"Таза коом": электрондук мамлекет куруу аракети

Электрондук мамлекетте көп документтер, тейлөөлөр үчүн атайын бир мекемеге барбастан, үйдө бүтүрүүгө болот
Image caption Электрондук мамлекетте көп документтер, тейлөөлөр үчүн атайын бир мекемеге барбастан, үйдө бүтүрүүгө болот

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков “Таза коом” долбооруна жакын арада каражат табыларын парламентте билдирди. Байкоочулар ал жарыяланган менен каржы булагы анык эмес, ишке ашыруу жол-жобосу көрсөтүлгөн жок дешүүдө.

“Таза коом” долбоорунун башында президент Алмазбек Атамбаев турат. Президент бул тууралуу Туруктуу өнүгүү стартегиясынынын жыйынында кеп баштаган.

“Таза коом” деген эмне?

2040-жылга чейин пландалган долбоор санариптик мамлекет түзүүнү көздөйт. Өлкөнү электрондоштуруу 2040-жылга чейинки өнүгүү стратегиясынын бир бөлүгү болмокчу.

Аны ишке ашырууну президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков жетектөөдө.

“2040-жылга чейин Израилге, Эстонияга же Улуу Британияга окшогон мамлекет болушубуз керек. Ал жакта кызматтардын баары компьютер аркылуу берилип жүрөт. Бул абдан маанилүү, себеби коррупция дагы болбойт. Биз дагы ошол деңгээлге жетишибиз керек”, - деген Исаков Коомдук телерадиоберүү корпорациясына берген маекте.

Азырынча 20 кишиден турган эксперттик топ долбоор үстүндө иштеп жатат. Долбоор эксперттик чөйрөгө тааныштырылды, андан кийин бизнес чөйрөсүндө талкууланды. Майдын аягында ири донорлор, эл аралык эксперттер менен талкууланганы жатат.

"Таза коомдун" алкагында “Акылдуу шаарды” ишке ашыруу планы бар. Адегенде ал Бишкек менен Ошто жасалат. Анын иштеринин бир мисалы, тыгын болгон жерге светофор өзү жол ачып берет.

Кантип ишке ашат?

Image caption Электрондук мамлекетте мамлекеттик же башка мекеменин кызматын пайдалануу ыңгайлуу жана аз убакыт алат

Байкоочулар бул жумушка каржы булагы табылбай туруп жарнамаланып жатканына сын көз карашта. Алар “Таза коомдун” масштабын, ишке ашыруу жолдорун көрсөткөн эч кандай документ жарыяланбаганын жүйө келтиришүүдө.

Электрондук мамлекет куруунун эң башында компьютерлештирүү, интернеттештирүү жолго коюлуш керек. 2015-жылдагы маалымат боюнча, Кыргызстан калкынын 80 пайыздайынын интернет колдонуу шарты бар. Бирок алардын басымдуу бөлүгү интернетке чөнтөк телефон аркылуу туташат.

“Кыргыз-немис маданий коомунун” төрайымы, Берлиндин жашоочусу Махабат Садырбек электрондук мамлекетти толук орнотуу бир топ татаал процесс экенин башынан көрүп келатат:

“Буга биринчи кезекте абдан көп акча коромжу болот. Компьютерлештирип, бардык жабдыктарды алыш керек. Кыргызстан элин толук жабдый алабы, бул чоң маселе. Андан сырткары электрондук добуш бергенде же башка учурда өздүк маалыматтарыңдын баарын толтурушуң керек. Бул жерде алигиче ушуга каршы чыккандар бар, ал башка багытта колдонулбайбы деп кооптонушат. Бул маселе улам көтөрүлүп турат, азырынча ага жакшы чара табышкан жок”.

Эксперттик топтун мүчөсү Талант Султанов документ иши эми жыйынтыкталып жатканын билдирди. Каржылоосу азыр так белгилүү эмес.

Image caption "Таза коом" ишке ашса саламаттык сактоо, билим берүү баш болгон дээрлик бардык тармак электрондошот деп жатышат

“Мындай долбоордун форматтары ар түрдүү болот. Өкмөт өзүнүн каражатына жасашы мүмкүн. Чет компанияга операторлукка берсе болот. Ал компания башкарууну алат, бирок өкмөт ээлик кылат. Мисалы , долбоордун ичиндеги “Акылдуу шаар” түзүлгөндө видеокамераларды, маалымат, белги алып берүүчүлөрдү, светофорлорду алар башкарат, ээси өкмөт болот”, - деди Султанов.

Ал белгилегендей, долбоор баскыч баскыч менен ишке ашырылат. Узак мөөнөттүү бөлүктөрүн донорлор, инвесторлор менен жасашмакчы.

Көп каражат талап кылбаганы быйыл ишке кирет деди Султанов:

“Быйыл мисалы, айрым справкаларды жокко чыгарабыз, айрым мамлекеттик тейлөөлөрдү онлайн форматка өткөрсөк болот. Май айында биометрикалык паспортторду бере баштайт. Бул алдыңкы технология, көпчүлүк жерде жок. Калк биометрикалык маалыматты тапшыргандыктан, санариптештирүү жеңил болот. Анын үстүнө Кыргызстан чакан, миллиондогон эли бар өлкөдө мындайды ишке киргизүү оор болмок”.

Image caption Эски ыкмада салык төлөө, декларация толтуруу айрым жөндөмдөрдү талап кылат

Британияда мындай долбоор толугу менен бизнестин акчасына ишке ашкан.

Британиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орд-Смит бирок ар бир өлкө өзүнө ылайык моделди табыш керек деген пикирде. Ал бул долбоор ишке ашса Кыргызстандын негизги көйгөйлөрүн чечмек, бизнести өнүктүрмөк, аны менен жаштар өз мекенинде калмак дейт.

“Бул абдан амбициялуу жана өтө көп тармактуу долбоор. Ким болбосун ушул сыяктуу көп тармактуу жана татаал нерсенин моделин ойлоп чыгыш үчүн жана ишке ашырыш үчүн көп убакыт керек. Дароо бүтүп кетпейт, бирок жакшы долбоор болгондуктан колдош керек”, - деди Орд-Смит.

Долбоордун тарыхы

Идеянын өзү жаңы эмес. 2015-жылы социал-демократтар фракциясы taza.com деген долбоор тууралуу жарыялашкан. Анда электрондук мамлекет түзүүдөн алдын электрондук байланышты жакшыртчу борбор ачылаары айтылган. Депутаттар долбоор 2012-жылдан бери иштелип жатканын билдирген.

Image caption Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орд-Смит

Байкоочулардын айтымында, азыркы “Таза коом” долбоору буга окшогон бир канча долбоорлорду камтышы мүмкүн.

Мисалы, алардын бири Дүйнөлүк Банктын Санариптик CASA – Digital Central Asia-South Asia долбоору экенин эксперттик топтун мүчөсү Талантбек Султанов да айтууда.

"Акылдуу шаарды" да атасак болот.

Долбоор тагдыры президент алмашкандан кийин кандай болот? Аткаруучулар “Таза коом” Туруктуу өнүгүү стратегиясына киргени жаткандыктан ким келбесин аны ишке ашырууга милдеттүү болот деп ишенишүүдө.

Электрондук мамлекет, өкмөт

Image caption Талант Султанов, саясат таануучу, "Таза коом" боюнча эксперттик топто консультант

Электрондук же санариптик өлкөнүн жарандарга ыңгайлуу, пайдалуу экени ал бийликтин ишин ачык кылаары талашсыз. Ал жарандардын да, мамлекеттин акчасын да үнөмдөйт, жумушчу күчтү азайтат.

Ал ишке ашса кандай болорун Берлиндин жашоочусу Махабат Садырбек кыскача баяндады:

“Мисалы, бала төрөлөт, ага мамлекеттен жөлөкпул сурайбыз, ага тиешелүү кагаздар керек, мунун баарын үйгө жөнөттүрүп алсак болот. Германияда өзгөчө салык төлөө машакат болчу. Финансы полицияга барып, кагаздарды толтуруп, кайра жеткирчүбүз. Азыр үйдө отуруп, он беш мүнөттө интернеттен толтурасың. Паспорт алмаштыруу үчүн да электрондук түрдө кайрылабыз”.

Сүрөттүн автордук укугу FACEBOOK
Image caption Берлиндеги "Кыргыз-немис коомунун" төрайымы Махабат Садырбек, саясат таануучу, изилдөөчү

Мамлекетти же бийликти электрондоштуруу дүйнөдө 21-кылымдын башынан бери жүрүп келатат. Бириккен Улуттар Уюмунун 2016-жылдагы рейтинги боюнча электрондук мамлекет катары эң өнүккөн өлкөлөрдүн башында Британия, Австралия, Түштүк Корея, Сингапур, Финдляндия келет.

Электрондук мамлекет – electronic government - бийликтин ишин интернет аркылуу алаканга салгандай көрүп туруу, алардын чечим кабыл алуусуна катышуу жана байланыш технологиясы аркылуу бат, арзан, ыңгайлуу тейлөө.

Ал интернетке негизделген инфраструктура аркылуу түзүлөт.

Англичеден алынган бул терминди "электрондук өкмөт", "электрондук башкаруу" деген которулушта да колдонушат.

"Электрондук мамлекетти" байланыш технологияларынын өнүгүшүнө жараша санариптик мамлекет, digital government деп атоо сунушталып жүрөт.