Өзгөн: жер көчкү алдындагы эки кыздын сөөгү табылды

Жалпылап алганда, топурак астында калган 24 кишинин жетөөнүн сөөгү табылды
Image caption Жалпылап алганда, топурак астында калган 24 кишинин жетөөнүн сөөгү табылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Өзгөн районундагы Аюу-Сай айылында жер көчкүнүн алдында калган эки кыздын жансыз денелерин табышты.

Расмий маалыматка караганда, алар он жана он төрт жаштагы кыздар. Жалпылап алганда, топурак астында калган 24 кишинин жетөөнүн сөөгү табылды.

Кыргызстанда жалпысынан 4500дөн ашык көчкү жүрө турган зона бар деп эсептелип, анын 1100дөн ашыгы эл жашаган конуштарга коркунуч туудурат. Алардын баарынан адамдарды көчүрүп кетүүдөн башка арга жок.

Бүгүн кыргыз өкмөтү республикада түзүлгөн өзгөчө кырдаал боюнча жыйынга чогулуп, кырсыктардын алдын алуу чараларын жана кесепеттерин жоюу маселелерин талкуулап жатат. Өкмөт башчы министрликтердин буга чейин жасаган иштери менен таанышып чыгып, мамлекеттик органдарга кооптуу аймакта жашагандарды көчүрүү үчүн жер участогун трансформациялоо маселесин кароону, тизме түзүүнү тапшырды.