Кыргызстан: “Коопсуз шаар” долбоорун ишке киргизүү талабы

Жарандык активисттер талаптар алты ай ичинде аткарылсын деп бийлик тутумдарына талап коюшууда
Image caption Жарандык активисттер талаптар алты ай ичинде аткарылсын деп бийлик тутумдарына талап коюшууда

Кыргызстанда жол кырсыктарын азайтуу үчүн “коопсуз шаар” долбоорун ишке киргизүү талабы менен жарандык активисттер бийлик тутумдарына кайрылды. Учурда жарандык активисттер бул үчүн кол топтошууда. Өткөн аптада Бишкекте эки жаш баланы машина сүзүп салып, балдар оор абалда ооруканага жеткирилген эле. Өлкөдө жыл сайын жол кырсыктарынан миңден ашык адам каза болуп, бирок көпчүлүгү сотко жетпей, иштер жабылып калууда деген нааразылыктар байма-бай айтылып келет.

21-апрелдеги үрөй учурган кырсыктан кийин жарандык активисттер Кыргызстанда жол кырсыктарын азайтуу боюнча кол топтоп баштады. Анда “Коопсуз шаар” долбоорун ишке киргизүү, чоң шаарларда көчөлөрдү видеого тарткан камераларды иштетүү, айдоочулук күбөлүктү ага татыктууларга гана берүү, Патрулдук милициясынын ишмердүүлүгүн күчөтүү, жол эрежелерин бузгандар боюнча сот чечимин элге жарыялап туруу талаптары жазылган.

“Коопсуз шаар” долбоорун алты айда ишке ашырууга мүмкүн экен. Жол эрежеси катуу көзөмөлгө алынбай, көптөгөн адам өмүрлөрү кыйылууда. Балдарыбыз мектепке баратканда согушка жөнөткөндөй болуп коркуп отурабыз”,-деди активист Назира Бейшеналиева.

Жарандык активисттер бул талаптар алты ай ичинде аткарылсын деп бийлик тутумдарына талап коюшууда. Мындай талапты миңден ашык интернет колдонуучу да колдоп жатат.

Кыргызстанда жол кырсыктары тууралуу маалыматтар радио, теледен дээрлик күн сайын чыгып турат. Кырсыктарга күнөөлүү болгон айдоочулар жоопкерчилике тартылбай, кылмыш иштерин сотко жеткирбей бүтүрүп койгон учурлар да аз эмес.

ИИМдин маалыматы боюнча, өткөн жылы мына ушундай жол кырсыктарынан 938 адам каза болгон, быйылкы жылдын үч айында болсо 150гө жакын адам о дүйнө кетти. Эгерде шаарлар жарыктандырылып, көчөлөргө камера коюлса, жолдо каза болгондор саны азайып, бул ар түрдүү кылмыштын алдын алмак деп адистер айтышууда.

Image caption Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко

Өкмөт болсо бул үчүн “коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырабыз деп көп убакыттан бери убадасын берип келет. Бирок азыркыга чейин бул иш баштала элек деп жакында эле Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко ички иштер министри Улан Исраиловду сындады:

“Силер мурдагы эле айткан сөзүңөрдү кайталап жатасыңар. Чынында эч нерсе жасалган жок, камера коюлган жок. “Коопсуз шаар” долбоору ишке киргизилбей, бул боюнча эч ким жоопкерчиликти албай жатат”.

Ички иштер министри Улан Исраилов өз кезегинде кылмыштуулуктун жана жол кырсыктарынын деңгээли мурдагы жылдарга салыштырмалуу азайып баратканын айтат.