Кыргызстанда Жеңиш күнү майрамдалууда

Президент Алмазбек Атамбаев баштаган мамлекеттик жетекчилер "Түбөлүк отко" гүл коюшту
Image caption Президент Алмазбек Атамбаев баштаган мамлекеттик жетекчилер "Түбөлүк отко" гүл коюшту

Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиш күнүн майрамдоо иш чаралары баш калаа Бишкекте жана бардык региондордо өтүп жатат. Бишкекте майрамдык башкы салтанат Жеңиш аянтында болду.

Президент Алмазбек Атамбаев баштаган мамлекеттик жетекчилер Бишкекте Жеңиш аянтындагы "Түбөлүк отко" гүл коюшту. Ошондой эле Жеңиш аянтында митинг-реквием өттү.

Image caption Жеңиш аянтында Улуттук куралдуу күчтөрдүн жоокерлери тизилип, марш менен басып өтүштү.

"Улуу Ата мекендик согуштагы жеңиштин 72-жылдыгын белгилеп жатып, биз согуш талааларында өлбөч-өчпөс элеси калып курман болгондордун алдында баш ийип таазим кылабыз. Алар биздин жана жалпы адамзаттын асманы ачык болсун үчүн өмүрүн беришкен”,-деди президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн куттуктоо сөзүндө.

Президент өзүнүн сөзүндө Улуу ата мекендик согуштагы жеңиш мурдакы 15 союздук республиканын биримдигинин натыйжасында болгонун баса белгилеп, соңку жылдары Россияда бир тууган элдерди бөлүп жарган ксенофобия көрүнүштөрүн колдогон адамдардын улам активдешип жатканын айтып, сынга алды.

Image caption Бишкекте шаардын түштүк дарабазасынан «Ѳлбөс полк» жүрүшү башталды.

Бишкекте шаардын түштүк дарабазасынан 'Ѳлбөс полк' жүрүшү башталды. Анын катышуучулары Жеңиш аянтына чейин барышат.

Майрамдын алдында согуштун катышуучуларына 15 миң сомдон мамлекеттик акчалай жардам таркатылды. Ошондой эле ар кандай ишкана-уюмдар согуш ветерандарын чакырып, сый көрсөтүштү.

Кечинде майрамдык салтанат Бишкекте салют атуу менен жыйынтыкталат.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Кыргызстанда Жеңиш күнү майрамдалууда

Кыргызстандан дүйнөлүк экинчи согушка 365 миң адам аттанып, 160 миңден ашууну кан майданда курман болгон. Алардын ичинде 74 адамга согуштагы эрдиктери үчүн Советтер Союзунун Баатыры деген жогорку наам ыйгарылган. Азыркы күндө дүйнөлүк экинчи согушка катышкан советтик жоокерлердин ичинен жети жүзгө жетпеген гана жоокер калды.

Тема боюнча башка макалалар