Алай районунда жаңы жер көчкү жаракалары пайда болду

Кабылан-Көл айыл аймагынын Курулуш айылы
Image caption Кабылан-Көл айыл аймагынын Курулуш айылы

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Алай районунда 1-май күнү жаңы жер көчкү активдешип, 3 метрге чейин сүрүлүп барган.

Аталган министрликтин Алай райондук бөлүмүнөн Би-Би-Сиге билдиргендей, айыл аймак тарабынан жашоочуларды көчүрүү иштери кечээ түнү жүргүзүлдү.

“Ош облусунун Алай районунда 2017-жылдын 1-май күнү саат 10:00дө Кабылан-Көл айыл аймагынын Курулуш айылында жер көчкү жаракалары пайда болуп, 3 метрге чейин сүрүлгөн. 200 метр алыстыкта 2 турак үй жайгашкан. Айыл аймак тарабынан көчүрүү иштери жүргүзүлүп, 12 үй-бүлө түн ичинде туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлдү”, - деди ӨКМдин Алай райондук бөлүм башчысы капитан А.Исакулов.

30-апрелде Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагында дагы жер көчкү жүрүп, он бир үй жер көчкү алдында калганы кабарланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, киши өмүрүнө зыян келген эмес. Айыл жашоочулары бир күн мурун коопсуз жайларга көчүрүлгөн.

29-апрелде болсо Зергер айыл аймагынын Аюу айылында эрте менен болгон жер көчкү кырсыгы жети турак үйдү басып, 24 киши көчкү алдында калып, курман болгон.

Өзгөндөгү бул окуя тургундарды кооптуу жайлардан көчүрүү чараларын көрүүгө аргасыз кылды. Учурда көчүрүлгөн жарандарга өкмөт тарабынан 118 чатыр тигилип, убактылуу баш калкалашууда.