Кыргызстанда морфин алуу кыйынчылыгы кайра талкууда

Оор абалдагы бейтап паллиативдик жардам алууга укуктуу
Image caption Оор абалдагы бейтап паллиативдик жардам алууга укуктуу

Активисттер акыркы баскычтагы онкологиялык ооруларды морфин менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселесин көтөрүүдө. Алардын билдиришинче, апрелде дарыканаларда морфин жок болуп калган. Ал эми саламаттык сактоо министрлиги анын запасы жетиштүү экенин айтууда.

Бишкектик Алексей Калмыковдун үй-бүлөсү рак менен ооруган оор абалдагы кайын энесин карашат. Апрелде шаар дарыканаларынан бир нече күн морфин табылбай калганда оорулуунун кыйналганынан бүт үй-бүлөнүн айласы куруганын айтууда:

"Морфиндин таблеткасы бар болчу. Бирок күндө он бешти ичсе да таасир этпейт. Медицина албетте, эми үйдө гана карагыла деген. Паллиативдик жардамдын дарыгерлери морфин кайра пайда болгуча кандай гана дарылардын кошулмасын сайган жок, жардам бербеди. Казакстан менен Орусияда ооруну басчу наркотикалык башка дарылар да бар экен. Бизге жок дегенде морфин үзгүлтүксүз келип турса дейбиз. Анткени киши көз алдыңда жан чыдагыс оору менен ооруп жатса, андан да сага кыйын".

Морфин өңдүү ооруну басаңдатуучу наркотикалык дарылар рактын акыркы стадияларыдна берилет.

Алардын чек арадан киргизилип, таратылып, колдонулушу катуу көзөмөлдө болгондуктан бейтаптардын алышы оор экенин укук короочулар буга чейин да көтөрүп келишкен.

Паллиативдик, башкача айтканда бейтап өмүрүнүн акырында анын оорусун басаңдатууга жардам берүүчү дарыгер Марал Турдумаматова адам жок дегенде өлүп баратканда жай жатып жан берүүгө укуктуу дейт:

Image caption Морфинди бейтаптар дарыгердин рецеби менен гана алалат

"Морфин жок болуп калган учурда кыйналган бир бейтап эсимде калды. Анткени ал жаны ооругандан аябай азап чекти. Ошондон өлдү. Морфинди зарыл өлчөмдө ала алган жок. Ошондуктан морфин биздин бейтаптар үчүн өтө маанилүү экенин коомго жеткиргибиз келет"..

Саламаттык сактоо тармагындагы активисттер морфин бул жолу эмнеге жок болуп калганын териштирүүгө аракет кылышты. Көпчүлүгүн жеке менчик түзгөн дары базары бажыдан маселе чыкканын айтышкан. Андыктан Бажы кызматына кайрылышты.

Бажы кызматынын өкүлү Эркин Иманалиев морфинди өткөрбөө боюнча факт катталбаганын айтып, маселе импорттоочунун документтери туура эмес болгондо гана чыгат деди.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигине караган Дары-дармек менен камсыз кылуу департаменти алардын милдети наркотикалык дарыларга уруксат берүү гана экенин билдирди. Анын өкүлү Азизбек Абылгазыевдин айтымында, ушу тапта морфиндин беш айга жетчү запасы жеке менчик сектордо турат.

Ошентип морфидин 5-6 күн жок болуп калышынын себеби белгисиз боюнча калды.

Image caption "Эргэне" коомдук фондунун жетекчиси Таалайгүл Сабырбекова

Мына ошондуктан активисттер мамлекеттен жөнгө салууну сурашат. Бишкекте табылбай жатса, аймактарда рактын оор стадиясына жеткен бейтаптардын абалын элестетүү кыйын дешет алар.

"Жаны кыйналып жаткан адам өзүн коргоп, бир жакка кайрыла албайт. Ошондуктан алардын үнүн биз жеткирип чыгышыбыз керек. Жеке дарыканалар албетте өз кызыкчылгын, пайдасын ойлошот. Эгер дарыканада морфин жок болсо, үй-бүлөлүк даыргерлер борборунун директору өзүнө караган калкты морфин менен камсыз кылууга милдеттүү", - деди "Эргэне" коомдук фондунун жетекчиси Таалайгүл Сабырбекова.

Мыйзамга ылайык, бир оорулуу жылына 300 ампула морфинди акысыз алалат. Андан кийин дарыгердин көрсөтмөсү менен сатып алса болот. Жогорудагы активисттер дарыгерлердин билиминде да маселе бар экенин айтып, 300 ампула бүткөндөн кийин рецепт жазып бербей койгон дарыгерлер кездешет дешти.

Ал эми дарыкана мындай дарыларды врачтын мөөрү жок бербейт. Анын үстүнө Кыргызстанда морфинди саналуу гана дарыкана алып келет.

Кыргызстанда жылына 3000 киши рактан көз жумат. Алардын 80 пайыздайы жан ачыштырган ооруга кептелип, жетиштүү түрдө паллиативдик жардам алалбайт.