Британ парламенти шайлоолорго чейин ишин токтотту

Парламент лондон убактысы боюнча 3-майга караган түнү саат 00:01де таркатылды.
Image caption Парламент лондон убактысы боюнча 3-майга караган түнү саат 00:01де таркатылды.

Британ парламенти 8-июнда өтө турган кезексиз парламенттик шайлоого чейин ишмердигин токтотту. Жергиликтүү мыйзамдарга ылайык, парламент шайлоого 25 иш күн калганда тарап кетиши шарт. Жергиликтүү мыйзамдарга ылайык, парламент шайлоого 25 иш күн калганда тарап кетиши шарт. Парламент лондон убактысы боюнча 3-майга караган түнү саат 00:01де таркатылды.

Дал ушул убакыттан тарта Улуу Британиянын мыйзам чыгаруучу органы ишмердигин токтотуп, депутаттар парламент мүчөсү макамынан айрылышты. Алар үчүн буюм-тайымдарын жыйнап, иш орундарын таштап кетүүгө бир нече күн берилди.

Ошол элек убакта премьер-министр Тереза Мэй жана өкмөт мүчөлөрү шайлоого чейин кадимкисинче иштей берет.

Шаршембиде Мей Елизавета II ханышасы менен жолугуп, ага парламент тараганы жана шайлоо өнөктүгү башталганы тууралуу малымат берет.

Партиялар азырынча шайлоо алдындагы ураан жана программалары тууралуу жарыя жасай элек. Бирок алар бюджеттик чыгымдар жана салык маселелеринде талашып-тартыша башташты.

Лейбористтик партия ооруканадагы стационарларды жабууну токтотуп, саламаттыкты сактоо тармагындагылардын эмгек маянасын көтөрүп, кошумча 10 миң полицияны жалдоо жана корпорациялардан алынчу салыкты көбөйтүүнү убадалап жатат.

Мей жетектеген Консервативдик партия бул планды 'бомба' атады. Британиянын Евробиримдиктен чыгышы боюнча министр Дэвид Дэвис лейбористтердин убадасын маңызы жок жана жоопкерчиликсиз деп сыпаттады.

Тереза Мэй жекшембиде салыкты көбөйтүү боюнча пландары жок экенин айткан.

Өкмөт башчы 18-апрелде парламенттен кезексиз шайлоону үч жылга эрте, быйыл 8-июнга белгилөөнү суранган. Мей бул Британия Евробиримдиктен чыгуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштап жаткан чакта стабилдүүлүктү камсыздоо үчүн зарыл деген эле.

Сурамжылоолор көрсөткөндөй Мей жетектеген Консервативдик партия шайлоодо жеңип чыгышы мүмкүндүгү көбүрөөк болууда.