Бишкектеги Евробиримдиктин өкүлчүлүгү алдындагы акция

Бишкектеги Евробиримдиктин өкүлчүлүгү алдындагы акция

«Саясий куугунтукка кабылгандарды коргоо комитетинин» 20га чукул мүчөсү Бишкектеги Евробиримдиктин өкүлчүлүгү алдында акция өткөрүштү.

Активисттер ушу күндөрү Кыргызстанда иш сапар менен жүргөн ЕБдин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриандын өлкөдөгү камактагы саясий ишмерлердин абалына көңүл буруусун талап кылышты.

«Саясий туткундарды коргоо комитетинин» мүчөсү Зульфия Марат Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан активисттерди кабыл алуудан баш тартканын билдирди. Анын айтымында, Буриан менен болгон жолугушууда алар Кыргызстанда саясий негизде камалып жаткандар көбөйүп жатканын билдирип, бул абалга көңүл буруусун суранышмак.

«Биз эмнени талап кылуудабыз? Саясий куугунтук менен 25 адамды түрмөгө отургузган Атамбаевдин режими үчүн алар миллиондогон акчаларды берип жатышат. Камактагылардын төртөөсү ал тургай эч кандай негиздемеси жок эле кесилип да кетти. Саясий куугунтукка тиешеси бар адамдарга Европага виза бербеш керек. Комитет куугунтукка тиешеси барлардын "Акунов" тизмесин тизмектөөдө, ушул нерсени эске алууну суранабыз»,- деди Зульфия Марат.

Буга чейин комитет "Акунов" тизмесине киргендерди Кыргызстан менен дипломатиялык келишими бар өлкөлөргө киргизбөө аракети көрүлөрүн билдирген.

Бишкектеги Евробиримдик өкүлчүлүгү жайгашкан «Орион» бизнес-борбору алдына пикетке чыккан активисттер колдоруна ар кандай ураандар жазылган: «Кыргызстанда демократия жок», «Саясий туткундарга боштондук», «Кыйноолорго, куугунтукка жол жок» деген транспаранттар көтөрүп турушту.

Иш-чарага учурда камактагы экс-депутат Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова да келген.

«СИЗОдо менин жолдошума кыйноо болду. ЕБ тарабынан берилген гранттар кайда кетип жатат жана кандай максатта колдонулууда, ошону билип берсин деп өзүбүздүн талабыбызды жазып алып чыктык»,- деди Жапарова.

Эки саатка созулган акция катышуучуларына Евробиримдик өкүлчүлүгүнөн бирөө жарым чыккан жок.

«Өкүлчүлүк кеңсесинин алдында акция өтүүдө. Бул алардын тынч демонстрацияларды өткөрүү укугу. Буга чейин алардан документтер келген, биз аларды иликтеп чыгабыз. Буриан Европа биримдиги менен Кыргызстан ортосундагы кызматташтык боюнча консультацияларды өткөрүү үчүн кечээ келген. Бишкекте ал эки күн болот, эртең кетет», - деп билдиришти эл аралык уюмдун басма сөз кызматынан.

Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан Кыргызстанда БШК, ТИМ, Жогорку Кеңеш өкүлдөрү жана президенттик аппаратттын өкүлдөрү менен жолугушту. Ошондой эле анын эл аралык дипломатиялык миссиялар жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен менен кездешкени белгилүү болду.

«Саясий куугунтукка кабылгандарды коргоо комитети» былтыр сентябрда негизделип, учурда жыйырмадан ашык абактагы саясатчылардын таламын талашууда.

Быйыл февраль этегинде "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов коррупцияга айыпталып, камакка алынган.

25-мартта бул партиянын Оштогу координатору Абдылда Капаров менен Кыргызстанга кайтып келген мурунку депутат, оппозициялык саясатчы Садыр Жапаров чек арадан кармалып камалган.

Былтыр "мамлекеттик бийликти басып алгысы келген" деген айып менен кармалган "Элдик парламенттин" тогуз мүчөсү да УКМКда камакта жатышат.

Комитет саясий туткундар катарына, ошондой эле, быйыл 25-мартта өткөн митингде кармалып, эки айга камакка алынган 12 адамды да киргизүүдө.

Тектеш темалар