Кыргызстандагы дайынсыз жоголгон балдар

ИИМ: Соңку 10-15 жылдан бери табылбай жаткан 37 жаш өспүрүмдүн он үчү кыз, жыйырма төртү эркек бала.
Image caption ИИМ: Соңку 10-15 жылдан бери табылбай жаткан 37 жаш өспүрүмдүн он үчү кыз, жыйырма төртү эркек бала.

Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында беш жашар бала 16-апрелден бери дайынсыз болууда. Ички иштер министрлиги баланы издөө иштери жүрүп жатканы менен азырынча майнап чыга элек деп билдирди.

“Балам үйдөн 4 күн мурда чыгып кетип, дагы эле дайынсыз. 16-апрелде түш учурунда уйдүн жанында ойноп жаткан жеринен таппай калдык. Көп болсо он мүнөттүн ичинде эле жоголду. Эжеси артынан чыгып, тамакка чакырайын деген жерден жок. Бекзат эгиз балдардын бири болчу”, - деди Гүлзар.

Укук коргоо органдары баланы издөө аракети жүрүп жатканы менен азырынча майнап чыга элек деп билдирүүдө. Ал турсун айыл ичин, жер төлөлөрдү кыдырып издөө үчүн мектеп окуучулары да көмөк көрсөтүп жатат.

“Издебеген жерибиз калбады. Айыл ичин бүт кыдырып, мектеп окуучулары кургак жерлерди, жертөлөлөрдү карап жатат. Укук коргоо органдары да тынбай издеп атабыз дейт. Буга чейин айыл ичинде бала жоголуп, кайра табылганы тууралуу угуп калчумун. Эми өз балама ишене албай турам”, - деди жоголгон баланын апасы.

Ушул жылдын соңку айында эле Кыргызстанда балдардын жоголгону, сууга чөгүп өлгөнү, изделип жатканы боюнча бир катар окуялар болуп өттү.

Маселен, мындан бир нече күн мурда Чүйдөн үч өспүрүм дайынсыз жоголуп, алардын биринин жансыз денеси каналдан табылган. Ал эми эки баланын үйдөн качып кеткени ата-эненин жоопкерчилиги тууралуу маселеге кызуу жем таштап, бир топко чейин талкуу басылган эмес.

Ички иштер министрлигинин эсебине ылайык, быйыл өлкө боюнча 188 бала издөөгө түшкөн. Бул сан былтыркыга салыштырмалуу 4 балага көп. Алардын дээрлик 80% кайра табылып, ата-энесине берилгени менен жыл сайын жоголгон балдардын ичинен эки-үчөөсүнүн дареги чыкпайт. Министрликтин 2000-жылдан берки эсебине ылайык, кырктай баладан такыр дайын жок болуп кеткен.

“Издөө иштеринен кийин жоголгон балдардын көпчүлүгү табылат. Ал эми соңку он-он беш жылдан берки табылбаган 37 жаш өспүрүмгө карата издөө иши азыр да жүрүп келет. Алардын он үчү кыз, жыйырма төртү бала. Ай сайын оперативдик иш-чаралар өтүп турат. Анын алкагында компьютердик клубдарды, жертөлөлөрдү кыдырып, ошол жактардан көп балдарды табабыз”, - деди Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын башкы тескөөчүсү Марат Сатаев.

Ата-энелерге кеңеш

Социолог, психологдор балдардын жоголушунун эң башкы себептеринин бири катары ата-энелердин балага көңүл-кош мамилеси деп эскертишет. Өзгөчө 7 жашка чейинки балдарды жанынан алыстап же көчөгө жалгыз кое бербөө керек дешет алар. Ал эми мектеп курагындагы балдарга чоң кишилердей мамиле кылбай, аларды четке сүрүү же жабык мамиле жасоо өспүрүмдөрдүн уйдөн чыгып кетүүсүнө шарт түзөт.

“Биздин учурда балдар өзүлөрү эле мектепке барып, өздөрү эле кенен жүрчү. Азыркы күндө бош коюу мүмкүн эмес болуп калды. Заман ошону талап кылып атат. Чоңдоруна дайым дыккат мамиле керек, сүйлөшүп, оюн угуп, чогуу убакыт өткөрүү зарыл. Ал эми жаш балдарды окутуп, үйдүн дарегин, телефон номерлерди жаттатып коюу туура”, - дейт социолог Таалай Шаршембиева.

Көп жылдардан бери дарексиз жоголгон балдарын таба албай жүргөн ата-энелер укук коргоо органдарынан сырткары өз алдынча иликтөө иштерин дагы жүргүзүп келет. Эл арасында жоголуп кайра табылбаган балдар тууралуу дене органдарын колдонуу же сексуалдык кулчулук максатында чет өлкө чыгарылып кеткен деген кептер көп айтылып жүрөт. Бирок мындай окуялар боюнча факты каттала элек деп ишендирет Ички иштер министрлиги.