Эмдөөдөн баш тарткандар салыштырмалуу кыскарды

Кыргызстанда балдарын эмдетпегендер саны кыскарууда
Image caption Кыргызстанда балдарын эмдетпегендер саны кыскарууда

Кыргызстанда балдарын эмдетпегендер саны кыскарууда. Буга эки жыл мурда кызылча оорусунун жайылып кетиши сабак болду. Ага карабай жылда жүздөгөн адамдын эмдөөдөн баш тартышы өлкөнүн олуттуу милдети боюнча калууда.

Республикалык эмдөө борборунун дарыгери Жолдош Калиловдун айтымында 2012-жылдын башында алты жарым миңдей үй-бүлө баш тартса, быйыл биринчи январда ал төрт жарым миңдин тегерегин түздү.

Эмдөөдөн өтүүгө түшүндүрүү иштери, диний уюмдардын үгүтү да жардам берүүдө дейт Калилов:

“2015-жылдан бери эл түшүнө баштады. Бирок эмдөөдөн баш тарткандардын арасында жогорку билимдүүлөр да бар. Алар интернеттен, башка булактардан вакцинанын зыяны бар деп окушат. Бирок Кыргызстанда иммундук профилактика боюнча мыйзам бар”.

Анткен менен быйыл биринчи кварталда эле эмдөөдөн баш тарткандардын саны эки миңдеш ашкан. Алты миллион калкы бар өлкө үчүн бир нече миң үй-бүлөнүн эмделбегени дале олуттуу көйгөй бойдон калууда дешет адистер.

Иммундук профилактика боюнча мыйзамга өзгөртүу киргизилип, Жогорку Кеңеште экинчи окуудан өттү. Айрым депутаттар балдарды эмдебегени үчүн чоңдорду жоопкерчиликке тартууну сунушташкан.

Image caption Айрым жарандар жергиликтүү медицинага ишебегендиктен да балдарын эмдетпейт

Жаш эне Уркуя Түркияда төрөлгөн биринчи баласын мыйзам милдеттендиргендиктен эмдеткен. Экинчисин Кыргызстанда эмдөөдөн өткөргөн жок. Ага диний ишеним менен бирге медицинага ишенбестик түрткү болгондой.

“Чет өлкөдө эмдеткенге бизди аябай ынандырышкан. “Бала ооруп калган же өлгөн бир да учур болгон эмес” деп кенен түшүндүрүшкөн. Кыргызстанда болсо вакцинаны текшерчү лаборатория болбосо, дарыгерлер өздөрү жакшы билбесе ... Вакцина эмне деп сурасаң, түшүндүрө алышпайт, урушат же кыйкырып “сени албайм” деп эле чыгарып коёт. Ошондуктан мен кызымы поликлиникага да алып барбайм”, - деди Уркуя Би-Би-Сиге.

Кыргызстанда план боюнча эмдөө тогуз оор илдеттин алдын алат. Вакцина болбосо миңдеген адамды өлүмгө же майыптыкка алып келиши мүмкүн болгон ооруларды иммунолог Нарынкүл Орозакунова айтып берди:

“Бизде жылына Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун текшерүүсүнөн өткөн вакциналар келет. Вакцина менен жөнгө салынчу жугуштуу оорулар – шал оорусу, сенек, кептер, көк жөтөл, кургак учук, сасык тумоо, сарыктын B түрү, гемофилдик инфекция, өпкөнүн сезгениши”.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эсебинде, эмдөө бул инфекциялык оорулардан жылына экиден үч миллионго чейин адам өмүрүн сактап калат.

Image caption ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Макуо

Бириккен улуттар уюмунун балдарды коргоо уюму ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Макуо эмдөө дарыланууга кеткен убакыттан, акчадан эң арзаны экенин белгилейт:

“Дүйнөдө дагы деле 20 миллион эмделбеген бала бар. Бул алардын ден соолугу менен өмүрүнө гана коркунуч алып келбестен, баардык коомго терс таасирин тийгизет, анткени инфекциялык ооруну жайылтат. Иммунизация бир гана баланы сактап калбайт, ал жалпы коомдун иммунитетин күчтүү кылат”.

Эмдөө бир гана илдеттен адам өмүрүн сактап калбастан өмүрдүн узундугуна, жалпы иммунитетке жакшы таасир этээри излдөөлөрдө далилденгени айтылат.

Дарыгерлердин айтымында, мисалы, инфаркт, инсульт өңдүү оорулар сасык тумоонун вирусуна байланыштуу болуп калышы ыктымал.

Адистер туура тамактануу, экологиясы жакшы жерде жашоо жана денени чыңоонун маанисин да жокко чыгарбайт. Бирок айрыкча эл, унаа, өндүрүш көп шаар жеринде эмдөөнүн зарылдыгы ого бетер артат.