Нарындык жоокерди издеп келген украин кызы

Саяк Жунусов менен Галина Жунусова Украинада
Image caption Саяк Жунусов менен Галина Жунусова Украинада

Экинчи дүйнөлүк согуш Филипптин кызы Галина Жунусованын тагдырын чийип, мекенин алмаштырып, азыркы карылыктагы жашоосун да аныктады. Украин кызы согушка барган кыргыз жигиттин артынан тоолуу Нарынга келип, жарым кылым жашады, Кыргызстанга келгенине туура 65 жыл болуптур.

Каз кайтарган украин кызы

Галина апа быйыл 87 жашка кирерин, Украинаны сагынганын айтып аңгемебизди баштады.

Мекенине акыркы жолу 2013-жылы барып келген. Экинчи дүйнөлүк согуштун арты менен Кыргызстанга келин болду. Карылыкка моюн сунгуча Украинага тынымсыз каттап турган.

Галина Жунусова 1931-жылы Украинанын Винницк облусунун Казатинск районунда төрөлгөн. Согуш жылдарында тестиер кыз эле. Алар жашаган айылда немистер партизандарды үймө-үй кыдырып издечү экен:

“Ошондон биз немистерди жаман көрүп калдык да. Бир күн каз кайтарып жүрсөм жүк ташучу машина менен келип, каздын баарын автомат менен атып салышты”.

Image caption Галина Жунусова акыркы он беш жылдан бери Бишкекте турат

Жини менен конторага барган атасы ушунун айынан бир жылга камакка алынган.

Бир жолкусунда төрт партизанды атканын көрүшкөн.

Каз кайтарып жүрүп жарылган снаряддан жарадар болгон аскерди таап, аны ата-энеси менен эч бир көзгө көрсөтпөй баккан учур да болгон.

“Борборазиялык” аскер менен махабат

Ээй, Саяк Жунусов деген 1943-жылы согушка барды. Берлинге чейин жетти. Бердичев шаарына келип, кызмат өтөп туруп калды. Ал жерде танк участкасында кызматка калды”, - деп улантты сөзүн Галина апа.

Танк участкасы Острогго кототрулганда ал жерде аскер жигиттер болор эле, арасында нарындык Саяк Жунусов бар.

“Острогго мен 1947-жылы педагогикалык училищеге окууга баргам. 1949-жылы биз тааныштык. Бийге барчубуз, ал мени узатчу... Ошентип 1951-жылы 21-апрелде биз никеге турдук. Өзү кыргыз да, менин колумду сурады. 1952-жылы Тамара аттуу кыздуу болдук”.

Ата-энесине барышат.

Image caption Жунусовдор кызы Тамара менен

“Атам Саяк менен кетүүмө уруксат берген жок. “Борбор Азия каякта, кандай экенин билесиңби, ал жака барсаң өлүп жок болосуң” деди. Саяк кийин чакыруу жиберем деп Кыргызстанга кетти”, - деп эскерет Галина апа.

Кызынын атасын издеген узак сапар

Чакыруу келгенде Галина Жунусова алты айлык кызын койнуна кысып, ата-энесине айтпай, Кыргызстанга жөнөп кеткен. Ал кайсы күн экенин, ар бир учурун эстеп жүрөт:

“Ал мурда кетти да, 14-сентябрда баланы көтөрүп алып эле мен келдим. Нарын, Ак-Талаа, Дөрбөлжүнгө келдим”.

Өзү азыр минтип 65 жыл өткөндө жай гана эскерди. Бирок транспорт, байланыш жок, чоочун жердеги сапарды элестетүү кыйын. Жолдошунун Нарындан, Ак-Талаа районунан экенин гана билчү. Ымыркайы менен райондун борбору Дөрбөлжүнгө келип түшүп, кайда барарын билбей отуруп калган:

Image caption Жунусовдордун үй-бүлөсү кызы Тамара, небереси Руслан менен

“Военкоматка бардым, атын, фамилиясын айтып ушундай келгенби десем, жок дешти. Кызымы алып, чемоданым менен кечке чейин отурдум. Кечинде маңдайында түрмө бар экен, ошол жака алып барышты. Ал жерде нөөмөтчүнүн жанында отуруп, кечинде камалып турган бир орус кыз бар экен ошо менен түн өткөрдүм. Эртеси эртең менен кайда барарымы билбей, кайра военкоматка бардым. Ак-Кыянын селсоветин чакыртышты, Тентимиш келди. Ал келип Саяк буудай өткөргөнү Нарынга кетти деди. Тентимиш менен Үгүткө келдик”.

Кайсы бир учурда жолдошу келет. Галина апанын үнү өзгөрүп, аны өзгөчө кубаныч менен эстеди:

“Аңгыча Саяк келип калса болобу?! Ошо жерде кучакташып, ал да ыйлап, мен да ыйлап... Төө менен Нарын суусунан өттүк. Тамараны Саяк өзү алды. Ак-Кыяга Тентимиштикине келдик. Анда Моймол бар болчу. “А у тебя дома нету, что ли” деп сурадым да, үйгө барабыз да, Тентимиштикинин эмне кереги бар? Жок, Тентимиштикине жатабыз деди”.

Image caption Апасы студент кызы менен

Галина апа сөзүн улады:

“Ага чейин эле кайненем келсе болобу. Эч нерсеси жок, бир чапан, бир дамбалы бар. Ыйлагым келип, араң эле турдум. Кайненем Тамараны алып кетти, эмне берди, кантип карады билбейм. Биз ошол жерде түнөдүк”.

Галина апа “бир гана максат койгом, кызымды атасыз калтырбайын дегем” деди.

Тиргилик түптөө

Ошентип эртеси күнү үйүнө барышыптыр.

Image caption Баккан баласын үйлөнгөнчө караган

“Же там болсочу. Үстү жок, асты жок, эшик, терезе, эч нерсеси жок. Эми кудай урбадыбы. “Сенин үйүң ушубу” дедим. Ушу деди. Асилдер бар анда. Бир шып алып келишти. Үстүн ачып туруп жаптык. Шабидинге айнек алып барып кестирип, кичинекей терезеге койдук. Эми кудай урбадыбы, ушинтип жашайбызбы дедим, кайра кеткенге же тыйыным жок”, - деген Галина апанын тиричилиги мына ушинтип башталыптыр.

“Мени Районого алып бар, иштейм дедим. Төөгө минип Районого бардык, анда Искенов болчу. Мага жумуш берди, Саяка бербей койбодубу, аскердик билетин көрсөтүп мектепте дене тарбиячы болмок да”.

Маегибиздин баштан аягына чейин, өмүрүн түрө эскерсе да кайненеси тууралуу жаман да, жакшы да сөз айтпады. Бирок жолдошунун карындашынын кызы, жээн кайын сиңдиси Салтанат Абдыраева таэнеси катуу киши болгонун кошумчалады:

Image caption Кызы Тамара уулу менен каза болордон бир-эки жыл мурда

“Таэнем “капыр” деп келининин колунан өмүр бою чай ичкен жок. Динди катуу кармар эле. Төркү бөлмөдө таякем менен таажеңем жатса, ал сырткы бөлмөдө мештин жанында жатчу. Ошол мештин жанында бурчта идиш-аягын бөлүп алып, өзүнчө чай ичип, өзүнчө тамактанчу”.

Бир топ эле кыйналыпсыз, эмнеге кетип калган жоксуз деп сурадым. Дагы да болсо кызын ойлоптур. Балким ал учурда бир адамга баш кошуп, бүлө күткөн соң ажырашуу, өз жанын ойлоп кол шилтөө деген жат болсо керек. Анын үстүнө кийин Украинага кышын-жазын каттап эле турчумун деди.

Галина апа айтпай кеткен боюнча үйүнө беш жыл кабар бербептир. Борбор Азиянын кайсы жеринен экенин да айткан эмес экен. Күйө баласынын аты, фамилиясы менен Москва аркылуу издеп, табышыптыр.

Image caption Галина апа кайын сиңдилери менен кабарлашып турат

“Беш жылдан кийин атам артыман издеп келди. Ак-Кыяда он күнчө турду. Аны тияк-бияка чакырып коноктошту. Беш жаштагы Тамараны алып кетти”, - деди Галина апа.

Кызыңызды алып келдиби анан дедим шаша. Анткени Галина апа бир нарындык кыргыздын артынан издеп келген себеби кызын атасыз калтыргысы келбегени экенин айткан:

“Ал учурда Саяк түрмөгө түшүп калбадыбы. Жумуш жок, эч нерсе жок. Кой, берейин деп бербедимби. Кызым экинчи классты бүткөндө келди, өзүм барып алып келдим. Онду бүттү, Фрунзеден окуду, экономист”.

Саяк Жунусов мектепке алынбагандан кийин Ак-Кыяда селсоветке катчы, кийин өмүр бою бригадир болгон.

Теңир-Тоодо тың жашаган украин кызы

Image caption Кыргызстандык украин кызы азыр да кол өнөрчүлүк менен алек

Украин кызы эч нерсе өспөгөн огородду дүрдүйнө жашылча-жемиш менен толтуруптур. Аны да кайын сиңдиси эскерет:

“Алмаларды тикти. Помидору чакадай болуп бышат, бадыраңы, огороддо баары болот. Кышында капустаны челекке туздап жеп чыкчубуз. Курут, майды кылып илип коёт. Абдан берекелүү киши эле. Үйүнөн конок кетчү эмес, тамактарды шумдук даамдуу жасачу. Баарыбыз анын үйүндө эле чоңойдук. Апамдар эки уул, эки кыз болгон. Кайнисинин эки баласын ушу киши багып, бой жеткизди”.

87ге кирсе да шайдоот келген, улам ар жерде үнүн көтөрүп же күлүп койгон Галина апа улады:

“Байкуштар пияз эмне экенин билишпейт. Жарымын сурап алса, жарымын уурдап кетишет. Алманы бирди берип койчу балага витамин деп сурап келишет”.

Кыргызча сүйлөп, кыргыздын оокатына аралашып кеткен Галина апа айылдын алдыңкы ууздарынан болуптур. Ал шырбаган шырдак, жасабаган ала кийиз, сайма калган жок дешет.

Учурунда айылдын баарына орусча үйрөткөн да ушу киши экен.

“Бир мектепте 40 жыл иштебедимби. Фрунзеде Жемпедден жогорку билим алып бардым”, - дейт ал.

Тамарадан башка балалуу болушкан эмес. Ал да 2008-жылы дүйнө салыптыр. Абышкасы 2002-жылы өтүптүр.

“Жетимишке чыкканда кашка атты семиртип соёбуз десе, өзү өлүп жатпайбы. Элүү жыл жашамакпыз да. 2002-жылы Бишкекке келдим, кызым Ак-Кыяда эми жалгыз эмне кыласың деп алып келген”

Азыр жалгыз небересинин колунда. Билгендер ал таэнесин жакшы карап жатат дешет. Украинага барсам деген кыялы бар.