"Ата Мекендин" президентке каршы соту өткөн жок

Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары митингде
Image caption Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары митингде

«Ата Мекен» партиясынын президент Алмазбек Атамбаевге каршы доосу боюнча сот бүгүн болбой калды. Анткени доогер жогорку инстанцияга арызданган.

Жактоочулары Өмүрбек Текебаевдин камактагы мөөнөтүн бир айга узарткан Биринчи май райондук соттун чечимине жогорку инстанцияга кайрылганы жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет камактагы оппозициялык лидерлердин бири Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновго «коррупция» беренеси боюнча акыркы айып тагылганын билдирди.

Тергөөнү аягына чыгарыш үчүн комитет райондук соттон дагы мөөнөт сураган, сот экөөнү тең 25-майга чейин камакта калтырууга өкүм кылды.

«Ата Мекенден» депутат Алмамбет Шыкмаматов жогорку инстанцияга - шаардык сотко кайрылабыз деди Би-Би-Сиге:

«Тергөөнү узартуу себеби бизге түшүнүксүз. Анткени тергөөдө болгону үч-төрт - Маевский, Абдрахманов өңдүү талаштуу күбө бар. Аларды сурап бүткөн. Башка тергөө амалдары түгөнгөн. Ага карабастан ишти созуп жатат. Биз тергөө өзүнө ишенбей, сотко келгенде баары ачыкка чыгат, ынанымдуу далил жок болуп калат деп тергөө мөөнөтүн созуп жатат деп ойлойбуз».

Текебаевдин партиялашы Кыргызстан мүчө адам укуктары боюнча эл аралык уюмдарга кайрылып жатышканын кошумчалады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет буга чейин Текебаевдин күнөөсүн далилдөөгө олуттуу фактылар бар экенин айтып, тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн алар жана күбөлөр убактылуу жарыяланбай турганын кабарлаган.

«Ата Мекендин» президентке доосун шаардык сот карайт

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Оппозициялык "Ата Мекен" партиясы президентти эл алдында сүйлөгөн сөзү үчүн сотко берген

Бүгүн «Ата Мекен» партиясынын президентке каршы доосу боюнча сот бир айлык тыныгуудан кийин өтмөк. Бирок доогер райондук соттун сөздүн маанисине экспертиза дайындоо боюнча чечимине макул болбой, шаардык сотко кайрылгандыктан, болбой калды. Бул тууралуу партиянын юристи Таалайкүл Токтосунова билдирди:

«Жооп берүүчү тарап эксперт катары Илимдер академиясын сураган. Сот биздин - доогердин талаптарын эске албай туруп, экспертизаны белгилеп жатат. Биз Биринчи май райондук соттун бул аныктамасы боюнча шаардык сотко кассациялык арыз менен кайрылдык. Аларга арыз түшкөндө иш өндүрүштөн кыскарып, жогорку инстанцияга жиберилет. Андан сырткары Илимдер академиясынан Биринчи май райондук сотуна «бизде андай адистер жок, Адилет министрлигинин алдындагы мамлекеттик экспертизалык жайга жибергиле» деген кат келиптир».

Президенттин соттогу өкүлү мурдагы сот жыйындарында билдиргендей, президент өз сөзүндөгү «сасык» деген сынды «Ата Мекен» эле эмес, айрым партияларга карата колдонгон. Президенттин өкүлү президенттин сөзү партиянын беделин түшүрүп түшүрбөсү боюнча экспертиза өткөрүүнү соттон сураган.

«Ата Мекен» партиясы өлкө президенти партиянын жана анын лидери Өмүрбек Текебаевдин беделине шек келтирип сүйлөдү деп сотко кайрылган эле.

Ал эми Өмүрбек Текебаев 2010-жылы убактылуу өкмөттүн мүчөсү болуп турганда орус жараны Леонид Маевскийден бир миллион доллар пара алууга шектелүүдө. Ал Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде 26-февралда кармалган.

Текебаев өзү жана анын тарапташтары бул соттошууларды саясий куугунтук деп эсептешет.