Жерүй: экология элдин көзөмөлүндө

Таластагы Жерүй алтын кенинде алгачкы курулуштар башталды. Орусиялык компания 2018-жылдын аягында биринчи алтынды казып алууну пландап жатат. Бул кен жергиликтүүлөрдүн каршылыгы, соттошуулар менен аты чыккан.

Жакында Жерүй кенин иштетүү үчүн инфраструктурасын куруунун ачылышы болду. Алтын казчу фабрика, калдыктар сакталчу жай менен бирге жолдор салынат, суу чыгарылып, электр жарыгы жеткирилет жана ар кандай имараттар курулат.

Муну ишке ашырчу орусиялык “Восток-геолдобыча” компаниясына караган “Альянс-Алтын” ишканасынын коом менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Данияр Жаныкулов менен маектештик. Андан адегенде инфраструктура курулушу качан жыйынтыкталарын сурадык.

Жаныкулов менен маекти бул жерден тыңдаңыз:

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Таластагы Жерүй алтын кенинде алгачкы курулуштар башталды.

Компания долбоор жүрүп жаткан жылдары жалпы 532 млн долларды салык катары берет деп эсептелген, ага 11 түр салык кирет.

Жерүй жайгашкан Талас районундагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Кубанычбек Молдобековдон жергиликтүүлөрдүн оюн сурадык. Анткени бул компания тендерди уткандан кийин да жеринде бир нече жолу протесттер болду. Алар көбүнчө экологиялык коопсуздукка тынчсыздануулар эле. Молдобеков азыр иштин башталышын колдогон менен тескөө укугубузду колдон чыгарбайбыз дейт.

“Алтындан дагы ден соолугубуз биринчи турат. Мен эксперттерди чакырып көз карандысыз байкоо жүргүзөбүз дедим. Булар өздөрү да чакыра бергиле деди. Биз ден соолугубуз үчүн акчаны аябайбыз. Керек учурда эксперттерди чогултуп, экологиялык коопсуздукка байланыштуу тескөө, байкоо жүргүзүп турабыз”, - деди Би-Би-Сиге Молдобеков.

Геологдор ассоциациясынын жетекчилиги баш болгон окумуштуулар Кыргызстан Жерүйдү өзү иштете алат деген пикирди айтып келген.

Сүрөттүн автордук укугу NONE
Image caption Жерүйдүн алтын кору Советтер союзунда 74 тонна деп изилденген

Анын мүчөсү Валентин Богдецкий муну Кумтөрдөн түшкөн каражатка жасаса, мамлекетке көбүрөөк киреше түшмөк дейт.

“Бул компания тууралуу менде көп маалымат жок, бирок тажрыйбасы чоң эмес. Ачык айтканда, айрым шектенүүлөр бар. Алтындын корун көбөйтүп айтып жатышат. Мындан улам сатканы жатабы деген түкшүмөл ойго кетесиң”, - деген Богдецкий Казакстан кору 40 тоннаны түзгөн, алтын кени тоннасына 1,5-2 грамм болгон Комаров кенин 100 миллион долларга сатканын айтып, Жерүйдүн лицензиясы да арзан кеткенин белгиледи.

Жерүйдө болсо тоннасына 6-8 грамм алтын бар дешет.

Кыргызстан Жерүйдү иштетүүдө Кумтөрдү казган Канада компаниясынын тажрыйбасын колдонсо болмок деген ойдо геолого-минералдык илимдеринин кандидаты Богдецкий:

Сүрөттүн автордук укугу NONE
Image caption Жерүй лицензиясын сатуу боюнча акыркы тендерден кийин да жергиликтүү тургундар жыйындарды, талкууларды өткөрүп келет

“Кыргызстан жакшы команда жалдаса болмок. Алалы, Кумтөрдү казган канадалык “Камеко” уран компаниясы алтын боюнча эч нерсе билбейт. Бирок команда жалдашты, долбоорду башкарчу “Кумтөр оперейтинг компанини” түзүштү. Акча эле төлөсөң адистер келип кылып берет. 300-350 миллион доллар керек болушу мүмкүн. Биздин Кумтөрдөгү акциябыз бир жарым млрд, керек болсо бир млрд 800 миң долларга жеткен. Андыктан мунун кепилдиги менен кредит алып, кенди казсак болмок”.

Бир жагынан мурунку бийлик учурунда Жерүйдү иштетүүгө лицензия алган казакстандык “Визор Групп” компаниясы Кыргыз өкмөтүн 580 млн долларлык доого жыккан. Арбитраждык сот Кыргызстандын чет жердеги бардык активдерин камакка алган. Азыркы компания анын жоокепрчилигин өзүнө алды.

Советтер союзу учурундагы эсеп боюнча, Жерүйдө 74 тонна алтын бар. Ал Кумтөрдөн кийинки ири алтын кени саналат. Бирок соңку кездерде массалык маалымат каражаттары ал жердеги алтын корун жүз тоннага чейин жеткирип жазышууда.

Жерүй буга чейин бир нече компанияга өтүп, бирок иш кенди казууга жеткен эмес. “Восток-геолдобыча” 2015-жылы өткөн тендерди уткан.