Текебаевдин камакта калуу мөөнөтү бир айга узарды

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары
Image caption "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары

Райондук сот"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкүл Чотоновдун камакта калуу мөөнөтүн узартты.

Алар 25-майга чейин камакта болот. Жума күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет экөөнө тең тергөөнүн натыйжасында "коррупция" беренеси боюнча айып тагылганын билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты, оппозициячы Өмүрбек Текебаевдин камактагы мөөнөтү 25-апрелде бүтмөк.Текебаев менен Чотоновдун жакындары, партиялаш жана тарапташтары жума күнү Биринчи май райондук сотунун алдына чогулушту.

Бирок ошол тушта адвокаты Чынара Жакупбекова аны Улуттук коопсуздук комитетине чакырышканын билдирди.

Өлкөдөгү камоолорго байкоо жүргүзүп жаткан "Кылым шамы" укук коргоо уюмунун башчысы Азиза Абдирасулова Кыргызстан артка кетти дейт:

"Кыргызстан 25 жыл мурдагы абалга келип калды. Анткени камоолор, чектөөлөр, куугунтуктар ушундай абалды көрсөтүүдө. Ал эми Текебаев тууралуу айтсак, бир гана ал эмес, "Ата Мекен" партиясы да коргоого муктаж болуп калды. Парламентте оппозиция болуш керек биздин Баш мыйзамда жазылган".

Image caption Биринчи май райондук сотунун алдына камактагы башка саясатчылардын тарапташтары да чогулду

Ал эми саясат таануучу Элмира Ногойбаева Текебаев, убактылуу өкмөт менен президенттин ортосундагы ажырымдын себебин чечмелөө мүмкүн эмес дейт:

"Мындан логиканы издөө абдан кыйын. Бул тиреш логикалык, укуктук эмес кандайдыр бир эмоционалдык талаадай сезилет. Логикасы жок. Муну ар кандай чечмелей берсе болот, бирок андан пайда чыкпайт".

17-апрелде өткөн жылы жазда камалган оппозициячылардын үстүнөн өкүм чыгарып, алды 20 жылга эркинен ажыратылды. Мындан улам Элмира Ногойбаева баш болгон эксперттер Текебаев да чыгарылбайт деп божомолдошууда.

Өмүрбек Текебаев 2010-жылы убактылуу өкмөттүн мүчөсү болуп турганда орус жараны Леонид Маевскийден бир миллион доллар пара алууга шектелүүдө. Ал Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде 26-февралда кармалган.

Текебаев өзү жана анын тарапташтары бул соттошууларды саясий куугунтук деп эсептешет.