Тогуз ирет толукталган Баш мыйзам

Башмыйзам 24 жылдык тарыхында тогуз ирээт өзгөрүүгө дуушар болгон.
Image caption Башмыйзам 24 жылдык тарыхында тогуз ирээт өзгөрүүгө дуушар болгон.

Эгемен Кыргызстандын Башмыйзамы кабыл алынганына быйыл 24 жыл толду. Бул датага байланыштуу президенттин куттуктоосунда Апрель революциясынан кийинки өлкөдөгү өзгөрүүлөр Башмыйзамга карата элдин ишениминин кайтарганы айтылат. 1993-жылдан бери улам жаңы келген бийлик ыгына жараша өзгөртүлүп келген Конституция мамлекеттик документ макамынан тайды дегендер да бар.

Апрель революциясынан кийин Башмыйзамга ишеним арттыбы?

Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосунда Баш мыйзам соңку 20 жыл ичинде авторитардык үй-бүлөлүк режимди чыңдоо максатында бир канча жолу оӊдолуп, натыйжада коом ичинде Конституциянын кадыры кеткен деп айтылат.

Президенттин белгилешинче, 2010-жылы Апрель революциясынан кийин Конституцияга мамиле түп-тамырынан өзгөрдү. Себеби, мамлекеттин бекемделиши боюнча өлкөгү өзгөрүүлөр жарандардын Башмыйзамга жана мыйзамдуулукка ишениминин кайтарды.

“Бул кыска убакта Кыргызстан өнүгүү жолунда ондогон жылдарга тете белести басып өттү. Бул жетишкендиктерди биз 2016-жылы декабрдагы референдум аркылуу бекемдедик. Ошентип, мындан ары бизде кимдир бирөөнүн чексиз бийлигинин орношуна жол жабылды. Кыргызстанда бийлик бутактарынын чыныгы тең салмагы камсыздалды”,-делет президент Алмазбек Атамбаевдин 5-май Башмыйзам күнүнө карата куттуктоосунда.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Атамбаев: Апрель революциясынан кийинки өлкөдөгү өзгөрүүлөр Башмыйзамга карата элдин ишениминин кайтарды

Тогуз ирээт толукталган Башмыйзам

Кыргызстанда соңку жолу Башмыйзам былтыр 11-декабрда өткөн референдум аркылуу өзгөртүлдү. Ага жалпы шайлоочулардын 42 пайызы катышып, анын 79 пайыздан ашыгы негизги документке өзгөртүүлөрдү колдогон.

“Бул өзгөрүүлөр Баш мыйзамдагы өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнө, элибиздин ынтымагына доо кетирген, улуттук маданиятыбызга, адеп-ахлабызга төп келишпеген бир топ миналардан тазалап берди”- деген эле Баш мыйзамынын жаңы редакциясын жарыялоо үчүн жарлыкка кол коюп жатып президент 27-январда.

Убактылуу өкмөткө ажырым салган жаңы Конституция

2016-жылы ишке ашкан Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгеси президент Алмазбек Атамбаев менен анын мурунку тарапташтары - Убактылуу өкмөт мүчөлөрү ортосунда ансыз да дааналанып калган ажырымды күчөттү.

Былтыр 30-августта эгемендик майрам алдында Убактылуу өкмөттүн сегиз мүчөсү: экс-президент Роза Отунбаева; мурунку Баш прокурор Азимбек Бекназаров; УКМК экс-жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев; мурунку коргоо министри Исмаил Исаков; Эсеп палатасынын экс-жетекчиси Элмира Ибраимова; УӨнын аппарат башчысы Эмилбек Каптагаев жана ИИМдин мурунку министри Болотбек Шерниязов жана конституциялык реформа боюнча УӨ орун басары Өмүрбек Текебаев президентке кайрылуу жасап, Баш мыйзамды өзгөртпөө керектигин айтышып, анын түбү бийлик дисбалансына алып барарын эскертишкен.

Конституциядагы жаңы өзгөртүүлөргө ылайык өкмөт башчынын ыйгарым укуктары кеңейип, Жогорку Кеңештин позициясы, тескерисинче, алсызданды.

Премьер-министр парламентке таасир этүүчү күчтүү рычагдарга ээ болуп калды. Мисалы: Жогорку Кеңеш депутаттары демилгелеп жаткан мыйзам долбоорлору чыгымды талап кылса, анда алар демилгелерин алгач өкмөт башчы менен макулдашышы шарт, акыркысы каалаган убакта ал долбоорлорго бөгөт кою укугуна ээ.

Өкмөт жана парламент ортосунда конфликт чыга турган болсо, күч премьер-министр тарапка өттү. Эгер буга чейин өкмөт башчы Жогорку Кеңешке ишеним көрсөтпөө укугунан бир жылда бир гана жолу колдонууга мүмкүн болсо, эми каалаганча пайдалануу укугу берилди.

Ошондой эле премьер-министр бир эле убакта өкмөт башчы жана Жогорку Кеңеш депутаты болуп, пленардык жыйындарда добуш берүү мүмкүнчүлүгүн алды.

Жалпысынан референдум аркылуу Баш мыйзамга соңку жолу 40ка жакын өзгөрүү кирди.

Алардын эң маанилүүлөрү бийлик бутактарына тиешелүү болгон беш: 70, 72, 75, 81 жана 87-беренелери экени айтылат. Бирок алар азыркы президенттин мөөнөтү бүткөндө, 2017-жылдын 1-декабрынан баштап иштей баштайт.

Конституциябы же бийликтин саясий регламентиби?

Убактылуу өкмөт мүчөсү, экс-Башпрокурор Азимбек Бекназаров Баш мыйзам азыркы турушунда мамлекеттик эмес, бийликтегилердин документи болуп калды деген пикирде:

“Жарым жыл мурда Атамбаев референдум өткөрөм дегенде мен айткам: эгерде өзгөртөлү десек жалпы саясий коомдун 25 жылдагы кызыкчылыгын эске алып оңдойлу дегем. Тилекке каршы, биздин үндү уккан жок. Ошондуктан Конституция азыркы бийликтин колундагы эле документ эмес, чын-чынына келгенде азыркы Баш мыйзам азыркы бийликте отурган саясий күчтөрдүн регламентине окшоп калган, бул мамлекеттик документ эмес”, - деди Азимбек Бекназаров.

Кыргызстандын биринчи Баш мыйзамы легендарлуу парламент тарабынан 1993-жылдын 5-майында кабыл алган. Анда Конституция бир жыл бою жазылып, 10 миң кишиден сунуш-пикирлер келип түшкөнү маалым. Коомдук талкуудан өткөн документти парламент эки ай бою талкуулап анан кабыл алган.

Алгачкы Конституция бир жагынан күчтүү президент, экинчи жагынан чечүүчү ролго ээ болгон парламентти шарттап, бийликтин тең салмактуулугун сактап турганы айтылат.

Бирок бул тең салмактуулук көпкө созулган эмес. Улам жаңы келген бийлик аны өз ыгына жараша өзгөртүп, толуктап, түзөтүп келет.

Акаевдин тушунда негизги документ 1994, 1996, 1998 жана 2003-жылдары толукталып, өзгөртүлгөн.

Бакиев бийликке келгени 2006-жылы ноябрь жана декабрь айларында эки ирет жаңы Баш мыйзамга кол коюлуп, үчүнчүсү 2007-жылы референдумда кабыл алынган.

Апрель окуясынан кийин 2010-жылы Конституция кезектеги түзөтүүлөргө учурап, 10 жылга чейин өзгөртүү киргизилбесин деген норма да кабыл алынган.

Бирок 2016-жылы 11-декабрда Башмыйзам референдум аркылуу дагы редакцияланды.

Ошентип Баш мыйзам 24 жылдык тарыхында тогуз ирээт өзгөрүүгө дуушар болгон.

Башмыйзамга карата өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесине дагы деле чекит коюлары арсар.

Референдум өткөнүнө бир жыл айланбай бир катар саясий топтор Башмыйзамга дагы өзгөртүү киргизүү боюнча демилгелер көтөрүп жатат. Алардын бири Кыргызстанда өздөрүн улуттук мекенчил күчтөр деп атаган 30га чукул партиялар жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү Элдик курултайды бийликти көзөмөлдөөчү күч катары Конституцияга киргизүүнү сунуштап жатышат.

“Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү менен курултай институтун бийликти көзөмөлдөчү орган катары кабыл алуу. Ушул гана максатты колдойбуз. Буга чейинки өзгөртүүлөр кайсы бир бийликте отурган чакан топтун кызыкчылыгы үчүн өзгөртүүлөр болуп келген. Элдин кызыкчылыгы үчүн өзгөртүү болгон эмес буга чейин. Мына биз биринчи жолун элдин кызыкчылыгын коюп жатабыз. Эл менен бийликтин байланышын бекемдегени жатабыз. Бийлик жакшы түшүнсө, биз аларга жакшылык кылганы жатабыз”,- деди коомдук ишмер Чолпонбек Абыкеев.