Ѳзгөндө жер көчкү 24 адамдын өмүрүн алды

Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирген алдын ала маалыматтарга караганда 24 киши көчкү алдында калган. Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан алдын ала маалыматтарга караганда 24 киши көчкү алдында калган.

Оштун Өзгөн районундагы Зергер айыл аймагынын Аюу айылында эрте менен болгон жер көчкү кырсыгы жети турак үйдү басып калды. Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 24 киши көчкү алдында калганын маалымдады.

"Такталган маалымат боюнча Ош облусунун Өзгөн районундагы Заргер айыл аймагынын Аюу айылында 2017-жылдын 29-апрель күнү саат 06:40 чамасында жер көчкү жүрүп, натыйжада 7 турак үйдү басып, анын ичинен 1 турак үйдө эч ким жашабайт, алдын ала маалымат боюнча болжол менен 6 үйдө 24 жаран көчкү алдында калып калышкан. Бул турак үй ээлерине 2017-жылдын 28-март күнү КР ӨКМнин мониторинг департамент тарабынан жана айыл аймак тарабынан коопсуз жайга көчүп чыгуу боюнча жеке эскертүүлөр берилген",-деп айтылат министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Сүрөттүн автордук укугу official

Кырсык болгон аймакта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 100 куткаруучусу издөө иштерин жүргүзүп жатканы кабарланды.

Быйыл жер көчкү жана сел коркунучу кооптуу болуп жатканын Ѳзгөчө кырдаалдар министрлиги жаз башынан тарта эле эскертип келүүдө. Министрликтин маалыматына караганда өлкө боюнча жер көчкү коркунуч күтүлгөн аймактарда төрт миңге чукул үй-бүлө жашап жатат. Алардын көпчүлүгү Жалал-Абад жана Ош аймагына туура келет. Жала-Абадда эле бир жарым миңдей кишини коопсуз жайга көчүрүүгө туура келет.

Сүрөттүн автордук укугу official

Жакында эле Ѳзгөндө болгон жер көчкү бир үй-бүлөнү басып калып, алты киши каза тапкан. Андан кийин дагы ушул аймактан бир киши көчкү алдында калды. Көп өтпөй Жалал-Абад аймагында болгон жер көчкү үч кишинин өмүрүн алды. Ош-Бишкек унаа жолунда кар көчкү алдында калып төрт киши каза тапкан.

Президенттин кайрылуусу

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго каргаша болгон жерде издөө-сактоо иштеринин жүрүшү тууралуу саат сайын кабарлап туруу тапшырмасын берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымат таратты. "Президенттин Аппарататында Аза күтүү күнүн жарыялоо жөнүндө Жарлык даярдалууда",-деп айтылат маалыматта.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Кырсык болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов барды.

"Бүгүн Кыргызстанда, тилекке каршы, кайрадан көчкү болуп, Өзгөн районунда кичинекей айылды, он чакты үйдү басып калды. Жетөөсүндө киши жашап жаткан дейт. Бирок, баарынан кейиштүүсү, эки-үч күн мурун барып, көчкүлө десе укпай, "көчпөйбүз" деп, ошол жакта жашаган биздин мекендештерибиз такыр болбой коюптур да. Мына бүгүн биометриялык жаңы паспортту жасай турган жерге келип, эскисин, жаңысын көрүп жатабыз. Албетте, тилегибиз дагы жакшы: жакынкы жылдарда, үч-төрт жылдын ичинде кыргыздардын саны жети миллион болуп калат, - деп. Бирок ушундай кайгы болду да. Мен деле айылда өскөм. Көчкүсү келбегендерди да түшүнөм. Жазында даяр жайыт турат, көчкүсү келбейт. Бирок, макул сен үйдүн кожоюну көчкүң келбесе, балдардын эмне убалы бар? Малдын башы балдардын башынан артыкпы? Малдын жаны баланын жанынан артыкпы? Ошол балдар аман калса, малын да сатып берет. Ишкер болот. Мүмкүн президент болмок ошол балдар. Мекендештериме кайрылат элем. Малдын жанын, дүнүйөнү баладан өйдө койбосок. Анткени, ошол жерде көчкүсү келбей койгон, мүмкүн, чечимди кабыл алган чоңдору да - атасыбы, апасыбы, чоң апасыбы, бирок балдар кетип жатпайбы!",-деген 29-апрелде мамлекеттик «Инфоком» ишканасынын алдындагы калкты персонификациялоо Мамлекеттик борборуна барган учурда Президент Атамбаев.

(AbA)

Тема боюнча башка макалалар