Кыргызстанда дагы жер силкинди

Ѳлкөнүн Сейсмология институтут тараткан маалыматка караганда жер титирөөнүн очогунда 4,5 балл болгон
Image caption Ѳлкөнүн Сейсмология институтут тараткан маалыматка караганда жер титирөөнүн очогунда 4,5 балл болгон

Кыргызстанда жергиликтүү убакыт боюнча 11: 25те кайрадан жер титирөө катталды. Ѳлкөнүн Сейсмология институтут тараткан маалыматка караганда жер титирөөнүн очогунда 4,5 балл болгон.

'Жер титирөөнүн очогу Тажикстан аймагында катталып, очогу Кыргызстандын Чоң-Алай районундагы Алга айылынан 5 чакырым түштүк тапта, Кара-Тейит айылынан 10 чакырым түштүк-батыш тарапта, Баткен шаарынан 110 чакырым түштүк- чыгышта болду',-деп кабарлайт Ѳзгөчө кырдаалдар министрлиги.

Алга айылында 4,5 балл,­ Кара-Тейит , Карам­ык айылдарында 4 балл сезилген. 'Кыйроолор жана адам курмандыгы болгон жок',-деп билдирди аталган мекеме. Мындан эки күн мурун бул аймактарда катталган жер титирөөдөн бир топ турак үйлөр жабыркаган эле. Жалпы 70ге чукул турак-жай жабыр тартканы айтылган.

Учурда аймактагы райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жер титирөөдөн улам келтирилген чыгымдарды эсептеп жатат. Анда дагы жер титирөөнүн очогу Тажикстанда катталганы кабарланган. Кыргыз-тажик чек арасындагы Чоң-Алай аймагында да катуу байкалаган.Жер титирөө очогунда 7 баллга чейин болду деп айтылууда. Андан кийин кечинде жана түн ичинде майда силкинүүлөр орун алды. Бир суткада алты жолу жер титирөө катталган.