Молдалиев: Периштелер сары кийет деген теологдор бар

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 19-апрель күнү Казакстан дин башкармалыгынын өкүлдөрү менен жолугушту Сүрөттүн автордук укугу getty
Image caption Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 19-апрель күнү Казакстан дин башкармалыгынын өкүлдөрү менен жолугушту

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 19-апрель күнү Казакстан дин башкармалыгынын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда диний абал сөз болуп, президент Казакстанда жаш кыз-келиндердин кара түстө кийинип, жаш уландардын иретсиз сакал коюшу динге да, казак элинин салтына да туура келбей тургандыгын айтып, мыйзам чегинде тыюу керектигин билдирди.

Би-Би-Си бул теманы улай коңшу өлкөнүн президентинин сунушу кыргыз бийликтеринин көңүлүн бурушу мүмкүнбү деген суроо менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын мурдагы жетекчиси Орозбек Молдалиевге кайрылды.

О. Молдалиев: Назарбаевдин мындай пикири биздин регион эле эмес, Орусиядагы андан башка дагы эксперттердин көңүлун бурушу толук мүмкүн. Себеби ислам дининин таралган ареалы бир топ кеңири. Ислам же мусулмандар тууралуу президенттер жана таасирдүү адамдардын айткандарына сөзсүз көңүл бурулат. Эми бизге келсек өткөн жылы кара чүмбөттөнүп алгандардын сүрөттөрү да илингенде Кыргызстанда да катуу талаш-талкуулар жүрдү. Ошондо айрым теологдор бул коомду экиге болот деп да чыгышкан. Бөлүп-жарбай коом туура эле кабыл алды. Себеби паранжы жамынуу деген динибизде деле жок. Назарбаев айткандай чындап эле кара түстө кийинүү казак эле эмес кыргызда да аза күтүүнүн белгиси. Ар бир мусулман менин журүм-турумум, кебете-кешпир, сөзүм ислам дининен зыяны тийип калбайбы деп ойлонушу керек. Сакал боюнча да туура айтты. Сакал деген ушул деп эле бетинин жүнүн отоо чөптөй өстүрүп коюп жүрүшөт. Анан кебетеси кээ бир жаныбарга окшоп калат. Өткөндө мусулманмын деген бир жаш бала сакалын эле эмес, чачын да бир укмуштуу кылып өстүрүп алыптыр. Кебетеси ат үркүтчүдөй эле бар. Антпей мусулман жарашыктуу көрүнүшү керек.

Image caption Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын мурдагы жетекчиси Орозбек Молдалиев

Би-Би-Си: Соц тармактарда Назарбаевдин сунушу көп талкууга алынып, кыргызстандык колдонуучулардын дээрлик көбү аны жактап жазышууда. Ошону менен бирге мындай кадамды Ислам динин чектөө катары карай турган катмар да бар эмеспи. Эл кандай кабыл алмак?

О. Молдалиев: Кебете-кешпир ислам дини эмес. Каапырларга окшоп калбагыла деп айтылганы бар. Аны куранда айтылгандай жылаңачтанып албагыла дегени деп да түшүнсө болот. Адатта мусулманчылыкта кара, ак же жашыл кийишет. Бирок башка түстөрдү кийбегиле деген тыюу жок. Биздин кээ бир теологдор сары түстү кийбегиле, аны периштелер кийет деп айтыптыр. Периште деген кийим кийбейт. Ал денеси жок зат. Айтаардан мурун алар муну өздөрү түшүнүшү керек.

Image caption Өткөн жылы дал ушундай баннерлер өлкө боюнча илинген

Би-Би-Си: Назарбаев азыркы доордо улуттук нарк- баалуулуктарды сактоо тууралуу жүйө келтирди. Эмне себептен кыргыз-казак жаштары араб-пакистан улуттук кийимин ынтызарлык менен кабыл алууда?

О. Молдалиев: Бул улутту чануунун белгилери десе да болот. Пакистанга барып аларды көрүп, туурап же ажылыкка барып келгендердин дээрлик баары арабдардын көйнөктөрүн сатып келип кийип алышат. Негизи жаштар өзүнө көңүл бурдургусу келет. Көчөдө жаштардын бакылдап сүйлөгөнү да ошондон. Мусулман жаштары деле ошондой. Бул табигый жагы. 2014-жылы Коргоо кеңешинде ушул маселе каралып атканда президент Атамбаев, дамбал кийгениңерди токтоткула деп ачык эле айткан. Биздин сакалдуу эле кишилер дамбалга окшотуп кийип алса, ал дамбалчан жүргөндөй эле көзгө өөн учурайт. Дагы кайталайм, динге болгон сый-урмат кийим менен өлчөнбөйт. Кийим деген элдин салтына, жашоо шартына жана климаттына ылайык тандала турган нерсе.