Адам өмүрүн алган табийгый кырсыктар быйыл көп катталууда

Республикада жаралган өзгөчө кырдаал боюнча бүгүн кыргыз өкмөтү жыйынга чогулуп, табигый кырсыктардын алдын алуу маселеси талкууланды Сүрөттүн автордук укугу Gov.kg
Image caption Республикада жаралган өзгөчө кырдаал боюнча бүгүн кыргыз өкмөтү жыйынга чогулуп, табигый кырсыктардын алдын алуу маселеси талкууланды

Казакстанда кар ээрип, суунун деңгээли көтөрүлүп, мындан улам өлкөнүн Актөбө, Караганда, Түндүк-Казакстан сыяктуу бир нече облустарын сууп каптады. Айрым маалымат булуктары бул кырсыктар адам өмүрүн да алып кетти деп айтып жатышат. Ушул күндөрү Кыргызстанда дагы сел ташкыны, жер көчкү коркунучтары турат.

Апрель айынын ортолорунан тартып, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы дарыя-суулар ташып, жүздөгөн үйлөргө кооптуу абал жаралды. Миңдеген гектар айдоо жерлерин дарыядан ташкындаган суулар жууп кетүүдө.

Апта соңунда Жалал-Абаддагы Көк-Арт жана Кара-Үңкүр дарыялары болуп көрбөгөндөй ташкындап, жээктердеги айдоо аянттарын жеп, жакынкы калктуу конуштарды каптап кетүү коркунучу жаралган. Бул жактагы 900гө жакын турак-жайдын тургундары башка жакка көчүрүлүүдө.

Жергиликтүү дыйкан Мурат Машраповдун 1,5 гектар пахта аянтын сел жууп кеткен:

“1988-1989-жылдардан бери мындай сел-ташкын каттала элек болчу. Быйыл сел катуу кирип, мен эле эмес, башка дыйкандар да зыян тартты. Эми бул табийгаттын кырсыгы экен да”.

Сүрөттүн автордук укугу Gov.kg
Image caption Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов

Республикада жаралган өзгөчө кырдаал боюнча бүгүн кыргыз өкмөтү жыйынга чогулуп, табигый кырсыктардын алдын алуу маселеси талкууланды. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн күчөтүлгөн тартип менен иштөө зарыл деди:

“Бул эми убактылуу кыйынчылык, бирок биз ага туруштук беришибиз керек. Эң оболу, биз элди табийгый кырсыктан коргошубуз керек. Ал үчүн бизде толук мүмкүнчүлүк бар. Айрыкча сел, жер көчкү жүргөн кооптуу аймактардагы калктын баарын көчүрүшүбүз керек. Баарыңар элдерди көтөрүп, ашар жолу менен да ишти баштагыла”.

Расмий маалыматтар боюнча, жыл башынан ушул күнгө чейин өлкөнүн аймагында 206 табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар катталган, өткөн жылы бул мезгилде 26 учур болгон.

Быйыл өзгөчө кырдаалдардан 73 адам курман болсо, өткөн жылы бул учурга 9 адам катталган. Келтирилген материалдык чыгым 266 млн. 567 миң 600 сомду түздү.

Ал эми 1990-жылдан 2016-жылга чейин өлкө боюнча 518 жолу жер көчкү катталса, 2017-жылда төрт айга жетпеген убакытта 106 жер көчкү катталып, анын көбү калктуу конуштарга коркунуч алып келип, жер көчкүнүн кесепетинен 7 адам каза болду.

“Быйыл кышта кар көп жаады, айрым жерлерде дагы эле турат. Алар ээрип, жер көчкү, сел-ташкындарды пайда кылууда. Учурда деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктикте нөлдүк температура сакталууда. Бул деген тоодогу карлар ээрий баштады дегенди билдирет. Анын жогору жактагылары дагы эле ээрий элек, бул бизге коңгуроо кагууда",-деди министр Кубатбек Боронов.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 27-апрелге чейин күн ысып, андан кийин нөшөрлөгөн жаан жаайт деп күтүлүүдө. Мындан улам Нарын, Талас, Чүй суулары деңгээлинен көтөрүлөт.

Ал эми Ош облусунун Араван, Кара-Кулжа, Өзгөн райондорунда, Жалал-Абаддын Аксы, Базар-Коргон, Ноокен жана Сузак аймактарында сел коркунучу сакталууда. Андан тышкары, тоолуу аймактарда жер көчкү жүрүү коркунучу бар.