Жер титирөөдөн Чоң- Алайда турак-үйлөр жабыркады

Жер титирөө кыргыз-тажик чек арасындагы Чоң-Алай аймагында да катуу байкалаган
Image caption Жер титирөө кыргыз-тажик чек арасындагы Чоң-Алай аймагында да катуу байкалаган

Ѳзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөөнүн кесепетинен Чоң- Алайрайонунда Карамык, Шиве, Жекенди, Чулук, Кара-Тейит жана Кара-Мык айылдарында бир топ үйлөр жана айрым имараттар авариялык абалга келгенин билдирди.

'Жер титирөөнүн кесепетинен Карамык айылында 26 турак үй изилденип, анын ичинен 24 турак үй, 1 ФАП жана почтанын имараты авариялык абалга келген. Шиве айылында 118 үй изилденип, анын ичинен 9 үй авариялык абалда. Жекенди айылында 36 үй изилденип, 15 үй 1 мектеп жана 1 ФАП авариялык абалда. Чулук айылында 1 үй изилденип, авариялык абалда жана 1 мектептен майда жаракалар пайда болгон. Кара-Тейит айылында 100 үй изилденип, 17 үй авариялык абалда. ФАПтын имаратында майда жаракалар пайда болгон. Кара-Мык айылында таш кулап бир адамдын жайытта жүргөн 110 койу өлгөн',-деп маалымат таратты Ѳзгөчө кырдаалдар министрлиги.

Image caption Кээ бир үйлөрдүн дубалы жарылып кеткен

Учурда аймактагы райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жер титирөөдөн улам келтирилген чыгымдарды эсептеп жатат. Кечээ күнү болгон жер титирөөнүн очогу Тажикстанда катталганы кабарланган. Кыргыз-тажик чек арасындагы Чоң-Алай аймагында да катуу байкалаган.Жер титирөө очогунда 7 баллга чейин болду деп айтылууда. Андан кийин кечинде жана түн ичинде майда силкинүүлөр орун алды. Бир суткада алты жолу жер титирөө катталган.

'Ош облусунун Чоң-Алай районунда Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун берген маалымат боюнча, 2017-жылдын 3-майында саат 10:47де Тажик Республикасынын аймагында очогунда 7 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынын Шибе, Карамык жана Кара-Тейит айылдарында 6 балл сезилген. Кыргызстандын калган түштүк облустарында 4-5 баллга чейин сезилген.Ал эми саат 11:06да жана саат 11:36да ошол эле очогунда кайрадан 4 жана 4.5 баллга жеткен жер титирөө (афтершок) катталган. Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит айылдарында 4 балл, Дароот-Коргон, Жарбашы, Чак, Жаш-Тилек, Кара-Шыбак айылдарында 3 балл сезилген. Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун берген маалыматына ылайык саат 20:35те жана 21:09да Кыргызстан менен Таджикистандын чек арасында кайрадан очогунда 3-4 баллга жеткен жери титирөө (афтершок) катталган. Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык жана Кара-Тейит айылдарында 3,5 балл, Шибе, Кулчу айылдарында 2,5 балл сезилген. Саат 02:03дө Тажик Республикасынын аймагында очогунда 5,5 балл болгон жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылында 5 балл, Карамык, Шибээ, Чак, Жар-Башы, Кулчу, Дароот-Коргон, Жаш-Тилек, Кара-Шыбак айылдарында 4 балл, Ачык-Суу, Кабык, Кызыл-Эшме, Кашка-Суу жана Кара-Кабак айылдарында 3 балла чейин сезилген',-деп билдирди Ѳзгөчө кырдаалдар министрлиги.

Ош шаарында бир мектептин дубалдарынан жарака кеткекен, Баткен облусунун аймагында дагы мектеп, бала бакча имаратарында жаракалар катталган. Турак-жайы авариялык абалга келген тургундарга Ѳзгөчө кырдаалдар министрлиги убактылуу баш калклакоочу чатырларды берди. (AbA)