Мекенчил күчтөр: "Элдик Курултай бийлик бутактарын көзөмөлдөсүн"

Мекенчил күчтөр бардык региондордо курултай өткөзүп, андан кийин Бишкекте чоң курултай чакырып, Элдик курултайдын бийлик бутактарын багыттаган жана көзөмөлдөгөн күч катары Баш мыйзамда таанылышын талап кылган жатышат.
Image caption Мекенчил күчтөр бардык региондордо курултай өткөзүп, андан кийин Бишкекте чоң курултай чакырып, Элдик курултайдын бийлик бутактарын багыттаган жана көзөмөлдөгөн күч катары Баш мыйзамда таанылышын талап кылган жатышат.

Кыргызстанда өздөрүн улуттук мекенчил күчтөр деп атаган партиялар жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү Элдик курултайды бийликти көзөмөлдөөчү күч катары Конституцияга киргизүүнү талап кылышууда. Алар Баш мыйзамда Элдик курултай институту элдик бийликтин эң жогорку багыттоочу жана көзөмөлдөөчү органы катары ордун таап, анын чечимдери милдеттүү түрдө аткарылышын каалап жатышат.

Элдик курултай демилгесин көтөргөн саясий партиялар бүгүн Бишкекте өткөргөн жыйынынын Кыргызстандын улуттук мекенчил күчтөрүнүн биринчи курултайы деп аташты. Курултайда каралган маселелердин натыйжасында Элдик курултай институтунун чечимдери милдеттүү түрдө аткарылат деп Баш мыйзамга жазууну президент менен Жогорку Кеңештен талап кылуу, Өкмөттөн кыргыз паспортунан улуту деген графаны алып салган чечимин кайра карап чыгууну талап кылуу керек деп чечишти.

Улуттук башкаруу салтына ылайык, элдик курултайларды өткөрүү Баш мыйзамда каралган, анда анын чечимдери бийлик органдарына сунуш катарында каралсын деп жазылган.

Саясий партиялар, коомдук уюмдардын бүгүнкү чечими президент Атамбаевдин элдик курултай институтун эффективдүү пайдалануу жөнүндө оюн билдиргенден кийин чыгып отурат. Президент 3-апрелде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында бардык региондогу жергиликтүү бийлик башчыларынын баары кирген элдик курултай болсо, анын чечимдери бардык бийлик бутактары үчүн милдеттүү болсо деген ой-пикирин айткан эле.

Жогорку Кеңеште “Элдик курултай жөнүндө” мыйзам долбоору көптөн бери каралып жатканы белгилүү. Бирок элдик курултайга бийлик бутактарын көзөмөлдөгөн ыйгарым укуктарын берүүгө каршылык көп болуп келатат. Эми президенттин позициясы белгилүү болгондон кийин, бул маселе, балким, тездеп чечилиши мүмкүн. Бирок ошол эле учурда элдик курултай, анын күчү, укуктары жөнүндө президенттин жана бүгүнкү жыйынга чогулгандардын түшүнүгү ар башка да болуп чыгышы мүмкүн.

Айтмакчы, бүгүнкү курултайда түзүлгөн туруктуу кеңеш бүт өлкөнү кыдырып, курултайларды өткөзүп, май айынын этегинде Бишкек шаарында чоң курултай чакырып, Элдик курултайдын баш мыйзамда бийликти көзөмөлдөөчү күч катары таанылышын талап кылмакчы.