Ѳзгөн: көчкү алдынан үчөөнүн сөөгү табылды

Image caption Көчкү алдына калгандардын арасында жаш балдар бар.

Ѳзгѳн районундагы Аюу айылында кѳчкү алдында калгандарды издөө иштери уланууда. 30-апрелде үч адамдын сөөгү табылды. Ал ортодо Кыргызстандын Аалымдар кеңеши көчкү болгон жердеги адамдардын сөөгүн издебей, ал жерди кабырга айлантууга уруксат берген чечим чыгарды.

Аалымдар кеңеши чыгарган чечимде көчкү алдында калган адамдардын сөөгүнүн табылышы чоң кыйынчылык жараткан учурда ал жерди кабырга айлантууга шарият жол бере турганы айтылат. Бул маалыматты Би-Би-Сиге Кыргызстан Ислам университетинин ректору, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Марс Ибраев билдирди.

Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү бүгүн Аюу айылына барып, тийиштүү чечимди жергиликтүү элге тааныштырып, түшүндүрүп беришмекчи.

Ошол эле учурда жергиликтүү эл өзү макул болгонго чейин сөөктөрдү издөө иштери токтотулбай турганын Өзгөчө кырдаал министрлиги билдирди. Сөөк издөө иштери бүгүн эртең менен кайрадан жанданды.

29-апрелде Оштун Өзгөн районундагы Зергер айыл аймагынын Аюу айылында эрте менен болгон жер көчкү кырсыгы жети турак үйдү басып калган. Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 24 киши көчкү алдында калганын маалымдады. Көчкү алдында калгандардын көпчүлүгү жаш балдар.

Кырсык болгон жерде 300 дөн ашык куткаруучу иш алып барып жатканы айтылды. Ѳкмөт Ыкчам штаб түзүп, аймактагы 40 ка чукул бүлөөнү коопсуз жайга көчүрүп жатат.

Тема боюнча башка макалалар