Жайкы туристтик сезонго камылга кандай?

Ысык-Көл
Image caption Ысык-Көл

Быйыл Ысык-Көлдө туристтик сезондун ачылышы 6-7-майда болоору белгилүү болду. Туризм департаментинен билдиргендей, Кыргызстанга келген туристтердин негизги бөлүгүн түзгөн Орусия менен Казакстан бул багытта жаңы программа менен иш баштап, атаандаштык абдан курчуду.

Жайкы сезонго даярдык кандай?

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча алыскы жана жакынкы өлкөлөрдөн Кыргызстанга келген туристтердин саны 147 миңге кыскарган. Бирок туризм департаменти турситтердин саны азайганы менен алар Кыргызстанда сарптаган каражаттын көлөмү мурдагыдан көбөйүп, 21 жарым млрд сомго жакындап барганын билдирди. Өткөн жылы келген туристтердин жалпы саны 3 млн 850 миңдин айланасында болгон.

Кыргызстанда туристтерди кызыктыра турган бирден бир артыкчылык – Ысык-Көлдүн таза суусу, дары баткагы, кум же табияты экени талашсыз. Бирок суунун тазалыгы ар дайым эле ойдогудай болбой пансионаттардан чыккан саркынды суулар менен аралашкан учурлар да жок эмес.

Image caption Быйыл Ысык-Көлдө туристтик сезондун ачылышы 6-7-майда болоору белгилүү болду.

“Биздин көзөмөл иш-аракетибиз ишкердик субьектилерин текшерүү мыйзамы менен тескелет. Анда биз мындай жайларды жылына бир жолу гана текшерүүбуз керектиги жазылган. Кошумча арыз түшмөйүн биз эч нерсе кыла албайбыз. Чындап келгенде бул бизге айрым бир тоскоолдуктарды жаратат десем да болот. Мисалы пансионаттардын саркынды сууларды тазалоочу жайы ар кандай себептерден улам иштебей калып, кооптуу абал түзүлсө, биз ыкчам текшерүү жүргүзүп, чара көрө албайбыз. Ал үчүн биз тиешелүү тараптарга кайрылып, кагаздарын даярдап алып барганча абдан эле кеч болуп калат. Натыйжада, алдын-ала албай окуянын өзү менен эле күрөшүп калып атабыз”,- дейт Мамлекеттик экотехинспекциясынын экологиялык коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Максат Өмүров. Ал ошондой эле табиятка келтирилген зыян үчүн айып пул миң сомдон отуз миӊ сомго чейин экендигин кошумчалады.

Өлкөдө сырттан келген туристтерден тышкары ички туризмди жайылтуу аракеттери да жүрүп келет. Мында өкмөт эле эмес ишкерлер, активисттер өздөрү да ар кандай долбоорлорду уюштуруп келгендери белгилүү.

“Тилекке каршы туристтер ур-токмокко же орой мамилеге кабылган учурлар жок эмес. Кыргызстанга келе тургандардын санын арбытабыз деп миллиондогон каражатты жумшап “Көчмөндөр оюндарын” өткөргөнүбүз менен, азыр ошого жараша шарттар жок болуп жатат. Чет өлкөгө барганда биз да байкап жүргөндөй, турист тейлөө кызматына жана жылуу мамилеге абдан көңүл бурат. Баарында болбосо да бир топ эле жайларда андай шарт жолго коюлган эмес. Андан сырткары туристтерди тозо турган жайларды эле эмес кызмат көрсөтө турган адамдардын да маданиятын жогорулатпасак жакшы натыйжа чыкпайт. Биз ички туризм боюнча долбоорду да өткөргөнбүз. Анда Кыргызстандыктар мейманканы куруп койгону менен өздөрү турист болуп көрбөгөн соң, турист эмнеге, кандай шартка ыктаарын так билбейт. Биздин эл ушул маселени жакшы түшүнгөндө бул тармак тез өнүкмөк. Бул өкмөттүн кыла турган ишинен сырткары. Ал эми өкмөт коопсуздук, каттоо, транспорт сыяктуу иштерди тездетүүсү зарыл”,- дейт активисттердин бири Улан Үсөйүн.

Image caption Туризм департаменти турситтердин саны азайганы менен алар Кыргызстанда сарптаган каражаттын көлөмү мурдагыдан көбөйүп, 21 жарым млрд сомго жакындап барганын билдирди.

Кыргызстан туризмдин өлкөсү делип, ал кирешелүү тармак экени айтылганы менен ага жараша шарттар түзүлбөй жатканы көп эле жолу сынга кабылып келет. Анын бири коммуникация тармагы. Өлкөдө авто жолдордун эле сапаты начар болбостон авиа каттамдар да ыңгайсыз тарифтер менен иштеп жатканын айткандар бар.

“Биз жакында эле Ташкентке барып келдик. Бизде эң негизги баш оорубуз бул бааларды кантип төмөндөтүү суроосу. Себеби эсептесек Ташкенттен бизге келип эс алып кетүү үчүн бир кишиге 600 доллар керек экен. Алар биз бул акчага Антальяга барып беш жылдыздуу мейманканада эс алып келүүгө болот деп айтып жатышат. Биз арзан деген панисионаттын баасы менен эсептеген күндө да бизге келчү жолдун чыгымы аларга кымбат туруп атат. Кыргызстанда авиабилеттердин баасы абдан кымбат болуп жатат”,- дейт Кыргызстандагы курорттор ассоциациясынын президенти Алира Батырбекова.

Кыргызстанда негизинен Орусия жана Казакстандан келген туристтер басымдуулук кылат. Бирок соңку жылдары бул өлкөлөр өздөрүнүн туризм саясатында ыкчам жана күтүүсүз бурулуштарды жасап жаткандыктан, Кыргызстан да ошого жараша динамикалуу, комплекстүү чараларды көрбөсө, атаандаштыкка туруштук бере албай калат дешет адистер.

“Турист үйүндө олтуруп, ага кайсы жерде эн арзан, жакшы сервисти берээрин карайт. Бул жагынан азыр биз коңшулаш же бир топ мамлекеттерге карганда алдыдабыз. Бирок биз алардын азыркы темпин карасак бизде бул жагынан уттуруп коюу коркунучу бар. Мисалы Казакстанды алсак алар туризм тармагын абдан өнүктүрүп жатышат. Орусия Сочи менен Крымга абдан көңүл буруп, Крымга келип эс алсаң арзан же мынча акча беребиз деп аябагандай чоң үгүт жүргүзүп жатат. Биз мындай күчтүү атаандаштыкка өтө ыкчам аракет көрүп, болгон ыңгайлуулуктарды түзбөсөк атаандаштыкка уттуруп коюшубуз мүмкүн”,- дейт Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов.

Кыргызстандын баардык аймагында жыл бою туристтерди тосууга ылайыктуу делгени менен ар кандай себеп, шарттардан улам ал анчалык жолго коюлбай келе жатканын сындагандар да жок эмес.

Тектеш темалар