Кыргызстанда президенттик шайлоонун мөөнөтү талкууда

Кыргызстанда президенттик шайлоонун мөөнөтү талкууда

Кыргызстанда президенттик шайлоонун мөөнөтүн тактоо боюнча жогорку бийлик органдарында талаш-талкуу кызыды.

ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков "Ата Мекен" фракциясынын президенттик шайлоону августта өткөрүү сунушун парламенттин тармактык комитети карап жатканын билдирди. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы буга жооп бере элек.

Жогорку Кеңештин шаршембидеги пленардык жыйынында "Ата Мекен" фракциясы президенттик шайлоо күнүн аныктоо маселесин күн тартибине киргизүүнү сунуштады. "Бир Бол" фракциясынын өкүлү Мыктыбек Абдылдаев да спикерге бул суроону кабыргасынан коюп, тийиштүү комитетке тапшырма берүү зарылдыгын эскертти.

"Президентти шайлоо тууралуу" мыйзамга өзгөртүү-толуктоо киргизүү долбоору сиз мүчө болгон Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер комитетинде экинчи окууда жатат. Сиз жакшы билесиз аны. Ошол мыйзамды жакшылап карап, барын тууралап койсоңор Контситуцияга, маселе чечилет", - деди спикер.

Президенттик шайлоону 27-августта өткөрүү сунушун "Ата Мекен" 17-апрелде маалымат жыйынында расмий жарыялаган эле. Фракция өкүлдөрү Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова, Наталья Никитенко Конституцияга таянышып, шайлоо августта өтүшү үчүн парламент 26-апрелден кеч калбай шайлоо күнүн аныкташы зарыл.

Депутаттардын белгилешинче, Алмазбек Атамбаевдин мөөнөтү быйыл 1-декабрда бүтөт. Демек, 2-декабрда жаңы мамлекет башчы жумушту баштоого тийиш, эгер ноябрда шайлоо өтө турган болсо, орун алмашуу жараяны созулуп, мыйзам эрежелери сакталбай калат.

"2-декабрдан тарта "президенттин милдетин аткаруучу" деген термин каралган эмес. Андыктан 1-декабрдан кийинки бардык чечим жана аракеттер легитимдүү болбой калат. Парламент буга жол бербеши керек. Эгер учурдагы мыйзамдарга ылайык шайлоо 19-ноябрда өтсө жана ал бир эле айлампа менен жыйынтыкталса, бардык процедураларды эске алсак президент өз кызматында 2018-жылдын 12-январына чейин калганы жатат. А эгерде шайлоо эки айлампа менне өтсө 21-февралга чейин кызматында калат. Бул Конституциянын бузулушуна алып келет" - деди депутат Наталья Никитенко Жогорку Кеңештин 19-апрелдеги жыйынында.

Президентти шайлоо күнүн белгилөө боюнча оппозициялык фракциянын жыйынынан кийин БШК да 18-апрелде билдирүү менен чыкты. Анда өлкө президентин шайлоо күнүн аныктоо Конституция жана «Президентти жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдын негизинде жүрөрү белгиленген. Президентти шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамга ылайык 2017-жылдын ноябрынын үчүнчү жекшембиси, башкача айтканда, 19-ноябрда президенттик кезектеги шайлоо өткөрүлүшү керек.

"Мындай талаш-тартыштуу кырдаалда Конституциялык палата өз позициясын билдириши керек деген ойдомун. Бул - Конституциялык палатанын компетенциясындагы маселе. БШК тууралуу айта турган болсок, силер билгендей бул - шайлоого даярдык көруп, аны мыйзам чегинде уюштурууга жооптуу орган. Сөз болуп жаткан конституциялык мыйзамдын чегинде иш алып барып жатабыз. Себеби, ал биз үчүн негизги, профилдик мыйзам эсептелет.

Бирок ошол эле убакта, албетте, Конституциянын жоболору дагы биз үчун милдеттүү, багыттоочу болот. БШК сөзсүз түрдө бул маселе боюнча өз позициясын иштеп чыгат, азыр ошонун үстүндөбүз. Бирок бул деле маселени чечпейт. Жогорку Кеңеш шайлоо күнүн дайындоо боюнча тийиштүү токтом кылышы керек", - деди БШК мүчөсү, юридикалык илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев.

Бирок Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова Конституциялык палатада маселе кароонун жол-жоболору узак мөөнөттү талап кылат деп, учурда орун алган мыйзамдык туңгуюктан чыгууда жоопкерчилик, ириде, Жогорку Кеңеште болуш керек дейт.

"Президенттик шайлоо датасын чаташтырууга алып келген мыйзам 2011-жылы 28 же 29-июлда акыркы күнү кабыл алынган. Негизи ошол күнгө негедир өтө көп мыйзам долбоорлору топтолуп калат да эч нерсе каралбай,талкууланбай эле, кээде, эки окууда карап эле өткөрүп жиберишет. Бул деле ошол оптом өтүп кеткен мыйзам болуп калган. Эми Жогорку Кеңеш "ооба, катаа кетиргенбиз" деп өз мойнуна алып, 48-берене ушундай туура эмес кабыл алынып калган десе. Эми жаңылышпаган киши жок, жаңылыштыгын мойнуна алып Конституцияны тикелей колдонолу же болбосо дагы бир жолун табалы дешсе болмк да. Анан эми азыр кандай чечимге келишет белгисиз",- деди Клара Сооронкулова.

Президент Алмазбек Атамбаев быйыл февралда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алган учурда шайлоо 19-ноябрда өтөрүн белгилеген. Ал арада президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов "Ата Мекен" партиясынын президенттик шайлоо күнү тууралуу бул демилгеси "чагымчылык жана өлкөнүн саясий турмушуна олку-солку кылуу аракети катары кабылданып жаткандыгын" билдирди. Ал 2011-жылы президентти шайлоо тууралуу мыйзамды демилгелеген депутаттар катарында Өмүрбек Текебаев да болгондугун баса белгилеп өттү. Жергиликтүү басылмаларга Фарид Ниязов Баш мыйзамга негизделип жазылган президентти шайлоо тууралуу коснтитуциялык мыйзамга ылайык, эми Жогорку Кеңеш шайлоону 19-ноябрга белгилеш керек деген.

Тектеш темалар