Жер көчкү алдында калгандардын тогузу жаш балдар

Учурда кырсык болгон аймакта издөө иштери жүрүп жатат. 200гө чукул кутакаруучу иш алып барып жатканы айтылды Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Учурда кырсык болгон аймакта издөө иштери жүрүп жатат. 200гө чукул кутакаруучу иш алып барып жатканы айтылды

Кыргызстандын Ѳзгөчө кырдаалдар министрлиги Өзгөн районундагы Зергер айыл аймагынын Аюу айылындагы жер көчкү басып калган бүлөөлөрдүн тизмесин чыгарды.

Мекеменин маалымат кызматы тарткан кабарда көчкү алдында калгандардын дээрлик көпчүлүгү жаш балдар экени айтылган:

«Көчкүнүн алдында калган жарандардын тизмеси:

1.К.И. (эркек киши) (аялы, эки уулу, эки кызы болгон) - бардыгы 6 киши.

2.К.М. (эркек киши) (бир кызы болгон) -2 киши.

3.Р.Х. (эркек киши) (аялы, бир кызы, эки небереси) -5 киши.

4.Р.А. (эркек киши) (аялы, бир уулу, бир кызы)-4 киши.

5.Р.И.дин (эркек киши) бир уулу болгон.-1 киши.

6.К.А. (эркек киши) (аялы, бир уулу, бир небереси, келини, бир уулу)-6 киши.

Жалпы: 6 үйдө 24 жаран болгон»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда кырсык болгон аймакта издөө иштери жүрүп жатат. 200гө чукул куткаруучу иш алып барып жатканы айтылды. Ѳкмөт Ыкчам штаб түзгөн. Учурда аймактагы 40 ка чукул бүлөөнү коопсуз жайга көчүрүү иштери жүрүп жатат.