Ак үй Трамп менен Путиндин сүйлөшөөрүн жарыя кылды

Эки президенттин маеги москва убактысы боюнча саат 19.30га белгиленди.
Image caption Эки президенттин маеги москва убактысы боюнча саат 19.30га белгиленди.

АКШ президенти Дональд Трамп 2-майда орус президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшүүлөр өткөрөт. Ак үйдөн билдиришкендей, сүйлөшүүлөрдө негизги тема Сирия болору күтүлүүдө.

Эки президенттин маеги москва убактысы боюнча саат 19.30га белгиленди.

Бул Трамп президенттикк кызматка киргенден кийинки Путин менен үчүнчү жолу телефондук сүйлөшүүсү болмокчу жана ал Москва менен Вашингтон ортосунда абал чыңалган абалга туш келип жатат.

Эки лидердин алгачкы сүйлөшүүсү 28-январда өтүп, Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу жана 'Ислам мамлекетине' каршы күрөш тууралуу болгон. Эки тараптуу соода-экономикалык байланышты калыбына келтирүү, Ирандын өзөктүк куралы жана Украина дагы негизги темалардан болгон.

Буга чейин деле Трамп менен Путин пикир алышканы маалым, бирок ал байланыштар Трамптын инагурациясына чейин болгон. Путин былтыр ноябрда өткөн АКШдагы президенттик шайлоодо жеңип чыккан Трампты биринчилерден куттуктаган.

Кийинки президенттер сүйлөшүүсү быйыл 4-апрелде орун алып, Трамп Санкт-Петербургдагы терактка байланыштуу Путинге көңүл айткан.

Трамп шайлоо алдындагы кампания маалында эле орусиячыл кандидат катары кабылданып келген. Ал Путин менен мамилени жөнгө салуу ниетин билдирип келген. Кремль дагы Вашингтон менен мамилени жакшыртууга ниеттүү экенин билдирген.

Трамп менен Путин сырттан бирин-бири мактаганы да бар. Бирок апрелде Путин Москва менен Вашингтондун ортосундагы мамиле Трамптын тушунда мурункудан да салкындап кеткенин белгиледи.

Сириядагы өкмөттүк базаларга Трамптын ракеталык сокку уруу чечими буга себеп болду.

Орус президентинин басма сөз кызматкери Дмитрий Песков Эй-би-си телеканалынын Good Morning America програмасына интервью берип жатып, Орусия менен АКШ кансыз согуш абалындабы деген суроого, балким, андан да жаман деген жообун берген.

Бир нече күн мурун Трамп 2016-жылы өткөн президенттик шайлоодо Орусия үгут кампаниясына кийлигишиши мүмкүн деп ойлогонго мүмкүн деген мазмунда билдирүү жасады. Бирок анын шайлоо штабы орусиялык атайын кызматтар менен сүйлөштү дегенди четке каккан.

20-мартта АКШда Эл өкүлдөр палатасынын угууларында ФБР директору Джеймс Коми Трамптын шайлоо штабы менен орусиялык атайын кызматтардын байланышы иликтенип жаткандыгын айткан.

Орусия бийликтери да АКШ шайлоолоруна тиешеси жоктугун айтып чыгышкан.

lanm�h