"Ата Мекен" Маевскийди жоопко тартууну талап кылды

"Атамекенчилер" өздөрүнүн лидерине боштондук талап кылып, Бишкекте митинг акцияларды өткөрүүдө.
Image caption "Атамекенчилер" өздөрүнүн лидерине боштондук талап кылып, Бишкекте митинг акцияларды өткөрүүдө.

Кыргызстанда "Ата мекен" партиясы алардын лидерине ири өлчөмдө пара бергени үчүн россиялык ишкер Маевскийге иш козгоп, жоопко тартуу талабы менен Башкы прокуратурага кайрылды.

Россиялык ишкердин Кыргызстандагы “Альфа Телеком” компаниясынын 51 пайыз акциясын алуу үчүн бир миллион доллар өлчөмүндө пара бергени жөнүндө арызы боюнча кармалган “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев эки айдан бери УКМКнын тергөө абагында жатат.

“Ата мекен” партиясы Маевскийди жоопко тартуу боюнча муррда деле билдирүүлөрдү жасап келген менен укуктук аракетин жаңы эле баштады. Башкы прокуратурага тийиштүү арыз бир күн мурда киргизилди. Эми Башкы прокуратура он күн ичинде бул арыз боюнча бир чечим кабыл алууга тийиш.

Мыйзам боюнча пара алган эле адам эмес, берген да адам жоопко тартылууга тийиш. Эгер ал пара берип жатканын мурда эле укук коргоо органдарына билдирип коюп жасаса, жоопкерчиликтен бошотулушу мүмкүн. Бирок Маевскийдин окуясында андай эмес, -деди Би-Би-Сиге “Ата Мекен” партиясынын адвокаты Чынара Жакыпбекова:

“Бул берене болуш үчүн ал дагы сөзсүз түрдө жооп бериши керек. Кылмыш Кодексинде жазылган. Жети жылдан кийин айтып атпайбы бергем деп. Берген болсо, ага да козгош керек”.

21-апрелде сот Текебаевдин тергөө абагындагы мөөнөтүн 25-майга чейин узартып, тергөө анын коррупция кылмышы боюнча айыбын угузгандан кийин “Ата Мекен” партиясы Маевскийди жоопко тартуу талабын коюп, ушундай жол менен аны арызынан баш тарттырууга аракет кылууда.

Бирок Башкы прокуратура бул талапты аткарат деп айтуу кыйын. Анткени, Башкы прокуратура кааласа Маевскийдин артынан мурда эле түшмөк дешет.