Жер көчкү алдында калып эки киши каза тапты

Арсланбап айыл аймагында жекшембиде болгон жер көчкү Сүрөттүн автордук укугу mes.kg

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Арсланбап айыл аймагында жекшембиде болгон жер көчкү кырсыгынан эки киши каза таап, экөө ооруканага жеткирилди.

«23-апрель күнү саат 16:50 чамасында Арсланбап айылынын Жаңы-Хаят учаскасында болжол менен 300м3 жер көчкүсү жүрүп, 4 адамды басып калган. Аталган участкада айылдын таза суу түтүктөрүн ондоп жүргөн 8 адам болгон. 4 адам көчкүдөн качып кутулган. Ал эми 4 адамды жер көчкү басып калган. Окуя катталган аймака КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, ыкчам тобу, КР ӨКМнин Мониторинг департаментинин башкы адиси жана жергиликтүү тургундар барышкан. Жергиликтүү тургундардын жардамында 3 адамды жер көчкүдөн куткарып алышкан. Абалдары оор болгондугуна байланыштуу, Базар-Когон райондук ооруканага тез жардам унаасы менен алып кетишкен. Бир адам ооруканага жетпей жолдо каза болгон. Андан сырткар жер көчкү астында калган бир адамдын жансыз денесин табышып, ички ичтер кызматкерлердин жардамында туугандарына өткөрүлүп берилди»,-деп айтылат Ѳзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан расмий маалыматта.

Жер көчкүгө жакын жайгашкан тогуз турак-жайдын жашоочулары убактылуу коопсуз жайга чыгарылган. Каза тапкандардын бири 24 жашта, экинчиси 32 жашта болгон.

Быйыл жер көчкү жана сел коркунучу кооптуу болуп жатканын Ѳзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертип келүүдө. Министрликтин маалыматына караганда өлкө боюнча жер көчкү коркунуч күтүлгөн аймактарда төрт миңге чукул үй-бүлө жашап жатат. Алардын көпчүлүгү Жалал-Абад жана Ош аймагына туура келет. Жала-Абадда эле бир жарым миңдей кишини коопсуз жайга көчүрүүгө туура келет.

Жакында эле Ѳзгөндө болгон жер көчкү бир үй-бүлөнү басып калып, алты киши каза тапкан. Алардын төртөө жаш балдар эле. Андан кийин ушул эле Ѳзгөн аймагында көчкү баскан үйдүн алдында калып дагы бир киши каза тапты.

Тектеш темалар