Өкмөттүн отчету оппозиция сынына кабылды

"Экономика: сандар жана реалдуулук" жыйынын катышуучулары

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча парламентте отчет берип жаткан чакта, оппозиция өлкөдөгү экономикалык абалды талкуулоого чогулду.

"Экономика: сандар жана реалдуулук" жыйындын катышуучулары өкмөттүн экономикалык өсүш тууралуу айткандарын расмий статистиканын негизинде жокко чыгарганга аракет кылышты.

"Эмне үчүн Кыргызстан жакыр?"

"Ак-Кеме" мейманканасында өткөн жыйынга саясатчылар Феликс Кулов, Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков, Равшан Жээнбеков, Арслан Малиев, Элмира Ибраимовалар катышты.

Биринчилерден болуп Эсеп палатасынын мурунку мурунку төрайымы Элмира Ибраимова "Эмне үчүн Кыргызстан жакыр?" мазмунунда доклад жасап, анда өкмөттүн отчетунда айтылган жетишкендиктер реалдуулукту чагылдырабы же жокпу талдады:

"Өкмөт ички дүң продуктынын чыныгы өсүшү 2016-жылы 3,8% болуп, анын номиналдык көлөмү 458 млрд. сомго тете экенин айтып жатат. Айыл чарбада өсүш 3%, кызмат көрсөтүү тармагында 2,9%, өнөр жайда 4,8%, курулушта 7% жеткени айтылып жатат. Статистика өлкөдө экономикалык абал жакшырып жатканын көрсөткөнсүйт. Бирок 2016-жылдын бюджетин карай турган болсок, кирешенин өсүшү 2015-жылга салыштырмалуу 0,1% эле болуп атат. Бардык жерде өсүш, бирок киреше жок. Акчалар кайда анан? Кооз цифралардан ушундай суроолор чыгат", -деди Ибраимова.

Эсеп палатасынын мурунку мурунку төрайымы былтыр бюджет 6,9 миллиард сомго тете салыктык кирешеден кур калганын да кошумчалай кетти.

Эсебинде, Кыргызстандын көмүскө экономикасындагы коррупциялык каржылык агымдар көлөмү ИДПнын 50-70% тете болушу мүмкүн.

Экономикада өсүш болсо анын жыйынтыгы кайда?

Оппозиция талкуусунда спикерлер өкмөттө чиновниктер ишти натыйжалуу алып баруу менен эмес, өйдө жактагы жетекчиликтин көңүлүн табуу менен көбүрөөк алек дешти. Кесепети: барган сайын эл жакырчылыкка батып, кымбатчылык, тарифтер ансыз да каржалган элдин кендирин кесүүдө.

Image caption Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Акматбек Келдибеков

Экономикалык абалды талкуулаган жыйында сөз алган кийинки спикер Акматбек Келдибеков 2010-жылга салыштырмалуу былтыр, чынында, ИДП көлөмү 220,3 млрд.дан 458 млрд. сомго, башкача айтканда эки эсеге өскөнүн моюндады. Бирок Жогорку Кеңештин мурунку депутаты бул экономикалык өсүш карапайым элге сезилбей жаткандыгын баса белгиледи.

Себеби, соңку алты жылда тарифтер да ыксыз өсүүдө. Алалы, 2010-жылы Кыргызстанда орточо айлык 7 миң 200 сомду түзүп, бирок бир адамдын бир айлык чыгымдарынын 70% жаап келген. Бүгүнкү күнү айлык акы 14 миң 400го чыкса да, чыгымдардын 45% жаап-жаппайт жатат.

"Бүгүнкү күнү Кыргызстанда орточо айлык акы $207 түзөт. Ошол эле убакта коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн акысы 2010-жылдан бери 2,5 эсеге өстү. Алты жыл мурун күйүүчү майдын бир литри 31 сом болсо, азыр 40-41сомго жетти. Кадимки эле тандыр нан 10 сом эле, азыр 20 сом болууда. Баалар пайыздык чен менен алганда 150-250%га кымбаттады.

"Кыргызстан эконимикалык өсүш жолуна түштү" дегенди укканда, биздин башкаруучулар, чиновниктер кол алдындагы министрлик, мекемелер жасаган ишти окуп же таблицаларды карашпайт окшойт деген ойго келесиң", - деди Келдибеков.

Мурунку парламент депутаты бул салыштырууну өкмөттүн сайтынан алынган маалыматтардын негизинде келтирип жаткандыгын белгилей өттү.

Сын айткандардын сунушу кандай?

Жыйында жалаң эле сын эмес, экономиканы көтөрүү үчүн сунуштар да берилди. "Аалам" партиясынын теңтөрагасы Арслан Малиев санариптик өкмөткө өтүүнү караган "Кыргызстандын технологиялык өнүгүү стратегиясы" долбоору тууралуу маалымат берди.

Малиев долбоор өкмөткө жолдонуп бирок колдоо таппай жаткандыгын ачыктай кетти.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Равшан Жээнбеков Кыргызстанда 25 жылдын ичинде 30га чукул премьер-министр, төрт президент алмашты, бирок экономикада өзгөрүү жок деди. Буга себеп, пикиринде, өзгөрүүлөр саясий реформалардан башталыш керек. Ал эми реформалар саясий болобу же экономикалыкпы ресурсту талап кылат.

"Эгерде биз экономикага өзгөртүү кылалы дей турган болсок, ал оор реформаларды талап кылат. Биз өзгөрүүлөрдүн баасын билебизби? Мамлекеттик реформа канча турат? Грузияда $5 млрд. чейин турду. Молдова менен Украинага АКШ менен Европа миллиарддаган долларды берип атат. А бизге ким берет? Кыргызстанда жакынкы келечекте маанилүү мамлекеттик экономикалык өзгөрүулөрдү жасай турган болсок анын баасы $7миллиардга чейин болот. Биз ал акчаны таба алабызбы? ", - деп суроо койду Равшан Жээнбеков.

Тектеш темалар