Үй кыдырган дааватка чек коюлат

Закир Чотаев: Динди жайылтууда үймө-үй кыдырууга да тыю салынып жатат. Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Закир Чотаев: Динди жайылтууда үймө-үй кыдырууга да тыю салынып жатат.

Өкмөт сунуштаган "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар тууралуу" мыйзамдын жаны редакциясы Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды. Мыйзам долбоорунун дааватка байланыштуу жери динчилдердин нааразылыгын жаратып, коомдук талкууга түшүүдө.

Мыйзамсыз прозелитизмге жол жок

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары Закир Чотаев жаңы мыйзам долбоору Коргоо Кеңешинин 2014-жылдын 3-февралдагы диний жааттагы мамлекеттин саясатын реформалоо чечимине ылайык иштелип чыкканын билдирди.

Мыйзамга диний билим берүү, диний уюмдарды негиздөө, сыйынуучу жайлар, сүннөт, нике тууралуу бир топ тактоочу жоболор кирүүдө. Булар менен катар эле динди жайылтуу, ага үгүттөө боюнча жаңы толуктоолор бар.

“Дин тууралуу жаңы мыйзам долбооруна үгүткө байланыштуу мыйзамсыз прозелити́зм деген түшүнүктү киргизип жатабыз. Башкача айтканда, өз динин жайылтууда жана башка адамдарды үгүттөөдө психологиялык же физикалык таасир этүү,коркутуп-үркүтүү, зомбулук колдонулса, ал мыйзамсыз прозелити́змге жатып калат. Бул нерселер буга чейинки иштеп келген мыйзамда деле чектелген. Динди жайылтууда үймө-үй кыдырууга да тыю салынып жатат. Динди жайылтуу үчүн атайын максатталган жерлерде гана жүрүүсү керек”, - деди Закир Чотаев.

Жаңы мыйзамга ылайык, диний адабияттар, аудио, видео файлдарды коомдук жайларда таратууга да жол берилбейт.

Дааваттын зыяны жокпу?

“Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлары менен айрым диний көз караштагы активисттердин сынына кабылды.

Image caption Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия: үгүт тартиби менен болуш керек

Алардын бири БЭК саясий партиясынын теңтөрагасы Руслан Бекназаров демилге Жогорку Кеңеште өтпөйт деген үмүтүн билдирип, дааватка чыгып жүргөн жаран катары мыйзамга ичи чыкпаганын айтты.

“Дааваттын эч кандай зыяны жок. “Шөлбүрөп кийинип алып үйүңө келип, минтип-тигинтип” дегендер дааваттын тартибин жана ал кандай жүргүзүлүп жаткандыгын билбегендер адамдар. Алар кимдир бирөөдөн укканын бузук телефондой кылып туура эмес жеткиргендер. Дааватка өзү үйрөнүү үчүн чыгат. Мисалы, үч күн, 40 күн, төрт ай деген өзүнүн эрежелери бар. Дааватка туура намаз окуганды, дараат алганды жана башка диндин эрежелерин үйрөнүп келүүгө чыгышат. Айыл жеринде арактын түбүнөн чыкпаган, үй-бүлөсүнө ызы-чуу салып келген көптөгөн адамдар бүгүн ушул дааваттын аркасы, мээнети менен беш маал намаз окуп, үйүнө тынчтык келип жашоолору оңолуп к алганын көрүп жүрөбүз. Дааваттан эч бир зыян көрдүм, жабыр тарттым дегендерди уга элекпиз”,-деди Руслан Бекназаров.

Эрежеден тыш үгүт айыбы 5 миң сом

Өз кезегинде Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары Закир Чотаев үгүт маселинде арыздангандар көп болуп жаткандыгын айтты.

Үгүткө байланыштуу жаңы эрежелер жалаң гана бир диндин өкүлдөрүнө багытталган деген түшүнүк дагы туура эмес .

“Жарандар тарабынан даттануулар көп экенин билесиздер. Кун сайын бир нече жолудан келишип эшик каккылашып абдан таңуулаган мүнөздө динге үгүттөшөт. Андай үгүттү ар кайсыл дин өкүлдөрү жүргүзүп келишет. Мисалы, христиандык диний уюмдардан “Свидетели Иеговы” бар, даават өкүлдөрү да бар. Эч ким алардын ишмердиги чектелсин деп аткан жери жок, бирок үгүт тартиби менен болуш керек. Башка жарандардын деле ал адамдардыкындай динди тутуу боюнча эркиндик жана укуктары бар. Өзүңдүн динге болгон укугуңду колдонуп жатып башкалардыкын бузганга болбойт. Бул жерде биз балансты сактаганга аракет кылдык”,- деди Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун ору басары.

Үгүт жүргүзүүдө жаңы эрежелерди бузгандарга карата административдик чаралар да каралган. Алалы, мындан ары үймө-үй кыдырып, жарандарга таңуулап динди жайылткандар 5 миң сомго чейин айып пулга жыгылышат. Бирок бул үгүт маселесинде үстүрт эреже бузгандар үчүн гана чара, ал эми үгүткө жамынып экстремисттик жана террордук идеяларды тараткандар Кылмыш кодексинин негизинде жоопко тартылышат.

Учурда иштеп жаткан дин тутуу тууралуу мыйзам 2008-жылы кабыл алынган.

Тектеш темалар