Аял депутаттардын санын көбөйтүү убайымы

Бишкектеги жүздөн ашуун саясий активист аялдардын жолугушуусу
Image caption Бишкектеги жүздөн ашуун саясий активист аялдардын жолугушуусу

Бишкекте жүздөн ашуун саясий активист аялдар менен жергиликтүү жана Жогорку Кеңештин депутат айымдары чогулуп, жергиликтүү жана Жогорку Кеңештин ортосундагы шайлоочулардын муктаждыктарын чечүү боюнча кызматташтыкты талкуулашты. Статистикалык мааламыттар соңку жылдары жергиликтүү кеңеште дагы, ЖК дагы аял депутаттардын саны кыскарып, активдүүлүүгү төмөндөп кеткенин көрсөтүүдө.

Ал арада парламентте жергиликтүү жана Жогорку Кеңештеги аялдардын санын көбөйтүү үчүн шайлоодон өтүү жеңилдиктерин камтыган мыйзам долбоору биринчи окуудан кабыл алынган. Эгер сунушталып жаткан мыйзам долбоору өтүп калса, аялдардын шайлоого катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет дешет демилгечилер. Алардын бири, ЖК депутаты Аида Касмалиеваны Би-Би-Си маекке тартып, алгач, депутат аялдардын мамилесин жакшыртууга багытталган тегерек столдо сөз болгон орчундуу көйгөйлөр тууралуу сурады.

Аида Касмалиева: Мындай деңгээлдеги тегерек стол биринчи жолу болуп жатат. Бирок буга чейин жергиликтүү кеңештердин депутаттары менен жолугушуулар болуп келген. Депутат аялдардын биргелешип иштөөсү абдан чоң мааниге ээ. Мен үчүн абдан пайдалуу болду. Себеби ал жерге ар кайсы облустардан өкүлдөр келип, айылдык кеңештердеги көйгөйлөрдү көтөрүп, аларды чогуу чечүүнүн жолдорун издедик. Негизи Жогорку Кеңеште аял депутаттардын форуму бар. Алар менен тыгыз кызматташуу үчүн, ар бир облуска, ар бир айылга, айыл өкмөттөрүнө барып, ошол жактан аял депуттарды чогултуп, биргеликте долбоорлорду дагы жасаса болот.

Негизи мен көтүрүлгөн маселелер боюнча окшоштуктарды айтып эле келатам. Айыл жергесинде негизги көтөрүлгөн маселе: пенсия качан көтүрүлөт, мектептеги окуучулардын тамагы, анын сапаты, тендер маселеси. Кээде алар Жогорку Кеңеште көтөрүлүшү керек, кээде айылдык кеңеште эле бүтүрүлчү жумуштар бар. Бирок биз келечеке тактап алсак жакшы болот, кайсы жумуштар айылдык кеңештин депутаттары тарабынан бүтүшү керек ,кайсы жумуштар Жогорку Кеңешке чыгышы керек.

Image caption ЖК депутаты Аида Касмалиева

Би-Би-Си: Кыргызстанда соңку кездери аял депутаттардын саны азайып кеткенин расмий булактар дагы, бейөкмөт уюмдар дагы кулак-кагыш кылып жатат. Мунун себеби эмнеде? Аны кантип көбөйтүү керек?

Аида Касмалиева: Эксперттердин презентациясынан айрым маалыматтар менен бөлүшө кетсем. Кыргызстан ушул тенденция менен кете берсе, 2020-жылы айылдык кеңештерде биз аялдарды көрбөй калабыз. 2028-жылы болсо таптакыр эле жок болуп калат. Себеби, депутат аялдардын саны жылдан жылга азайып баратат. Статистиканы мисал кылсак, айылдык кеңештерде 2004-жылы 19% аял болгон, 2008-жылы 17%, 2012- жылы 13% эле, 2016-жылкы шайлоолордо 10% болуп түшүп кеткен. Ал эми мандаттарды жоготуу боюнча дагы абдан көп мисал бар. Шаардык кеңештерде дагы ушундай эле көрүнүш: Ташкөмүр, Өзгөн, Майлы-Сууда 10% эле аялдар болуп калган, Жалал-Абадда 6%. Бул сандар көрсөткөндөй, бара-бара шаардык кеңештерде дагы, айылдык кеңештерде дагы аялдар азайып баратат. Андан сырткары Жогорку Кеңеште 30% квота бар, бирок ал деле сакталбайт. Шайлоого чейинки тизмеде ар бир төртүнчү адам аял болуш керек деп квота сакталган, ЖКга баргандан кийин ал мыйзам иштебейт. Ал эми айылдык кеңештерде абал оор, ал жерде мажоритардык система менен шайланып келишет. Бул системанын өзү аял үчүн абдан оор, себеби ал өзү чыгышы керек, өзүнүн ресурстарын алышы керек, партиялык тизме менен кирбейт. Партиялык тизме бул аялдар үчүн абдан жакшы, ошондуктан ушул чакырылыштагы эң маанилүү мыйзам бул жергиликтүү кеңештер боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү. 30% орунду айылдык кеңештерде аялдарга калтыруу керек. Бул мыйзам биринчи окуудан өттү, эми аягына чейин өткөрүп алышыбыз керек, башкача айтканда кийинки шайлоолорго чейин. Бул мыйзам аялдар тобунда иштелип чыккан.

Би-Би-Си: Алдыда келаткан президентик шайлоодо аялдардын активдүүлүгү кандай болот деп ойлойсуз?

Аида Касмалиева: Роза Исаковна Отунбаеванын президент болушу биздин коом үчүн абдан жакшы болгон. Бул Отунбаеванын өзүнүн саясаттагы ордуна дагы байланыштуу, бирок, негизинен аял президент болду деген коомчулуктун пикирине, биздин аң сезимибизге жакшы таасир берип, Борбор Азияда биринчи аял президент катары алдыга жасалган чоң кадам эле. Бирок тилекке каршы, эгер бул шайлоолордо президенттикке талапкер айым аттанса, ал формалдуу түрдө эле аттанып калышы мүмкүн. Себеби артында ресурстар жок. Менин байкашымча, бул ирет бир эки айым шайлоого барабыз деп жатышат. Бул жерде мени өкүндүргөнү- активдүүлүк аз. Кандай болгон күндө да айымдар президенттик шайлоого катышышы керек. Бул бардык аялдардын укугуна, коомдогу ордуна таасир этет.