Кыргызстан-Иран: Соода жүгүртүү эки эсеге көбөйдү

Президент Алмазбек Атамбаев Ирандын Тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифти кабыл алды Сүрөттүн автордук укугу president.kg
Image caption Президент Алмазбек Атамбаев Ирандын Тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифти кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев Ирандын Тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифти кабыл алды. Жолугушууда кыргыз-иран мамилелерин жакшыртуу, банк чөйрөсүндө, инфраструктура жана курулуш, инвестициялар жана соода жаатында кызматташтыктын практикалык кадамдарын ишке ашыруунун зарылдыгы белгиленди. Ирандын тышкы иштер министри кече Бишкекке расмий сапар менен келип, бүгүн ал кыргыз-иран бизнес форумуна катышты.

Кыргызстан Евразия биримдигине киргенден бери бажы жана башка төлөмдөр ишкерлер үчүн оор болуп калганы айтылып келет. Бизнес кылуу шарты азыркыдан да жеңил болсо деп, Иран товарларын таанытуу аракетин көрүп жатат.

Ирандан Кыргызстанга ишкерлер фарфор, азык-түлүк жана пластик өңдүү мунай продукцияларын ташып келишет. Ал эми Кыргызстандан Иранга төө буурчак, кургак мөмө-жемиш жана башка продукцияларды сатууга аракет кылган ишкерлер да бар.

Жыйырма жылдан ашык убакыттан бери Кыргызстанда ар кандай мрамор таш иштетип, сатыкка чыгарган Хасан Содати эки өлкө ортосундагы алака мындан тыгызыраак боло алмак деген оюн айтты:

“Биз Ирандан таштардын ар кандай түрлөрүн алып келебиз. Аны Кыргызстанда толук даярдап, сатыкка чыгарабыз. Бул иш менен көптөн бери алектенип келе жатабыз. Бизнести мындан ары өнүктүрсөк деген пландарыбыз бар. Ошондуктан өнөктөш издеп жатабыз. Албетте кыйынчылыктар, тоскоолдуктар бар, бирок эмгектене берсек, баарын жеңебиз”.

Өткөн жылдын соңунда Бишкекке Ирандын президенти Хасан Роухани расмий сапары менен келип, ал Кыргызстанга ГЭСтерди, дамбаларды, жолдорду курууга жардам берүүгө даяр экенин жана Кытай-Кыргызстан- Өзбекстан темир жолунун курулушун колдой турганын билдирген эле.

Бүгүн экономика министри Арзыбек Кожошев Кыргызстан менен Ирандын соода жүгүртүүсү эки эсе көбөйгөнүн билдирди:

“2016-жылдын жыйынтыгы боюнча, эки өлкө ортосундагы соода-сатык көлөмү 14,2 миллион долларды түздү. Бул 2015-жылга караганда эки эсе көп. Жылдан жылга көбөйөт деп ойлойм. Иран биз үчүн чоң базар болуп эсептелет, 80 млн. калкы бар. Энергетика, айыл чарба, туризм, IT технология тармагында алардын жакшы жетишкендиктери бар. Ал эми биздин Иранга этти экспорттоо боюнча келишимибиз бар, 500 тоннанын 120 тоннасы жеткирилди”.

Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы дипломатиялык мамиле Кыргызстан эгемендик алгандан кийин эле түзүлгөн. Ал дайыма сый болгон менен конкреттүү аласа-бересе, экономикалык мамилелер менен бекемделген эмес. Бул максатта президент Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын аягында Иранга барып келген. Кийин Ирандын жетекчилери да соода-экономикалык жана инвестициялык байланышты бекемдөө үчүн Кыргызстанга расмий сапары менен келген болчу.

Тектеш темалар