Жураев: коопсуздук маселесинде Франция дүйнөлүк саясатка таасир этет

Франциянын президенттик шайлоосун бул жолу ири партиялардын өкүлү уткан жок Сүрөттүн автордук укугу REUTERS
Image caption Франциянын президенттик шайлоосун бул жолу ири партиялардын өкүлү уткан жок

Эммануэль Макрон кыска убакытта “тажрыйбасыз саясатчыдан” Франциянын президентине айланды. Көптөгөн эксперттер ал президенттик кызматын шайлоодогудай ийгилик менен өтөй алабы деген суроону коюуда.

Анткени айрымдары, аны шайлоо үгүтүн гана ийгиликтүү жүргүздү десе, айрымдары салттуу партиялардан колдоосу жок, ири саясий маселелер боюнча туруктуу позициясы жок дешүүдө.

Би-Би-Си бишкектик эл аралык маселелерди талдоочу Эмил Жураев менен маектешти. Андан адегенде саясатта тажрыйбасы аз деп бааланган Макрондун жеңишинин себептерин сурады.

Эмил Жураев: Макрондун шайлоону жеңишине бир канча фактор таасир этти. Биринчиси, анын атаандашы Марин Ле Пенди Франция бийлигине келтирбөөнүн амалы. Анткени анын оңчул, улутчул партиясы акыркы шайлоолордо негизги партияларга чоң атаандаш болуп келатат. Экинчиси, албетте, Марин Ле Пендин сөздөрүн, саясатын француз жарандары кабыл алган жок. Көп түрдүүлүккө, мигранттарга карата терс мамилеси көп жарандарга жаккан жок. Үчүнчүдөн, Ле Пен бийликке келсе, балким, Брексит сыяктуу Франция да Евробиримдиктен чыгууга камдана башташы мүмкүн болуп калмак. Дагы бир фактор Макрон Франциянын Орусия менен пикири келишпеген саясатын уланта берчүдөй.

Би-Би-Си: Сиз айткандай, Марин Ле Пенди тандабаш үчүн Макронго добуш беришти деген анализдер басымдуу болуп жатат. Андан сырткары Макрон 66 пайыздан көп добуш алган менен, шайлоочулардын 25 пайыздан ашыгы экөөнө тең добуш берген эмес. Макрон элди кандай башкарат деп ойлойсуз?

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption 20-апрелде Парижде полицияга ок чыгарылгандан кийин, коопсуздук чаралары күчөтүлгөн

Эмил Жураев: Ооба, 25% акыркы шайлоолордогу эң көп көрсөткүч экен. Бул өтө көп сандагы шайлоочулар Франциянын саясатына, саясий системасына ишенбейт же кызыкпайт дегенди билдирет. Ушул өңдүү дагы бирмаселе – Макрон негизги партиялардын өкүлү эмес, социалист де эмес, консерватив да эмес. Ал өз алдынча талапкер катары келип, жеңишке жетти.

Калыптанган партиясы колдоосу жок өлкөнү кантип башкарат деген жаңылык турат. Бирок менимче Франциянын парламентиндеги солчулдар, консервативдер деле колдогонго мажбур болот. Анткени бул кишинин либерал, социалдык адилеттүүлүк боюнча көз караштары алардыкына жакыныраак.

Би-Би-Си: Ачык болбосо дагы, Орусия президенти Марин Ле Пенди кабыл алып, талапкерлерге мамилесин билдирди. Ал эми Барак Обама Эммануэль Макронду колдоорун айтты. Эл аралык саясатта Макрондун ролу кандай болот?

Эмил Жураев: Тилекке каршы акыркы кезде чоң саясатчылар башка өлкөнүн шайлоо өнөктүгүнө катышып жатат. Бирок шайлоо өткөндө ошол боюнча калбайт.

Орусия менен Евробиримдиктин жетекчилиги бир мунасага келбеске аргасы жок. Анткени шайлоодон сырттагы климатта ар тараптын пикир табууга өз кызыкчылыктары бар.

Би-Би-Си: Франциядагы, дегеле региондогу шайлоочулар үчүн талапкердин Евробиримдикке мамилеси чоң роль ойнорун көрүп келатабыз. Ал эми Франциянын бүгүнкү күнү чөлкөмдөгү жана дүйнөдөгү орду кандай?

Эмил Жураев: Франция Германия менен катар Евробиримдиктин өзөгүн түзгөн ири мамлекеттердин бири. Эгер Франция Евробиримдикке көңүлкош мамиле кылса, анда Германия жалгыз калат.

Франциянын азыркы дагы бир мааниси коопсуздукту сактоодогу ролу менен динге, мигранттарга мамилеси. Ал жерде ири террордук акттар орун алды. Ошондон кийин мигранттар, Европадагы коопсуздук, жада калса дүйнөдөгү коопсуздук боюнча башкы ролду ойноп калды. Анын коопсуздук боюнча иш-аракетинин багыты дүйнөлүк саясатка сөзсүз таасир этет.

Франция мусулман аялдардын паранжа кийүүсүн, мектепке хиджап кийип барууну тыюу боюнча чечим чыгарды. Ал жакта ушул өңдүү тирешүүлөргө жол берилди. Эгер либералдуураак болуп, маданий көп түрдүүлүккө артыкчылык берген лидерлер келсе, Франция үчүн да, Европа үчүн да, дүйнө үчүн да жакшы.