Чернобыль кесепеттери кете элек

Чернобыль курмандыктары Кыргызстанда жыл сайын эскерилет
Image caption Чернобыль курмандыктары Кыргызстанда жыл сайын эскерилет

Бүгүн өткөн кылымдын эң ири кырсыктарынын бири Чернобылдагы жарылуу орун алган күн. Бул кырсыктын кесепетин жоюуга катышкан кыргызстандыктар өзөктүк станциядагы уулуу заттардын таасиринин азабын алигиче тартабыз дешет. Би-Би-Си ардагерлердин айрымдарын кепке тартты.

Чернобыль: Кыргызстандан барган ардагерлер

Мурат Алимбаев Чернобылга жакын досу экөө он сегиз жашында аттанышкан. Алар атомдук бомба жарылган жерден эч кандай кабары жок барып, кийин гана чындыкты билгенин Би-Би-Сиге мындайча айтып берди:

Image caption Чернобыль атомдук электр станциясы жаңы саркофаг менен жабылган

“1986-жылы Бизди эс аласыңар деп алып барган. Ал жакка баргандан үч күндөн кийин кырсык тууралуу айтышты. Ошентип бир жарым жылдай аскер болуп иштеп калдык. Ал учурда бизге кесепети тийип, ооруга чалдыгарыбызды сезген эмеспиз. Абасынан дем алып, жебе деген нерселерди жеп жүрдүк. Жаш бала болчубуз да. Кийин өлкөбүзгө кайткандан кийин дарыгерлер текшерип, ден-соолугубузга көп зыян кеткенин айтышты. Мите курттай эле экен, акырындан жейт экен кишини".

Атом электр станциясынын кесепетин жоюуга жалпысынан 600 миңден ашуун адам катышкан болсо, алардын ичинде төрт миңге жакын кыргызстандыктар да болгон. Адам денесине байкалбай өтүп турган радиацияга дээрлик 90% ууланып, таасири балдарына чейин өткөн учурлар бар.

“Уунун таасири бизден кийин балдарыбызга да өтүп, кандан-канга кетет экен. Учурда биздин балдар ооруп калат, өзгөчө жайында мурдулары канап, шайы кетип, жүрөктөрү, колу-буттарынын муундары ооруйт”, - дейт Кыдырбек Жылкыбаев.

Учурда Кыргызстанда Чернобыль кесепетин жоюуга катышкандардын арасынан миңдей киши калган. Аларга мамлекет тарабынан жөлөк пул берелип, акысыз медициналык көзөмөл жүргүзүлөт.

Деген менен ден-соолугунан ажыраган ондогон ардагерлер турак-жайга муктаж дейт "Чернобыль союзу" уюмунун жетекчиси Тилек Өмүрбеков:

“Чындыгында башка өлкөлөргө салыштырмалуу бизге көңүл жакшы бурулат. Көптөгөн иш-чараларды уюштуруп берет. Бирок конуш маселеси чечилсе жакшы болмок. Буюрса деп туралы, бизге да атайын план тузүлүп калар”.

Чернобыль апаатынын кесепетин жоюуга катышкандардын көбү бул аракетин сыймыктануу менен эскерип, элдин сактыгына кошкон салымы катары баалашат.