарына кире алды. КМШда бир да өлкө ага жеткен жок.

Image caption Төрөлгөндө туура эмес медициналык жардам көрсөтүүнүн кесепети бала алты ай болгондо гана билине баштайт

“Биринчи айлыганда балдарга кам көрүү боюнча 25 жылда биринчи жолу стандарттар жаңырды, медиктер атайын окуудан өтүп, реанимациялык жардам көрсөтүү жакшырды”, - деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Макуо.

Ал ымыркайлардын өлүмүн азайтууга бир гана фактор эмес, системалык күрөшүү жолу мүмкүндүк берет дейт.

"Энелердин ден соолугуна кам көрүү, мисалы анемия менен күрөшүү керек. Экинчиден, бала төрөлгөн биринчи ай өтө маанилүү, бирдеме болсо дароо дарыгерге кайрылыш керек. Кыргызстанда болсо бир айда бир барат деген мыйзам бар. Ошондо да бир жашка чейин балдарын дарыгерге көрсөтүп турган ата-энелер 25% гана түзөт. Үйдөгү кам көрүү, ата-эненин билими өтө маанилүү", - деди Макуо Би-Би-Сиге.

Image caption Балдар өмүрүн сактоо бери дегенде демографиялык коркунучтун алдын алып, калктын саламаттыгынын көрсөткүчү болуп эсептелет

Жогоруда белгиленгендей, Кыргызстанда балдардын өлүмү салыштырмалуу дале жогору. Бирок аны менен күрөшүү мүмкүн экенин жана ар бир аракет жыйынтык берерин факттар көрсөтүүдө.

Эми Кыргызстандын милдети 2030-жылга “Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына” жеттүү. Анда да бала өлүмүн болушунча кыскартуу, жоюу каралган.

Ал эми энелердин өлүмүн кыскартуу боюнча мамлекет "1000 жылдыктын" планына жетпей калды.